Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Академия кайрадан чырга малынды


Ички иштер министрлигинин Академиясынын жетекчисинин орун басары өз кызматкеринен 5 миң доллар талап кылып, бирок 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Академиянын жетекчисинин орун басары Рахматилло Амираевдин иш бөлмөсүнөн мындан сырткары да башка валютадагы ири өлчөмдөгү акча табылганын ачыктады.

УКМК ушул эле окуяга тиешеси бар деген шек менен Академиянын жетекчиси Алмаз Базарбаевди да камакка алды. УКМКнын расмий өкүлү Улан Тилекчороев "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Амираев өзүнүн кол алдындагы кызматкеринен кызматтык маселени чечип берүү үчүн 5 миң доллар талап кылыптыр. Ал жүз миң алып жаткан учурда колго түштү. Иш бөлмөсүн тинтүү учурунда андан башка да ири суммадагы акча чыкты.

Тилекчороевдин айтымында, Академиянын колго түшкөн жетекчилери учурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, аларга Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Жетекчилердин үстүнөн арызданган айым Алтынай Көлбаева Академиянын китепканасынын маалыматтык борборунда иштейт экен. Ал буга чейин окуу жайдын маанилүү документин жоготуп алып, аны кайра калыбына келтирүү үчүн жетекчилик 5 миң доллар талап кылып, айтылган сумманы бербесе каматабыз деп коркутушкан. Көлбаева бул иш боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Бул окуя соңку учурда жалаң чыр-чатак менен коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп келген Академиянын кадырын ого бетер кетиргендей болду. Жогорку Кеңештин депутаты Турат Мадылбеков көп жылдан бери сынга алынып келаткан бул окуу жайды түп-тамырынан реформалоо зарыл деп эсептейт:

- Ушул Академияга, анын ичинде бүтүрүүчүлөрүнө такыр ичим чыкпайт. Ал жерде мыктылар тандалбай, тарбиясы начар экенин дайыма көрсөтүшөт. Коомчулук Академиянын кадыры жок экенин билип бүттү. Эми жетекчилери пара менен кармалганы абдан өкүнүчтүү.

ИИМ реформасы боюнча эксперт Максат Жумабеков Академиянын жетекчилери пара алып кармалганына таптакыр таң калбаганын айтат. Бул окуу жайда паракорлук абдан күчөгөнү коомчулукка деле жашыруун болбой калган дейт Жумабеков:

- Академияга пара берип кирип, пара берип окуп, пара берип диплом алып, анан пара алганы ишке кирип калышты. Окууга келген балдардын баарын бузуп бүтүштү. Грузиядан мисал алышса болмок. Академия кесибине карабай эле жогорку билимдүүлөрдү окутуп, квалификация берген гана окуу жай болуш керек. Болбосо бул окуу жай кантип билим бергенин карабайсыңарбы, бүтүрүү кечеси күнү чечинип алып көчөдө мушташып жүрүшөт. Реформа кылганда да бул окуу жайга такыр башка адамды алып келиш керек, ошол жерде иштегендерди дайындоодон эч нерсе өзгөрбөйт.

"Монте-Карло" эс алуу жайында ИИМ Академиясынын курсанттары мушташа кеткенден кийинки көрүнүш
"Монте-Карло" эс алуу жайында ИИМ Академиясынын курсанттары мушташа кеткенден кийинки көрүнүш
Өткөн жылдын жайында ИИМ Академиясынын бүтүрүүчү лейтенанттары борбордогу "Монте-Карло" эс алуу жайында бүтүрүү кечесин майрамдап жатканда мушташа кетишкен. Алар кафеге бир нече миң сом материалдык чыгым келтирген. Алардын мушташып жаткан учуру тартылган видео интернетке тарап, коомчулук тарабынан катуу сынга алынган.

Соңку убакта милиция, МАИчилердин пара менен кармалган учурлары байма-бай катталууда. Эми минтип милицияны тарбиялаган окуу жайдын жетекчилиги пара менен колго түшкөнү милицияга болгон сын-пикирди дагы күчөттү.

Буга чейин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ИИМдин Академиясын жоюп, анын ордуна жогорку билимдүү кадрларды кайра даярдаган Полиция академиясын жана бир топ кызматтарды, департаменттерди түзүү демилгесин көтөргөн. Мурдагы ички иштер министри Шамил Атаханов да ИИМ Академиясын такай сынга алчу.

Кыргызстанда жарандык коом да, өкмөт өзү да милицияны реформалоо тууралуу аракеттер болуп жатканын 3 жылдан бери айтып келишет. Бирок реформанын жемишинен азырынча такыр дайын жок.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG