Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Чекисттер менен милиция тирешти


Панфилов районуна караштуу Чалдыбар аймагында жергиликтүү милиция менен чекисттердин ортосунда чыккан чыр башаламандыкка айланган окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Окуянын чоо-жайы боюнча ар бир күч түзүмү өзүнчө версияларды айтышууда. Ишти ички иштер, коопсуздук жана прокуратура органдарынын биргелешкен тергөө тобу иликтеп жатат.

Чалдыбарда чыккан чаң

5-июнда Чүйдүн Казакстан менен чектешкен Чалдыбар аймагында кылмышка шектүү жергиликтүү тартип сакчыларын кармоо учурунда райондук прокуратуранын жана улуттук коопсуздук боюнча облустук башкармалыктын кызматкерлери жабыркаган.

Бул тартип сакчылары жергиликтүү фермерден акча талап кылган деп кылмышка шектелишкен. Кармалган беш милиционерди бошотууну талап кылган жергиликтүү жарандар аларды токмоктоп, унааларын талкалаган.

Башкы прокуратуранын маалымат борборунун өкүлү Канат Султанов аталган окуя боюнча алты берененин негизинде кылмыш иши козголгонун белгиледи:

- Кылмыш-жаза кодексинин 318-320-341-348-234-174-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Аталган беренелерде тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, сот адилеттигин жана тергөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу коркутуу же зомбулук аракеттерди жасоо, бийлик өкүлүнө кол салуу жана кызматтык документтерди зыянга учуратуу сыяктуу кылмыш белгилери камтылган.

Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча жергиликтүү беш милиция кызматкери карактоо фактысына шектүү адамды Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө алып бараткан учурда аларды чекисттер токтотуп, кармоого аракеттенишкен. Аларды негизсиз кармоого байланыштуу жүзгө жакын жергиликтүү тургун окуя болгон жерге топтолуп кеткен.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Жусубалиев бул окуя боюнча тергөө бүтмөйүн комментарий бербей тургандыгын билдирди:

- Бул иш тергелип жаткандыгына байланыштуу тергөөнүн этикасына жана кызыкчылыгына байланыштуу мен ал тууралуу комменттарий бере албайм. Албетте ар кимдин өзүнүн айтып жаткан чындыгы бар. Бирок акыйкат тергөө учурунда анын бардыгы орду-орду коюлуп, айыптуулар жазасын алат деген ойдомун.

Кызыкчылыктардын кагылышы

Учурда окуя чынында кандайча болгондугун аныктоо иштери жүрүүдө. Тергөө иштери Чүй облустук прокуратурасына тапшырылды. Иликтөөгө Башкы прокуратуранын, ички иштер жана коопсуздук органдарынын өкүлдөрү биргеликте катышмакчы.

Адистер бул окуяны күч түзүмдөрүнүн ортосунда өз ара кызыкчылыктарды коргоодон улам келип чыккан тирешүү катары мүнөздөшүүдө.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев бул окуяны күч түзүмдөрүнүн ортосундагы жаатташуунун чегине жеткен учуру катары баалады:

- Мурда деле күч түзүмдөрүнүн ортосунда кылмыш иштерин ачууга байланыштуу атаандашуу болчу. Бирок мында кызматтык деңгээлде гана “ким канчалык кыйын иштеп жатат” дегенди көрсөтүү боюнча гана болчу. Азыр мына ошол кызматтык ченден ашып түшүп, эки тарап болуп мушташканга чейин барган учурлар ал кезде болчу эмес. Анан эми ар кандай кызыкчылыктын арты менен минтип кагылышып отурушса, анын аягы жок болбойт. Тартип коргоо органдарында бир гана кызыкчылык болуш керек - кылмыштуулукка каршы күрөшүү. Бирок андай болбой жатат.

Ошол эле кезде талдоочулар бул окуя Чалдыбар чек ара тилкесиндеги аткезчиликти көзөмөлдөөгө байланыштуу болушу мүмкүн деген жүйөнү келтиришүүдө. Анткени чек арадагы мыйзамсыз соода жүгүртүүнү тартип коргоо органдары жана уюшкан кылмыш топтору калкалап келишкендиги айтылып жүрөт.
XS
SM
MD
LG