Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:19

Абакты аралаган коррупциянын арааны


Бишкектин четиндеги №3 түрмө
Бишкектин четиндеги №3 түрмө

Кыргызстандын абактарында мыйзамсыз жол менен табылган миллиондогон сом көмүскө акчалар айланат.

Бул жазаны аткаруу жайларындагы туташ коррупциянын гүлдөшүн шарттап, мекеме жетекчилеринин ортосундагы кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүдө. Бул тууралуу билдирген парламенттин укук тартиби комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков мындай жол менен жүрүп отурса өлкөдөгү абак жайларындагы абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экендигин эскертти.


Абактардагы “кызмат көрсөтүүлөрдүн” кеңейиши

Мына ошол түрмөлөрдө сойкулук гүлдөп жатканы эч кимдин оюна келбеген нерсе. Ал жакка абак башчыларынын макулдугу менен жеңил ой кыздардын ээн-эркин кирип-чыгып жүрүшкөндүгүн кандайча түшүнсөк болот?
Турат Мадылбеков

Абактардын абалына мамлекеттин көңүлкош мамилеси андагы коррупциянын гүлдөшүн шарттап, кылмыш дүйнөсү жазаны аткаруу тутумуна талап койгон деңгээлге жеткен. Камактагылар менен андагы кызматкерлердин ортосундагы коррупциялык байланыштын жыйынтыгы абак жайлардын коопсуздугуна коркунуч туудурган учурлар катталган.

Парламенттин укук тартиби комитетинин төрагасы Турат Мадылбеков түрмөлөргө чейин жеткен коррупциянын узун кулачы ойго келгис фактылардын орун алышын шарттап жаткандыгына токтолду:

- Мына ошол түрмөлөрдө сойкулук гүлдөп жатканы эч кимдин оюна келбеген нерсе. Ал жакка абак башчыларынын макулдугу менен жеңил ой кыздардын ээн-эркин кирип-чыгып жүрүшкөндүгүн кандайча түшүнсөк болот? Ошондой эле ири өлчөмдөгү маңзаттары киргизилип, сатыла тургандыгы боюнча да маалыматтар бар. Мына ушуга окшогон мыйзамсыз жол менен табылган эбегейсиз акча абактарда айланып жүрөт.

Ошондой эле айрым бир абактарда атайын VIP камералар түзүлүп, камактагылардын кайсы бир катмары үчүн коммерциялык негизде кызмат көрсөтүлө тургандыгы боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигинин мындай көрүнүштөргө чара көрүү аракети катуу каршылыктарга тушуккан. Анткени жаңы жетекчилик абак жайларына сырттан тамак-аш кийирүүгө жана бөтөн адамдар менен жолугушууларды уюштурууга тыйуу салуу демилгесин көтөргөн. Мындан улам абактагы абалдын начардыгын бетине кармаган кызыкдар тараптар каршылык акцияларына чыгышкан.

Жазаны аткаруу кызматынын маалымат борборунун жетекчиси Жолдошбек Бузурманкулов абак жайларындагы мыйзамсыз аракеттер боюнча ички иликтөө иштери жүрүп, айрым абак башчылары кызматтарынан алынгандыгын белгиледи:

- Абактарга сойкуларды алып кирип берген, маңзаттарын ташып кирген сыяктуу мыйзам бузууларды бир дем менен басып токтотуп койууга оор экен. Буга байланыштуу бир нече колониялардын башчылары кызматтарынан четтетилишти. Анан кийин жанагы айтылган жагдайлар иликтенип жатат.


Кызыкчылыктар кагылыштыбы?

Абактардагы абал мамлекеттин көзөмөлүнөн сыртта калып кетип жатат. Бул өтө кооптуу жагдай.
Бакыт Бакетаев

Буга чейин бир катар колониялардын жетекчилери жазаны аткаруу кызматынын жетекчиси Байзаковду кызматтан алуу талабын коюшкан. Буга негиз катары алар жаңы жетекчинин өзүнүн мыйзамсыз иштери тууралуу кайрылуу жасашкан.

Абактарда айланган “кызылдай” акча үчүн кызыкчылыктар кагылышып, “оодарып түшмөй” оюндар күчөп жаткандыгын айткан Турат Мадылбеков өкмөт тармакты тазалоо ишин тез арада колго алууга тийиш деп эсептейт:

- Байзаков жанагы абактардын ичинде орун алып жаткан жат көрүнүштөргө каршы күрөшкөнү менен өзү дагы бир топ кечиликтерди кетиргендиги үчүн жанагы абактардын айрым башчылары мына ошону бетине кармашып, Байзаковго каршы жазып жатышат. Мына ошол эле абактардын жетекчилеринин коррупциялашып кеткен белгилери бар. Мына ошондон улам келишпестиктер орун алууда. Эки тараптан тең ар түрдүү мыйзам бузуулар болгондугу байкалып жатат. Ошондуктан тармакты бүтүндөй тазалап туруп, жаңы жетекчилерди алып келиш керек.


Мамлекет маани береби?


Абак жайларындагы мындай абалды серепчилер мамлекеттеги туташ кризиситин жыйынтыгы катары баалашууда. Серепчи Бакыт Бакетаев өкмөттүн көңүл сыртында калгандыктан абак жайлар мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айлангандыгын мисал келтирди:

- Алар бирин-бири “братва” деп аташып, өздөрүнчө нан табуунун, каражат жасоонун жолдорун өздөштүрүп жатышат. Анан мамлекет аларды карабаса эмне кылышсын. Ошондуктан алар өздөрүнүн мыйзамдарын иштеп чыгышып, ошону менен иш алып барышып, өздөрүнчө эле мамлекеттин көзөмөлүнөн сыртта калып кетип жатат. Бул өтө кооптуу жагдай. Буга өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулууга тийиш.

Ошол эле учурда жазаны аткаруу кызматы тармакты тартипке келтирүү багытында атайын долбоор иштелип чыгып жаткандыгын кошумчалады. Ага ылайык, абак жайларынын коопсуздугун күчөтүү, камактагылардын санын азайтуу жана анын эсебинен алардын социалдык абалын жакшыртуу жагы сунуштала тургандыгы көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG