Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Мыкаачылык мандеми


"Тумар" үналгысынын киши колдуу болгон режиссёру Жаныбек Айдаралиевдин жакындары өлтүргөн адамды тезинен табууну талап кылган акциядан. 21-ноябрь, 2011-жыл.
"Тумар" үналгысынын киши колдуу болгон режиссёру Жаныбек Айдаралиевдин жакындары өлтүргөн адамды тезинен табууну талап кылган акциядан. 21-ноябрь, 2011-жыл.

Соңку кезде Кыргызстанда өспүрүмдөр зөөкүрдүгү күч алды.

Адистер коомдогу социалдык-экономикалык себептер жаштардын психикасына доо кетирип, аң-сезиминде зөөкүрдүктүн күч алышына апкелип жатканын айтышууда.

Кокустан кол салуулардын учурубу?
Сүйлөшүп бара жатып эле артта отурган жаш балдардын бири мойнума трос жип салып, бууганга өттү. Учурунда колумду киргизгенге үлгүрө калып, кармашып жатып качып чыктым...


Элүү жаштагы таксист Омор Мискенбаев 24-ноябрга караган түнү Бишкектин чок ортосунда жүргүнчү жаш жигиттердин кол салуусуна дуушар болду. Анын мойнуна салынган сыйыртмак чыгып кетип, таксист автоунаасын таштап качып кетүүгө үлгүргөн. Чүй облустук милициясы бирөөнүн менчигин мыкаачылык менен олжолоп алууну болжогон бул кылмыштын бетин бир күндүн ичинде ачты.

Жабырлануучу Омор Мискенбаев тажрыйбасы аз жаш кылмышкерлер машинени тартып алуудан мурун аны тындым кылууга аракеттенишкенине токтолду:

- Сүйлөшүп бара жатып эле артта отурган жаш балдардын бири мага кол салып, мойнума трос жип салып, бууганга өттү. Өз учурунда үлгүрүп колумду киргизип калып, кармашып жатып чыгып, эишкти көздөй качтым. Алар эгерде коркутуп эле машинени алгысы келсе, жөн эле айтышмак да. Алар ниетин бузуп, мени биротоло бууп салайын дегенде өзүмдү жоготуп барып анан жандалбастап калбадымбы...

Психиканын бузулушу – кылмыштардын туундусу
Үй-бүлөдөгү жетишпестиктин айынан психикасы жабыркаган балдар агрессияга бат кириптер болуп, мыкаачылыкка барган учурлар көп...


Буга окшогон өзгөчө мыкаачылык менен жасалган кылмыштар ички иштер органдарынын маалымдамаларында ондоп саналат. Айрыкча анда 14 жаштан 27 жашка чейинки курактагылар жасаган карактоо, зордуктоо, денеге оор залал келтирүү жана адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштар көп катталган. Буга акыркы эле фактылардан “Тумар” радиосунун кызматкеринин жана Түптөгү мектеп окуучусунун мыкаачылык менен токмоктолуп, өлтүрүлүшү мисал боло алат.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Жусубалиев өспүрүмдөрдүн оор кылмыштарга барып жатышынын себептерине токтолду:

- Үй-бүлөдөгү жетишпестиктин айынан психикасы жабыркаган балдар агрессияга бат кириптер болуп, мыкаачылыкка барган учурлар көп. Алардын бир нерседен улам, чүнчүгөн, басынган абалынын айынан бир учурда агрессиясы ашып-ташып анан оор кылмышка барып жатышат. Бул балдар менен иштебей койгондун кесепети. Анткени кылмышка жөндөмү пайда боло баштаган балдар менен алдын алуу иштерин ата-эне, мектеп, коом жана мамлекет биргеликте иштеш керек болчу. Мисал үчүн ар бир мектепке бирден балдар менен иштөөчү инспектор керек. Бизде алар жетишпегендиктен улам азыр биздин инспекторлор мектептер менен иштөөгө үлгүрбөй калып жатышат.

Ошол эле учурда адис-психологдор балдардын психикасынын бузулушун мамлекетте зордук-зомбулукту даңазалаган видеофильмдерге жана компъютердик оюндарга чектөөнүн жоктугу менен байланыштырышат. Ошондой эле көбүнчө турмуштун айынан кемсинген, же бирөөлөрдөн кордук көргөн балдар ачууга алдырып, же болбосо атайылап мыкаачылыкка барган учурлар байкалган.

Оштук психолог Акчач Жолдошова чөйрөсүнөн алган терс таасирлерден улам айрым өспүрүмдөр аң-сезимдүүлүгүн жоготуп жатышат деп эсептейт:

- Мына ошол терс таасирлерди өзүнө сиңирген өспүрүм өзүн билбеген абалда ар кандай жорук-жоосундарды жасап жиберүүгө даяр болуп калат. Бул көбүнчө анда пайда болгон стресс,депрессия жана аффектилик абалдан улам келип чыгат. Бирөөнү уруп жатып, өлтүрүп коюшум мүмкүн деген ой андай адамда болбойт. Анткени биздин чөйрөбүз өзү аялуу адамдардын эмоционалдык абалынын күчөп кетишине түрткү берип жатат.

Кылмыш дүйнөсүн “туу тутуу”
Кылмыш дүйнөсүнүн түшүнүктөрүн өз чөйрөлөрүнө жайылтып, аларды туураганга аракет кылган балдар бар...


Мындан сырткары жаштардын тарбиясындагы идеологиялык боштукту кылмыш дүйнөсүнүн түшүнүктөрү ээлеп алган көрүнүштөр байкалган. Айрыкча мында акыйкаттык боюнча кылмыш чөйрөсүндө айтылган жоромолдорго көбү ишенип алган учурлар бар. Мунун натыйжасында оор турмуштан мүңкүрөп турушкан жаштардын маригиналдык катмары жеңил акча табуунун жолдорун өздөштүрүүгө өтүшкөн.

Чүй ИИБинин башчысы Бакыт Жусубалиев буга коомчулуктун кайдыгер мамилеси кедерги болуп жаткандыгына токтолду:

- Мектеп курагындагы жаш өспүрүм балдар уюлдук телефондоруна криминалдык аталыктардын сүрөттөрүн киргизип алышып, аларды кумир тутушкан учурлар байкалган. Керек болсо кылмыш дүйнөсүнүн түшүнүктөрүн өз чөйрөлөрүнө жайылтышып, аларды туураганга аракет кылган балдар болгон. Мунун бардыгы өз учурунда ата-эне, коом жана мамлекет биргеликте иштебей койгондун натыйжасы болду.

Мурда жаш өспүрүмдөр арасында кокустуктан жасалган кылмыштар көп орун алып келсе, кийинки мезгилде өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, же атайылап алдын ала уюштурулган кылмыштардын саны өскөн. Адистер жаш өспүрүмдөрдүн тарбиясын жөнгө салуу үчүн ата-эненин, мектептин жана коомчулуктун жоопкерчилигин көтөрүүнү мамлекет өз мойнуна алышы керек деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG