Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Карыздан кыйналгандар “качкындар бекетинде”


Бишкекте чакан насыя компанияларга карызы барлардын мөөнөтсүз митинги уланууда.

Горький паркындагы карыздан “качкандар бекетинде” ондогон адам проблемаларын чечип берүүнү бийликтен талап кылып жатат.

Чакан насыя берген компаниялар болсо кардарлар акчаны алына жараша алышы керектигин жүйө кармашат.

Боз үй тигип, бир канча күндөн бери митинг уюштургандардын дээрлик баары аялдар. Арасында улгайгандар, орто жашка барып калгандар, бир баласын көтөрүп, экинчисин жетелеген, же кош бойлуу келиндер, кыздар да бар.

Жети балалуу баатыр эне Дилбаркан Бекова Токтогул районунан келген экен. Ал бир канча компаниядан үстү-үстүнө насыя алып, карызы 120 миң сомго чыгыптыр:

- Үйдө эмне оокат болсо алып кетип, ушулардын айынан соттошсок да эч тыянак чыкпагандан “качкындар лагерине” келдик. Менин жалпы 120 миң сом карызым бар. "Финка", "Мөл булак", "Компаньон" жана Айыл банктан алгам. Ушул 120 миң сомдун айласын таппай отурам. Былтыр кыш катуу болуп, малды жут алып, малыбыз кырылды. Бизге бир калак да көмүр жетпейт. Кыштай уйдун тезегин жагып чыкканбыз. Карыздарыбызды жойсун, бийлик элдин акыбалын сурасын деп талап кылып жатабыз.

Алымбүбү Шамырканова Ысык-Ата районунан болорун айтты. Ал эки жыл мурун банктан 350 миң сом алганын, ден соолугу начарлап ооруканага түшүп, соодасы да жакшы жүрбөй, акча төлөп бере албай калганын кеп салды:

- Жакшынакай дүкөн иштетип аткам. Бир жылын төлөп берип бүткөндө бутум баспай ооруп, төрт ай ооруканага жатып калдым. Мен келгиче балам дүкөндөн түшкөн акчаны жол кире кылды, төрт кишиден 15-20 миңден алып банкка төгүштү. Мени ушул жеке карыздар кууратты. Пенсиямды ошолорго бере баштадым. Кайра банкка төлөй албай калдым. Карызымды токтотуп турасыңарбы десем, "төлөйсүң, төлөбөгөндө каякка барасың" деп кууп чыгышты. Ошондон бери Ак үйдүн астында отурам. Тогуз арыз жаздым, бирөөнө да жооп жок. Карызымдын туптуура теңин төгүп бергем. Андан бери үстөк пайызы тууп атат. Азыр карызым канча болгонун билбейм. Карыздарымды беш жыл ары жылдырып берсе деле кутулат элем. Төлөп бербейм дебейм, алып урунган акчамды төлөп берем. Бирок азыр баарын төлөгөнгө чамам жок.

Митингге чогулгандардын баарынын таржымалы дээрлик окшош. Карызын төлөй албай үй-жайсыз, бала-бакырасын бага албай калгандар көп.

Насыя алгандардын укугун коргоо комитетинин төрайымы Динара Назаркулова акча берген компаниялардын күнөөсү бар деп айтты:

- Биз бул жерден кетпейбиз, такай ушул жерде турабыз. Баары эле "төлөй албаса, анда эмне насыя алды" дешет. Балдарыбыз бекер окуса, догдурга бекер көрүнсө, жумушу болсо эл бул насыяларды алмак эмес. Анан калса чакан насыя берген компаниялар акчаны бекер бергенсип тим эле сонун деп эле аябай реклама кылышат да. Анан албетте күрөөсүз насыяны ала беришет. Эң өкүндүргөнү - карыздын теңинен көбүн төлөп койсо деле үйлөрүн алып коюп атат. Эмнеге айырмасын төлөп бербейт?

Митинг уюштургандар алгач чогулгандан тарта эле тартип коргоо органдары менен чатакташууда. 19-сентябрда боз үй тигүүгө аракет кылып жатканда кагылыш болгону кабарланды. Анда митингчилер арасында жаракат алды деген маалыматты шаардык милиция жокко чыгарды.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынан депутат Максат Сабиров "качкындар лагерине" барып кабар алган экен. Депутат бул маселени учурда парламенттик комитет карап жатканын, өкмөттүн, президенттин өкүлдөрүнө кайрылуу жөнөтүлгөнүн, Улуттук банк төрайымынан маалымат алып жатканын “Азаттыкка” айтып берди:

- Бул жерде көбүнчө 2-3 жыл мурун насыя алган адамдар. Ал насыяны төлөй албай калып, кайра башка компаниядан насыя алган. Мыйзам боюнча бир насыяны жапмайынча, экинчиси берилбеш керек болчу. Бул кандайча берилип калганын карап чыгышыбыз керек.

Чакан насыя алып, кутула албай калгандар проблемалары чечилмейинче мөөнөтсүз митингден баш тартпай турганын билдиришүүдө. Мындай акциялар буга чейин Ак үй алдында, жер-жерлерде да өткөн болчу.

Ал арада Коомдук каналда чакан насыя берген белгилүү компаниянын “акчаны алыңа жараша ал” деген жарнамасы кайталап көрсөтүлүп жатат.
XS
SM
MD
LG