Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Иса Өмүркулов акталды


Сот Иса Өмүркуловду актады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы мэр Иса Өмүркуловду тагылган айыптар далилденген жок деген жүйө менен толук актады.

Сот аны менен кошо айыпталган мэриянын бир катар кызматкерлерин да актады.

Түз линк

Иса Өмүркулов мэр болуп турганда шаарда Жеңиш паркынын аянтын мыйзамсыз кыскарткан деп айыпталган болчу. Буга чейин мамлекеттик айыпталуучулар соттон Өмүркуловду 8 жылга эркинен ажыратууну суранышкан. Бирок сот ал өтүнүчтү четке кагып, ага коюлган айыптар далилденбегенин негиз кылды.

Башкы прокуратура 21-февралда Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айыбын угузган. Башкы көзөмөл органынын маалыматына таянсак, Өмүркулов 2011-жылы борбордун Түштүк дарбазасында жайгашкан Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аянтын 16 гектарга кыскарткан токтомду мыйзамсыз кабыл алган. Ал бул чечими менен Жер кодексин одоно бузуп, 16 гектар жерди жеке жана юридикалык жактарга 49 жылга ижарага берип салган деп айыпталууда. Башкы прокуратура маалымдагандай, Жеңиш сейил багынын чек арасы борбордун башкы планы боюнча жана деталдуу мерчемдөө долбоорунун негизинде жалпы аянты 49,92 гектар деп аныкталып, шаардык кеңеш аны 2009-жылы токтом менен бекиткен.

Иса Өмүркуловго карата кылмыш иш 2013-жылдын 2-декабрында козголгон. Баш коргоо чарасын аныктоого өлкөдөн чыгып кетпөө тууралуу тил кат негиз болгон. Ал 4-декабрда өз ыктыяры менен кызматын тапшырган.

КСДП фракциясынын мүчөсү болгон Иса Өмүркулов баш калааны 2010-жылдын апрель айынан тартып 2013-жылдын 4-декабрына чейин жетектеп келди.

XS
SM
MD
LG