Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Алданган, алдаган нигериялыктар


Нигериялык жарандар адамдарды алдоо ниети болбогонун, өздөрү да алдамчылыктын курмандыгы экенин айтууда.
Нигериялык жарандар адамдарды алдоо ниети болбогонун, өздөрү да алдамчылыктын курмандыгы экенин айтууда.

Бишкектеги тил борборунда сабак берген төрт нигериялык жаран алдамчылык беренеси боюнча айыпталууда.

Алардын иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда териштирилип жатат.

Нигерия жарандары Европага жана АКШга иштеп же окуп келүү үчүн дипломатиялык паспорт алууну сунуштап, бир канча адамдан 10 миң доллардан акча алган деп шектелүүдө. Бирок нигериялык жарандар адамдарды алдоо ниети болбогонун, өздөрү да алдамчылыктын курмандыгы экенин айтууда.

10 миң долларга бааланган диппаспорт

Мамлекеттик айыптоочулар сотто африкалык төрт жаранды тогуз жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштады. Аларга Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык", “билип туруп жасалма документ жасоо” жана “мыйзамсыз миграция уюштуруу” беренелери боюнча иш козголгон. Тергөөдөгү маалыматтарга караганда, Бишкектеги American courses тил үйрөтүү борборунда иштеген Нигериянын төрт жараны АКШ, Европа мамлекеттерине тоскоолдуксуз баруу үчүн БУУнун дипломатиялык паспортторун (Diplomatic laisser-passer) алып берүүнү анда окугандарга сунуштаган жана ар бир паспортту 10 миң долларга баалаган. Бул паспорт чек араларды ээн-эркин кесип өтүү укугун бермек.

БУУнун аталган дипломатиялык паспортторун интернет аркылуу Таиланддан алдырышкан жана акчаны да ошол жакка которушкан. Интернеттеги кайсы бир сайтка катталып, ал аркылуу дипломатиялык паспорт алса болорун нигериялык мугалимдерге алардын тааныштары айткан экен. Соттолуучулардын адвокаты Жаманкул Жунусов алар өздөрү да алдамчылыктын курмандыгы болушкан деп эсептейт.

- БУУнун качкындар ала турган дипломатиялык паспортторун Таиланддан жасап жөнөтүшкөн экен. Ал документтерди Кыргызстандын укук коргоо органдары жасалма деп жатат. Бирок ал документтер Таиланддан салынган. Мындай болгон күндө Таиландга которулган акчаны ошол жактагы кайсы бир адамдар жеп кетип жатат да.

Жаманкуловдун айтымында, чындыгында эле эл аралык почта (DHL) аркылуу Таиланддан документтер келген. Ошондуктан, нигериялык жарандарды жасалма документ жасоого барган дегенге негиз жок дейт адвокат. Бирок келген паспорттордун чыныгы же жасалма экендигин эми сот аныктоого тийиш. American courses тил окутуу борборунун өзүн Алмаз деп тааныштырган кызматкери алдамчылыкка шектелип жаткан мугалимдер боюнча буларды билдирди:

- Менимче, эгер алар алдамчылык кылууну каалашса, мурда деле жасашмак. Биз азыр буга ишенер-ишенбесибизди билбей турабыз. Аларды мындай ишке барат деп ойлогон эмеспиз. Эгер айтылгандар чын болсо, анда жоопкерчиликке тартылышы керек. Күнөөсү жок болсо акталат. Баарын сот чечүүгө тийиш.

“Мен да жабырлануучумун”

Нигериялыктардын сунушу менен БУУнун дипломатиялык паспортун алам деп, беш адам алдамчылыктын курмандыгы болгон. Бирок сотто паспорт үчүн аз гана акча бергендер арыздарын артка кайтарып алды. Ал убада кылынган дипломатиялык паспорт үчүн 10 миң доллардан акча бергендердин акыркы үмүтү сотто. Жалпысынан Таиландга дипломатиялык паспорттор үчүн 30 миң доллардан ашык акча которулган. Айыпталуучулардын бири - нигериялык Мособалаж Олажид Давид сотто журналисттерге буларды айтты:

- Мен баарына бир туугандай мамиле кылчумун. Кимдир бирөөнүн акчасын уурдап алуу ниетим болгон эмес жана мен документтерди жасаган эмесмин. Бул жерде мен өзүм да жабырлануучумун. Мени сотто бошотууну суранам.

Тергөөдөгү маалыматтарда, алдамчылык боюнча айыпталып жаткан төрт чет элдик жаран American courses тил окутуу борборунунда иштеп жүргөн кезде өздөрүн АКШнын жарандары деп тааныштырып, нигериялык экендиктерин жашырып келген. Билим берүү боюнча эксперт Аскарбек Мамбеталиев аталган окуяда жеңил ойлуулук кылган деп кыргыз жарандарын күнөөлөйт.

- Чет элдик мугалимдер иштеген курстардын баары ушундай кара ниет деген туура эмес. Беш кол тең эмес дегендей, чет өлкөлүктөр да ар кандай. Алардын ичинде да жакшысы, жаманы бар. Бул жерде алдагандар эмес, алдангандар да күнөөлүү. Алар өздөрү биринчи карап, текшериши керек болчу.

Нигериялык төрт жаранга аталган окуя боюнча кылмыш иши апрель айында козголгон. Алар ошондон бери Бишкектин №1 тергөө абагында камакта. Ал эми аларга карата сот чечими келерки аптада чыгып калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG