Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Жол картасынын тагдыры чечиле элек


Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстандын ири базарларынын иши солгундары айтылууда. "Дордой", 2011-жыл.
Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстандын ири базарларынын иши солгундары айтылууда. "Дордой", 2011-жыл.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча “жол картага” качан кол коёру белгисиз бойдон калууда. Муну кыргыз тарап биримдикке кирүү шартындагы бир катар ажырымдар менен түшүндүрүүдө.

Экономика министрлиги маалымдагандай, өткөн апта соңунда Бишкекте Бажы биримдигине кирүү боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын алдындагы жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда комиссия мүчөлөрү менен Кыргызстан өкүлдөрү “жол картанын” айрым шарттары боюнча бир пикирге келе алган жок. Экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин “Азаттыкка” билдиришинче, “жол картанын” маанилүү саналган алты пункту боюнча мунаса табыла элек:

- Көйгөйлүү 6 пункт боюнча азыркы учурга чейин толугу менен макулдаша элекпиз. Мисалы, бажы аркылуу физикалык тараптардын ар кыл товарларды алып өтүүсүнө жеңилдик берүү. Бул товарлардын ичине автоунаа, биздеги базарларга реэкспорттун негизинде келип жаткан товарлар, жеңил өнөр жай үчүн керектүү болгон ар кыл кездемелер кирет. Буларга Бажы биримдигинин эрежелери менен эмес, жеңилдик менен киргизүүгө аракет кылып сүйлөшүп жатабыз.
Бажы биримдигинин таасири ириде тигүү тармагына тийип жатканы айтылууда. 2011-жыл.
Бажы биримдигинин таасири ириде тигүү тармагына тийип жатканы айтылууда. 2011-жыл.
Муну менен катар өлкөдө каржы жүгүртүү эркиндиги жана озон катмарын бузуучу товарлар тууралуу маселелер ачык бойдон калууда. Данил Ибраев “жол карта” боюнча кезектеги жыйын ушул айдын аягына чейин Москвада өтөрүн, дал ушул жыйында позициялар такталарын кошумчалады.

Ал эми Бажы биримдигине кошулуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, Кыргызстандагы базарлар, соода жана тейлөө ишканалар биримдигинин төрагасы Сергей Пономарев иштелип жаткан "жол картасында" кыргызстандык ишкерлердин кызыкчылыгы болушунча корголду деген пикирде:

-“Жол картаны” биз өзүбүзчө деле талкуулап жатабыз. Анда өз сунуштарыбызды берип, кызыкчылыкты коргогонго аракет кылдык. Менин оюмча, “жол картага” Кыргызстан койгон шарттарда биздин сунуш болушунча эле корголду окшойт. Маселен, Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Кыргызстандын дал ушундай абалда биримдикке кошулуусу болбойт деп күмөн санаганы деле биздин кызыкчылыктардын жетиштүү деңгээлде кеңири жана так корголгонунан кабар берсе керек.

Чындыгында эле Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн бири Казакстандын биринчи-вице-премьери Бакытжан Сагынтаев 9-апрелде Кыргызстандын биримдикке кирүү боюнча “жол картадагы” айрым сунуштарын кабыл албай турганын билдирген. Анда Сагынтаев "Дордой", "Кара-Суу" сыяктуу базарларга жеңилдик берүү боюнча сунуштарын аткаруу мүмкүн эмес деп атаган. Бирок Кыргызстандын премьер-министринин кеңешчиси Олег Панкратов “Азаттыкка” Сагынтаевдин билдирүүсүндө тактай турган жагдайлар бар экенин маалымдады:

- Ал (Сагынтаев - ред.) Бажы биримдигине кирүү боюнча "жол картага" кол коюуда мүчө өлкөлөр баш тартты деп билдириптир. Чындыгында андай эмес. Былтыр декабрь айында Москвада өткөн жыйында Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр өздөрү даярдаган вариантты сунуштаган. Бирок Кыргызстан ага кол коюудан баш тартып, кайра иштеп чыгууну сунуштаганбыз. Азыркы учурда “жол картанын” жаңы долбоору иштелип жатат. Ошондуктан казак вице-премьеринин маалыматы так эмес.
Азамат Акелеев.
Азамат Акелеев.
Негизи Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү “жол картасы" боюнча былтыр декабрь айында кол коёру мерчемделген болчу. Бирок кыргыз бийлиги анда даярдалган картанын долбоору Бишкек менен макулдашылбаганын, улуттук кызыкчылыгы сакталган шартта гана Кыргызстан Бажы биримдигине кирерин билдирген. Андан соң “жол карта” кайра иштелип чыгып, быйыл мартка чейин мөөнөт чектелген. Бирок бул мөөнөттө да кол коюлган жок. Дал ушундай жол менен Кыргызстан биримдикке кошулуу шарттарын такташ керектигин адистер белгилешүүдө. Маселен, эксперт Азамат Акелеев учурда "жол картасында" тактала элек пункттар боюнча Кыргызстан дал ушундай позицияны аягына чейин карманышы зарыл деген пикирде:

- “Жол карта” абдан көлөмдүү документ. Ал абдан көп пункттан түзүлгөн. Ага ылайык, 70ке жакын мыйзамдык акттарды иштеп чыгуу зарыл, аны Жогорку Кеңеш бекитиши керек. Буга чейин такталган пункттар биздин экономика үчүн көп мааниге ээ эмес. Бирок учурда талкууланып жаткан пункттар абдан маанилүү. Ошондуктан анын айланасында келишпестиктер көп болуп жатат. Мына ушул пункттарга Кыргызстан абдан маани бериши керек.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча талкуу акыркы 3 жылдан бери уланып келет. Бул боюнча коомчулукта бир жактуу пикир жок. Коомчулуктун бир даары аны колдосо, бир даары биримдикке кирүүнүн экономикалык кесепеттери менен Орусиянын саясий көзөмөлүндө калабыз деп чочулашат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG