Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Шаршенбаев: Жемкордукка каршы күрөштө өзгөрүү жок


Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн азыркы абалы тууралуу Transparency International Kyrgyzstan уюмунун атайын кеңешинин төрагасы Адылбек Шаршенбаев ой бөлүштү.

- Коомчулук арасында Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш басаңдап калды деген пикирлер бар. Мындай ойлор канчалык жүйөөлүү, сиз эмнени байкап жатасыз?

- Биз жакында аймактарга барып келдик. Сот системасындагы коррупция боюнча азыр иликтөө жүргүзүп жатабыз. Байкашыбызча, бүгүнкү күндөгү акыбал анча деле жакшы эмес. Өзгөрүүлөр боло элек. Cот системасы боюнча биз жолуккан адамдардын баары эле реформа качан ишке ашып, качан бүтөт деп күтүп жатышат.

Андан тышкары, жыл башынан бери мамлекет жетекчилерибиз коррупцияга каршы күрөшөбүз дегендиктен эл аралык уюмдар да өз программаларын сунуштап, бул күрөшкө салым кошконго аракет кылып жатат. Мисалы, эки ай мурда Европа Биримдигинин миссиясы келип кетти. Алар укуктун үстөмдүгү деген багытта атайын программа түзүп, Кыргызстанга жардам берсек деп ойлоп жатат. Эки-үч күн мурда БУУнун өнүгүү программасынан да бир эксперт келип кетти.

- Эл аралык уюмдардын бул жардамын колдонуп, коррупцияга каршы күрөштү жигердүү жүргүзгөнгө бийликтин саясий эрки жетиштүү болуп жатабы?

- Саясий эрк жогорку жетекчилердин сөзүнөн байкалышы керек эле. Бирок эрк жалаң гана сөз менен чектелбеш керек. Ал орчундуу маселелердин чечилиши менен көрсөтүлүшү абзел. Мисалы, кечээ Каржы министрлигинин алдында ачылган жаңы башкармалык жөнүндө жаңылыктардан көрдүм. Алар эки-үч мыйзамдык актыны кабыл алып коюу менен коррупцияны 20 пайызга азайтабыз деп айтып жатышат. Бул анча болбой турган нерсе. Менимче, эки-үч мыйзам ченемдик актылар менен коррупциянын деңгээлин түшүрүүгө мүмкүн эмес.

- Кыргызстанда жемкордукка каршы күрөш жарыялангандан бери бир катар аткаминерлерге кылмыш иши козголгону бар. Эмне үчүн чоң чиновниктерге козголгон кылмыш иштери сотко өтпөй жатат?

- Эми сотко өткөрүш үчүн бир нече жагдайлар сакталышы керек. Бир жагынан, тергөө амалдары абдан тыкыр жүрүшү керек. Экинчи жагынан, коррупцияга аралашкан адамдардын байланыштары бар. Коррупция - уюшулган кылмыш болуп саналат. Коррупционерлердин да байланыштары болгондуктан иштер сотко жетпей калышы мүмкүн.

- Кыргызстанда мурдагы мамлекет башчылары да жемкордукка каршы күрөшөбүз деп ураан чакырганы менен алардан дээрлик майнап чыккан эмес. Бул көрүнүш кайталанбашы үчүн азыркы бийлик канткенде жемкордукка натыйжалуу күрөшө алат?

- Коррупция системалык кубулуш болгондуктан системалуу түрдө бул көрүнүштүн башатына каршы күрөшүү керек. Коррупцияга өбөлгөлөрдү жоготуу керек. Ошондо гана коррупциянын деңгээлин азайтса болот. Бир адамды, аткаминерди алмаштырып, экинчи адамды алып келген менен коррупция жок болуп кетпейт. Ошол эле шарттар сакталып кала берсе, жаңы келген адам да коррупцияга кирип кетиши ыктымал.
XS
SM
MD
LG