Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Турсунбеков: Жаңы менен эскинин күрөшү күчөп турат


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков коррупция тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Атайын иликтөө көрсөткөндөй, Кыргызстанда ишкерлердин дээрлик токсон пайызы коррупция көбөйдү, же ошол эле бойдон калды деп эсептешет экен. Сиз бийликтин партиясынын өкүлүсүз, ишкерлердин дооматы жүйөлүүбү? Алар эмнеге нааразы болуп жатат?

Чыныбай Турсунбеков: Эгерде сурамжылоодо аныкталса, андай дооматтардын негизи бар деп эсептейм. Коррупциянын башкы себептери - өлкөдөгү бийликтин туруксуздугу, али күчүнө кире электиги, кандайдыр бир башаламандыктардан орто звенодогу чиновниктер ооздугун койо берип, каалагандай ичип-жегенине шарттын түзүлүшү болушу мүмкүн. Анткени алар ушундай башаламан учурда өздөрүн эркин, кудай сезип жатышат. Натыйжада алар баягыдай эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ичип-жеп жатышат.
Кадрлардын баары эле ойдогудай иштеп, жалпы саясатка жардам берейин деген ниеттер бирдей эмес.

Ошол эле мезгилде аларга кандайдыр бир жалган ыңкылапчылар да кошулуп, чуру-чуудан пайдаланып "тартып алам, жулуп алам" деген үмүт менен, коркутуу менен чөнтөгүн жылытууга аракет кылып жатат. Мунун баары ишкерлердин жанагындай пикиринин пайда болушуна негиз болуп жатат.

Бизде өзгөрүүлөр, реформалар эми башталып жаткан үчүн дароо таптакыр эле жаңы нерсени күтүү мүмкүн эмес. Мен муну Жогорку Кеңештин өзүнөн да көрүп жатам.

Жаңы менен эскинин күрөшү күчөп турган мезгил. Көпчүлүк учурда реформаны талап кылгандар азчылыкты түзүп калганын көрүп жатам. Көпчүлүк учурда мурдагы системада иштеп калган айрым депутаттар өздөрүнүн эски схемасын пайдаланып дале өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн күрөшүп жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан бул маселе бүгүнкү күндө чындап эле курч болуп турат.

“Азаттык”: Сиз ишкерликтин ачуу-таттуусун тарткансыз, айтсаңыз, ишкерлерге кантип жардам берип колдосо болот?

Турсунбеков: Жакшы мыйзамдарды кабыл алып, ошол мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү керек. Мисалы, айрым бир тармактарда туура кадрларды тандап коюу аркылуу ийгиликтер болуп жатат. Натыйжада бюджетке акчанын топтолушу көбөйдү.

Мисалы, Нарын-Торугарт жолунда бандиттерден баштап, чек ара аскерлери, милиция отурчу. Ар бир машинаны Бишкекке чейин узатып келүү шылтоосу менен көп каражат орто жолдо ар түрдүү адамдардын чөнтөгүнө түшчү. Бүгүнкү күндө буга тыюу салынды. Ишкерлер буга ыраазы. Муну да айтып коюш керек, туура саясат, туура багыт жана көзөмөл болуп жатат.
Коррупциянын башкы себептери - өлкөдөгү бийликтин туруксуздугу, али күчүнө кире электиги, кандайдыр бир башаламандыктардан орто звенодогу чиновниктер ооздугун кое берип каалагандай ичип-жегенине шарттын түзүлүшү болушу мүмкүн.

Тилекке каршы бүгүнкү күндө коалициялык өкмөттүн мүчөлөрүнүн ар кимиси өзүнүн кадрын алып келген. Кадрлардын баары эле ойдогудай иштеп, жалпы саясатка жардам берейин деген ниеттер бирдей эмес. Ошондуктан аракеттердин натыйжасы да кыйын болуп жаткан кез. Бирок мунун баарын жеңип чыкканга шарттар бар. Парламенттик система иштеп, өзүнүн жолуна түшүп келатат. Жакынкы бир канча жылдын ичинде мындай нерселер кыйла азаят деген үмүтүм чоң.

“Азаттык”: Сиз азыр коррупцияны жеңүүдөгү тоскоолдуктарды белгиледиңиз. 7-апрелден кийинки бийлик ыңкылаптын башкы максаты жемсөөлүктү тыюу, ушундан улам бюджетти толтуруу деп билдирген. Коррупцияны ооздуктоо аркылуу бюджетти толтуруу максаты канчалык ишке ашып жатат?

Турсунбеков: Биринчиден, экономиканын өсүшү 6,5 пайыз болду. Киреше 30 пайызга көбөйдү. Экономика 6,5 пайыз гана өсүп жаткан жерде кирешенин ушунча көбөйүшү, орой айтканда, 20 пайыздан көбүрөөк каражат мурда уурдалып, кимдир бирөөнүн, коррупцияга баткан чиновниктердин, бандиттердин чөнтөгүнө кирип келгенин, бул акчалар бүгүнкү күнү бюджетке, мамлекетке түшө баштады дегенди билдирет.

Бул эң негизги көрсөткүч. Мына ушундай нерсе менен гана коррупцияга каршы күрөш канчалык деңгээлде ийгиликтүү, же ийгиликсиз жүрүп жатканын көрө алабыз. Андан сырткары тендерлер ачык өтө баштады. Эң негизгиси – ишкерлер баары бир мурдагыга караганда эркин дем алып, маселелерин ачык чече баштады.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG