Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

"Сүлүктү-Көмүрдүн" жетекчилиги өз жүзүн өзү ачты


Иллюстрация
Иллюстрация

“Сүлүктү-Көмүр” ишканасынын жетекчилигиндеги коррупция боюнча жаңжал күчөп, интернетке жашыруун сүйлөшүүнүн аудиотасмасы жарыяланып кетти.

Интернетте ишкананын кызматтан кеткен жетекчиси, директорлор кеңешинин башчысы жана Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын кеңешчисинин сүйлөшүүлөрү тымызын жаздырылган аудиотасма жарыяланды. Анда козголгон кылмыш ишти токтотуу, директорлор кеңешинин соңку жыйынынын протоколун өзгөртүү тууралуу талаш-тартыш болгон. “Сүлүктү-Көмүрдүн” жетекчилигине байланыштуу буга чейин да бир катар жаңжал катталган эле.

Интернетке чыккан аудиотасмада “Сүлүктү-Көмүр” ишканасынын директорлор кеңешинин жетекчиси Урмат Нурбаевдин, Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Алмазбек Кадыркуловдун кеңешчиси Кубаныч Шатемировдун жана “Сүлүктү-Көмүрдүн” иштен алынган жетекчиси Адыл Абдурахмановдун сүйлөшүүлөрү жазылган. Анда Шатемиров Нурбаевди директорлор кеңешинин жыйынынын протоколуна кол коюуга көндүрө албай жатканы байкалат. Нурбаев болсо Абдурахманов ага каршы жазган арызынан баш тартса жана анын негизинде кылмыш иши токтотулса гана кол коёрун айтып шарт койгон.

Урмат Нурбаев “Сүлүктү-Көмүрдүн” директорлор кеңешинин башчысы болуп былтыр сентябрь айында дайындалган. Анын билдиришинче, Адыл Абдурахманов жетектеп турган маалдагы ишканадагы кыңыр иштер, каржылык мыйзам бузуу тууралуу укук коргоо органдарына быйыл февраль айында кайрылган. Бир айдан кийин ага Абдурахмановдун арызы менен “опузалап акча талап кылган” деген айып менен кылмыш иш козголгон.

Урмат Нурбаев чуулгандуу үн тасманы интернетке өзү жайганын “Азаттыкка” айтып берди жана муну аргасыз чара катары түшүндүрдү. Анын ырасташынча, соңку күндөрү аны кызматтан кетирүү үчүн басым башталды жана Мамлекеттик мүлк фонду Абдурахмановдун кызыкчылыгын ачык коргоого өттү:

- Мени такай шантаж кылып келишти. Кызматыңдан кет, мурунку директор Адыл Абдурахмановду кайра ордуна кой деп коркутуп жатышты. Анын убагында мыйзам бузуулар боюнча мен керектүү органдарга кайрылгам. Ошонун негизинде ага кылмыш иш козголгон. Анан булар мага “пара алды” демиш кылып “көз боёмочулук” деген берене менен кылмыш иш козготуп салышты. Ушундай басым кылып жатышат. Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын кеңешчиси Кубаныч Шатемиров Адыл Абдурахмановдун кызыкчылыгын коргоп жатат. Баарынын эле аттарын ачык айтып, мындан да жаман кылабыз, отургузабыз деп ачык эле коркутуп жатышат. Ал эми Абдурахмановго болсо “Сүлүктү-Көмүрдө” нааразылар көп. Кенчилер мага "кымырып-кымтып кетип жатат, качанкыга чейин ушинтип жүрө беребиз, биз эмне ага малай белек" деп нааразылыгын айткан. Ошол себептен ал жумуштан алынган.

Биз Адыл Абдурахмановдун өзү менен байланыша алган жокпуз. Бирок анын кызыкчылыгын коргоп жатат деген Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Алмазбек Кадыркуловдун кеңешчиси Кубаныч Шатемиров менен телефондон сүйлөштүк. Ал протоколго кол коюуга көндүрүп жатканы тууралуу түшүндүрмө берди. Бирок “Сүлүктү-Көмүрдүн” мурунку жетекчисин директорлор кеңешине киргизүүнү талап кылган жана басым-кысым жасаган деген дооматты четке какты:

- “Акционердик коом жөнүндө” мыйзамга ылайык, директорлор кеңеши ар жылда 1-майга чейин акционерлердин жылдык жыйыны тууралуу протоколго кол коюушу керек. Ал протоколго директорлор кеңешинин жетекчиси гана кол коё алат. Нурбаев болсо өзүнө кылмыш иш козголгонуна шылтоолоп, ошол протоколго кол койбой жатат. Мен болсо Нурбаев менен Абдурахманов экөөнүн ортосунда жаңжал болуп жаткандыктан ортомчу гана болгом. Акционерлердин жылдык жыйынтыгы өтүп, ал протокол менен бекиши керек эле. Болбосо бул фонддун ишине кедергисин тийгизмек.

Ушул тушта Урмат Нурбаевдин жактоочусу Токтайым Үмөталиева Башкы прокуратурага кайрылып жатат. Анын айтуусунда, Нурбаевге кылмыш иш мыйзамсыз козголгон:

- Колунда тиешелүү жок эле бир оперативдүү кызматкерди жөнөтүшүптүр. Ал болсо документтерди бергиле деген жана ошол жердеги эки күбөнү суракка алган. Көрсө ал кызматкердин андай ыйгарым укугу жок экен. Суракка алуу үчүн, мамлекеттик органдан документ талап кылыш үчүн соттун санкциясы керек. Бул ээнбаштыктын туу чокусу. Биз ушул себептен Башкы прокуратурага кат жөнөткөнбүз.

Мамлекеттик азыркы соңку окуя комментарий бере элек. Анткен менен “Сүлүктү-Көмүр” ишканасына байланыштуу чырлуу жагдай Мамлекеттик мүлк фондунун өзүндөгү бир катар маселелерди ашкерелегендей болду. Бул фонд ишкананын 45 пайыз акциясына ээлик кылат.

“Сүлүктү-Көмүрдүн” иши былтыр өкмөттө каралган жана анда ишкана карызга белчесинен батканы, жылда эле план аткарылбай калары айтылган. Ишканада апрель ыңкылабынан бери бир канча жетекчи алмашкан, 2011-жылы башчыны дайындоо ызы-чуу менен кошторлуп, иш соттошууга чейин жеткен, жумушчулар иш да таштаган.

XS
SM
MD
LG