Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Кыргыз учагы Сомалиде мыйзамсыз жүк ташыган


Сүрөттөгү учактын макалага тиешеси жок.
Сүрөттөгү учактын макалага тиешеси жок.

Кыргызстанда катталган учак Африканын Сомали мамлекетинде жасалма документтер менен мыйзамсыз учуп жүргөнү аныкталды.

Буга чейин Кыргызстанга оңдотуу үчүн Ооганстандан келген үч тик учак да камакка алынып, мыйзамсыз аракеттери аныкталган. Ушундай шартта Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети Кыргызстандын авиакомпанияларын кантип Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгарууну талкуулады.

Катталганы Кыргызстан, учканы Сомали

Жарандык авиация департаментинде Sky.KG.Air. атуу авиакомпания жана ага таандык «Ил-18» учагы катталган. Бул учак Сомали Республикасынын борбору Могадишо шаарынан туруктуу каттамдарды уюштуруп турган. Аталган учак шек жаратканбы, Сомалинин тиешелүү органдары ал учак боюнча маалымат берүүнү өтүнүп, былтыр 7-августта Кыргызстанга кайрылат. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдраманов буларга токтолду.

- Жарандык авиация департаментинин расмий электрондук дарегине Сомали Республикасынын авиация бийликтеринен кат келген. Алар жогорудагы учактын техникалык абалы жөнүндө маалымат сурашкан. Жарандык авиация департаменти катка жооп кылып, самолеттун учууга жарамдуулугу жана ээси боюнча күбөлүктөрүн жөнөткөн. Бирок 23-августта Сомалиден алардагы документтер менен Жарандык авиация жөнөткөн документтерде айырмачылык бар экени, бири-бирине дал келбей турганын маалымдаган кат келген.

Сомали, 2-январь, 2014-жыл
Сомали, 2-январь, 2014-жыл
Чыгыш Африкадагы Сомали Республикасы согуштан башы чыкпаганы менен белгилүү. Бул фактыдан кийин Жарандык авиация департаменти комиссия түзүп, документтер жасалма экендигин аныктаган. Транспорт прокуратурасы болсо Sky.KG.Air авиакомпаниясына Кылмыш-жаза кодексинин “эл аралык учуу эрежелерин бузуу” жана “жасалма документтерди жасоо” беренелери боюнча иш козгоду. Жарандык авиация департаментинин өкүлү Сталбек Шаршеевдин айтымында, ал жүк ташуучу учак болгон.

- Sky.KG.Air деген компания бизде көп жылдан бери катталган. Анын “Ил-18” деген жүк ташуучу учагы бар. Кыргызстандан башка өлкөлөргө барып, жүктөрдү ташыйт. Биз анын директорун чакырып, "ушул документтер кайдан чыккан, жооп бериңиз?",- десек, жооп бере албай койду.

Камакка алынган тик учактар тарыхы

Бул авиция тармагындагы мыйзамсыз аракеттерди күбөлөгөн биринчи гана факты эмес. Маселен, 2011-жылы чек арадан мыйзамсыз өтүп, Ооганстандан келген үч тик учак камакка алынган. Анын ээлеринин айтымында, вертолётторду Кыргызстандагы “Манасавиасервис” ишканасына оңдотууга алып келишкен. Бирок бул фактыны иликтей келгенде Кыргызстанда оңдотуу үчүн келген самолет-вертолёттор учууга жарамдуулук мөөнөтүн узартууну, же жасалма документтерди жасоону максат кылары айтылган. Ошол кезде транпорт прокурору Кубанычбек Мамакеев буларды билдирген болчу.

- Сергей Шурпа деген 2004-жылдан баштап Жарандык авиация департаментинин директорунун орун басары болот. 2004-2005-жылдары Шурпа кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, учуу мөөнөтүн мыйзамсыз узартып турган. Ошондой эле чет өлкөдөн келген учак, тик учактарды Кыргызстандыкы деп каттаткан. Азыркы убакта Кыргызстанда 15 тик учак болсо, ошонун 15 клону – жасалма түгөйү бар. Алар чет мамлекетте, Пакистанда, Ооганстанда учуп жүрөт. Балким алар менен маңзат ташылып жаткандыр. Биз ушул жылы бул тик учактарды текшеребиз. Балким жасалма түгөйлөр 15тен да көп болушу мүмкүн.

Бул тик учактар боюнча сот иштери уланууда. “Манасавиасервис” ишканасынын экс-директору Турген Ишеевдин оюнча, Кыргызстанда оңдоп-түзөтүү арзан жана сапаттуу. Чет элдик авикомпаниялар учактарын ошондуктан алып келет.

- Өздөрүндө ушундай эле база бар экендигине карабай, Казакстандын Коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги самолетторун биздин базага келип жасатып жатат. Эгер аларда оңдоо иштери 100 миң долларга айланса, аны Кыргызстанда 45-60 миң долларга гана жасап берет. Ошондой эле биздеги жумушчулар союз мезгилинен бери иштеп жаткан адистер.

“Кара тизме” качан агарат?

Кыргызстандын бардык авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Евробиримдиктин кара тизмесинде. Жогорудагыдай фактылар да өз кезегинде “кара тизмеден” чыгууга тоскоол жаратып келүүдө дешет адистер.

Азыркы убакта Кыргызстанда 15 тик учак болсо, ошонун 15 клону – жасалма түгөйү бар. Алар чет мамлекетте, Пакистанда, Ооганстанда учуп жүрөт. Балким алар менен маңзат ташылып жаткандыр.
Кубанычбек Мамакеев
Кара тизмеден чыгуунун жолдорун 21-январда Жогорку Кеңештин комитети Жарандык авиация департаментиндеги көчмө жыйында талкуулады. Бирок депутаттарды жасалган иш-аракеттер канааттандырган жок. “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нарынбек Молдобаевдин айтымында, азыркы жүрүш менен Кыргызстан кара тизмеден жакынкы жылдары чыгары күмөн.

- 2008-2009-жылдары чоң аракеттер, жумуштар болгон. Андан бери курулай сөздөн башка эч бир иш жасалган жок.

Быйыл августта Эл аралык жарандык авиациянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, авикомпаниялардын, учактардын абалы менен таанышат. Кыргызстандын кара тизмеден чыгаар-чыкпасы ошондо анык болчудай.

Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин маалыматына ылайык, республикада бардыгы болуп 79 учак жана тик учак катталган. Алардын 33үнүн гана учууга уруксаты бар: анын 16сы Батышта жасалган болсо 17си советтик үлгүдөгү самолет-вертолёттор. Кыргызстанда катталган учактардын орточо курагы 23 жыл. Өлкөдөгү учактардын жаңысы 16 жыл мурда, ал эми эскиси 27 жыл мурда чыгарылган.

XS
SM
MD
LG