Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Самаковдун жери өкмөттүн “баш оорусуна” айланды


Бишкектеги жаңы конуштардын бири
Бишкектеги жаңы конуштардын бири

Кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаков сатып алган жерге байланыштуу бир чечимге келе албай жатат.

Башкы прокуратура 28-августта өкмөт жыйынында Чүйдөгү Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүнө таандык 260 ашуун гектар жер тууралуу өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу тууралуу сунуш киргизди. Буга бир катар өкмөт мүчөлөрү каршы болуп, маселе кийинкиге калды.

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу Биримдик-Кут жаңы конушу жайгашкан жер мындан беш жылдай мурун жөнөкөй эле айдоо аянты болчу. Өкмөттүн токтому менен 260тан ашуун гектар жерге үй салууга уруксат берилген жана бакандай конушка айланган. Аталган конуштун тургундары 29-августта чогулушту. Алардын бири Марат жер боюнча маселе чечилбей жатканына нааразы болду:

- Бул жер 2008-жылы трансформация болуптур. Трансформация кылууга 80 аткаминер - айыл өкмөттөн тартып өкмөт башчыга чейин кол коюп, макулдугун берген. Ошонун негизинде кызыл китептер менен жер элге сатылган. Былтыр 12-августта Башкы прокуратура жерди камакка алган. Ошол, бир жылдан бери текшерип жатат. Бир жылдан бери бир жыйынтык чыккан жок. Карапайым элдин үйлөрү камакта турат.

Карганбек Самаков
Карганбек Самаков

Карганбек Самаковго таандык жер боюнча Башкы прокуратура сунуш даярдап, аны 28-августта өкмөттүн талкуусуна койду. Сунуш тууралуу баш прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Мамлекеттик айыптоочулар өкмөттүн жер тууралуу токтомун жокко чыгарууну, бирок ошол жерге түшкөн үйлөрдү мыйзамдаштырып берүүнү сунуштап жатышат:

- Биз ошол 260тан ашык жер мыйзамсыз трансформация болгон деп жатабыз. Анткени тергөөдө бул жерлер мыйзамсыз, кылмыштуу жана коррупциялык жол менен алынганы далилденди. Ал боюнча Карганбек Самаковго айыбын угузуп, камаганга чейин бардык. Эми ошол өкмөттүн токтомун мыйзамсыз деп бузуп бериш керек. Биз бул сунушту өкмөткө киргиздик. Жыйында көтөрүлдү. Анан кээ бир министрликтер токтомдун мыйзамсыз экенин танышпайт, бирок анын кесепети кандай болот, ал жер 1,5 миңдей адамга сатылган деп жатышат. Биз аларга терс кесепет болбойт, алардын баарынын кызыл китептери бар, камактан чыгарып беребиз, силер юридикалык фактыны гана тактап бергиле, токтом мыйзамсыз, ошон үчүн күчүн жоготту деп атабыз.

Айтор, өкмөт азырынча бул маселе боюнча бир чечимге келе албай турат. Жакынкы күндөрү дагы жыйынга чогулмакчы.

Жаңы конуштардын бири
Жаңы конуштардын бири

Быйыл май айында Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаков Чүйдөгү Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүнө таандык 260тан ашык гектар жерди мыйзамсыз трансформацияланган деген айыпталып, “коррупция” беренеси менен кылмыш иш козголгон. Камакка алынып, кайра дароо эле үй камагына чыгарылган. Самаков жер мыйзамсыз менчиктештирилген деген дооматты четке кагып келет.

Биримдик-Кут конушунан бир топ аттуу-баштуу адамдар жер алганы маалым. Айрымдарына Карганбек Самаков өзү белек кылган жайы бар. Алардын арасында бир топ журналисттер да болгону белгилүү.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Назира Ахмедова да коомдук Биринчи каналда кабарчы болуп иштеп турганда Самаковдон белекке жер алганы айтылып жүрөт. Бирок бул жерлерге байланыштуу териштирүү башталганда ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Лебединовкадагы эки жер тилкесин сатарын, баасы 12 миң доллардан экенин жарыялаган.

"Азаттык" Ахмедованын өзү менен байланышканда ал жерди белекке алганын жокко чыгарып, туугандарына таандык экенин айтты:

- Ал жер мага белекке берилген эмес. Самаков мага белекке берген да, мен андан алган да эмесмин. Аны ким айтып жатат? Мен башкаларга караганда ак ниет кардар катары, ошол сыяктуу эле менин туугандарым алган. Негизи Самаковго кылмыш козголгондо эмес, ага чейин эле сатабыз дешкен. Эми сатабы же сатпайбы алардын иш да. Негизи ал жерди журналисттердин көбү эле алса керек. Менин кесиптештерим да алабыз деп жүрүшкөн.

Карганбек Самаковдун Аламүдүн районуна караштуу Байтик жана Кара-Жыгач айылдарынан алган жерлери боюнча доомат айтылып, нааразылык болуп келген. Депутатты Бишкектин жака белиндеги жерлерди мыйзамсыз алган деп айыптагандар бир канча жолу митинг да өткөргөн. Бул жерлер боюнча Аламүдүндүн мурунку акимине да кылмыш иш козголгон.

Жер тилкелери боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев камакка алынган. Ал Самаковдорго ишти жабууну убада кылып, 100 миң доллар пара талап кылганы айтылган.

XS
SM
MD
LG