Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Жети баштуу ажыдаар менен кантип күрөшөбүз?


Кыргызстандын Коргоо кеңеши 30-январда коррупцияга каршы күрөш маселесин талкуулады. Анда президент Алмазбек Атамбаев соттордун, прокуратуранын жана УКМКнын антикоррупциялык комитетинин дарегине олуттуу сын айтты.

Бул арада антикоррупциялык комитет коррупцияга байланыштуу эки ири иш козгоду. Бул коррупцияга каршы күрөштүн чындап эле башталышыбы же кезектеги куру сөз болуп калабы? “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, КСДП фракциясынан Туратбек Мадылбеков жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Марат Иманкулов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Коргонуу кеңешинин жыйыны алдында айтылуу “Мегаком” компаниясынын жетекчилери кармалды. Ага чейин Улуттук электр станциялар акционердик коомунун төрагасынын орун басары коррупцияга байланыштуу кармалган эле. Бул жогорку бийлик менен түз байланышта болгон орто звенодогу чиновниктер. Мына ушул аракеттер коррупцияга каршы чындап күрөш башталганынан кабар береби?

Төрөбай Зулпукаров: 30-январда Коргоо кеңешинде бир эле маселе каралды, бул - коррупцияга каршы күрөшүү. Коомчулукка белгилүү болгондой жакында эле коррупцияга каршы күрөшүү кызматы түзүлгөн. Бул кызмат түзүлгөндөн тарта ийгиликтүү иштер башталды деп эсептесек болот.
Рим империясы да коррупциянын кесепетинен империя катары жоюлуп кеткен. Биздин мамлекетте коррупция эки, же он кишинин камагы менен бүтпөйт.

“Азаттык”: Коргоо кеңешинин жыйыны алдында эки чоң кызматкерге кылмыш иш козголуп, камакка алынды. Ушуну башталыш деп эсептесек болобу?

Төрөбай Зулпукаров: Башталыш деп эсептесек болот.

“Азаттык”: Коомчулукта ишеним пайда болуш үчүн кайсы коррупциялык жаңжалдар иликтениш керек?

Марат Иманкулов: Тарыхка кайрылсак, илгерки чоң империялар, анын ичинде Рим империясы да коррупциянын кесепетинен империя катары жоюлуп кеткен. Биздин мамлекетте коррупция эки, же он кишинин камагы менен бүтпөйт. Бул чоң социалдык маселе, коомубузда тазалануу жүрүш керек. Коом бардык бийлик бутактарына ишенгендей шарт түзүлүш керек. Бул комплекстүү каралыш керек.

Мамлекетте коррупция болбош үчүн бардык шарттар түзүлүш керек, анын ичинде жаңы мыйзамдар кабыл алыныш керек. Азыр коррупцияга каршы кызматына жүктөп коюп, "коррупцияны жойобуз" деген болбогон нерсе. Ал үчүн коомчулук да киришиш керек. Мамлекеттин башына бийликти алдык деп келишти, өздөрү таза болуш керек жана түп-тамырынан баарын тазалаш керек.
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы түзүлгөн. Бул кызмат түзүлгөндөн тарта ийгиликтүү иштер башталды деп эсептесек болот.

“Азаттык”: Эки чоң компаниядагы төрт кишинин кармалышы бизде коорупцияга каршы күрөш башталды деп элге ишеним туудура алабы?

Туратбек Мадылбеков: “Альфателекомго” убагында ар кандай тоскоолдуктар болгон, биздин коррупцияга байланышкан чоң-чоң чиновниктердин байланышы болгон. Азыр тергөө иши башталды, ал аягына чейин жетет.

“Азаттык”: Коррупцияга каршы кайсы орган күрөшүш керек? Өкмөт Каржы полициясын даярдап жатат. Президент Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук кызматын таптап жатат. Мунун соңу коррупцияга каршы күрөш эмес, саясий топтордун согушуна айланып кетпейби?

Туратбек Мадылбеков: Кечээ Коргоо кеңешинде ушул жөнүндө сөз кылдык. Келечекте сөзсүз түрдө коррупцияга каршы күрөшө турган уюм болуш керек. Ага президент да макул болду. Биз тартип коргоо органдарында иштеген профессионал адамдарды ар кайсы кызматтардан тандап алып, бир уюмду түзүп, ошолор иштеп берсе деген жакшы тилек бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG