Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Медакадемия өлкө жетекчилигине кайрылды


Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясы.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясы.

Медициналык академиянын жамааты окуу жайдын аппарат башчысынын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Абдыкерим Гапаров 26-февралда пара алып жаткан жеринен колго түшөрдө жүрөгү кармап каза болгонун билдирген эле. Атайын кызматтын бул аракети коомчулукта бир топ талкуу-талаш жаратты.

Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын жамааты окуу жайдагы кайгылуу окуяга байланыштуу өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоду. Академиянын маалымат катчысы Абибила Пазыловдун айтымында, Гапаровду кармоодо жол-жобо одоно бузулган жана мунун айынан адам өмүрү кыйылган:

- Ондон ашык адам келип, террорчу же болбосо чоң кылмышкер кармап жаткансып, анын оорулуу экенин айтканыбызга карабастан, анын иш бөлмөсүнө эч кимди киргизбей, тинтүүнүн, кармоонун жол-жоболорун одоно бузушкан. Мына ушундай аракеттер адамдын өлүмүнө алып келген. Алар оорулуу адамга тез жардам көрсөткөн эмес, медициналык жардам керек болуп калганын айтышкан да эмес. Адам өлгөндөн кийин аягына чейин турбай, ак-көк дебей, документтерин көрсөтпөй, кайдан келишкенин да айтпастан кетип калышкан.

УКМК атайын операциясы тууралуу учкай маалымат тараткан. Анда ушул жылдын 23-февралында Е.С аттуу жаран Коррупцияга каршы кызматка Абдыкерим Гапаровго чара көрүү боюнча кайрылганы айтылат. Ал жаран чакан дүкөнүн окуу жайга таандык жерге орнотуу үчүн Гапаров андан 30 миң сом талап кылганын, болбосо башка ишкерлерге берип коёрун айтып опузалаган деп даттанган. Ал жердин ижарага бир айлык ижара акысы 2,5 миң сом экенин белгилеген.

Атайын кызматтын билдиришинче, арыздын негизинде 24-февралда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “опузалап пара талап кылуу” деген айып менен кылмыш иш козголгон. Эки күндөн кийин, тактап айтканда, 26-февралда Абдыкерим Гапаров өзүнүн иш бөлмөсүндө 30 миң сомду алып жаткан маалда колго түшкөн жана ошол маалда жүрөгү кармап каза болгон.

Адатта атайын кызмат мындай операция маалында тартылган деген видео тасманы дароо жарыялап жиберет. Бул ирет жөн гана сөз менен чектелиши бир катар күдүк ойлорду, талаштарды жаратты. УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов кармоо маалында пара катары алды деген акча табылбай калган болушу мүмкүн деген жоромолдорду четке какты:

- Биз болгон маалыматты пресс-релиз түрүндө бербедикпи. Ал киши 30 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Азырынча ушул эле маалымат берилет.

Коррупция маселелери боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиеванын баамында, атайын кызматтын соңку операциясына байланыштуу коомчулукта айтылган нааразылыктарга негиз бар:

- Бардык эле кармоо, колго түшүрүү операциялары видеого тартылат. Медакадемиянын кызматкеринин кармалганы тууралуу тасма жок. Андан сырткары УКМКнын дарегине ошол окуядан бери бир топ доомат айтылды. Алар болсо ошондон бери бир үн катып коюша элек, жок деген төгүнгө да чыгарышкан жок, же болбосо биздин кызматкерлердин иш-аракетине баа берилет деген өңдүү билдирүү да жасашкан жок. Ошол иш бөлмөдө отургучтун буту сынганга чейин барса, эгер аны кармоо учурунда кол көтөргөнү такталса, бул адам укугун одоно бузуу болуп эсептелет.

Эркайым Мамбеталиева коррупцияга каршы күрөштө алдын алуу иштери солгун экенин айтып сынга алды:

- Коррупция менен күрөшкөн органдар да өздөрү анализ жүргүзүп, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу иштерине көңүл бурулбай жатат. Ошол эле Медакадемияда кандай коррупциялык тобокелдиктер, шарттар бар экени белгилүү болгон да. Анализ жүргүзүлүп, коррупцияга негиз болчу шарттар жоюлган эмес. Медакадемиянын кызматкери 30 миң сомдук окуя үчүн өмүрүнөн айрылганы өтө өкүнүчтүү. Бирок миллиондорду жеген, чоң коррупционерлер эмнеге кармалбайт деген дагы нааразылык бар.

Медакадемиядагы адам өлүмү менен аяктаган окуяны азыр Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы Октябрь райондук прокуратурасы жана райондук милиция менен чогуу текшерип жатат.

XS
SM
MD
LG