Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Коррупция бар, коррупционер жокпу?


Кыргызстанда жарыяланган коррупцияга каршы күрөш акыркы мезгилде солгундап кеткени коомчулукта айтыла баштады.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги күрөштү жигердүү улантуу үчүн саясий эрк керектигин билдирүүдө.

Каршылыкка кабылган күрөш

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган негизги көрүнүштөрдүн бири катары коррупцияны атаган. Ошого жараша коррупцияга каршы күрөшүү үчүн атайын жардык чыгарып, анда күрөштүн негизги багыттарын, ал тургай чуулгандуу коррупциялык иштердин айрымдарын атаган. Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте атайын кызмат түзүлгөн.

УКМКнын алгачкы соккулары "Мегаком" жана алкоголдук “Аюу” компаниясына урулду.

Андан кийин Башкы прокуратура бир катар депутаттарга кылмыш иши козголгонун кабарлап, “республикачы” Исхак Пирматовдун депутаттык кол тийбестигин алууну парламентке жолдоду. Ал ийгиликке жеткен жок.

Мына ошону менен жалпы коррупцияга каршы күрөштүн деми басаңдай түшкөндөй болду.

УКМКнын башчысы Шамиль Атаханов андай эмес деп ишендирүүгө аракеттенет:

- Биринчиден, биз 47 кылмыш ишин козгогонбуз. Алар азырынча тергелип жатат. Кээ бирлери сотко берилди. Жалпы мамлекетке алып келинген зыян 300 млн. сомдон ашуун. Булардын баары антикоррупциялык кызмат тарабынан ачылган. 10 млн. сом мамлекетке кайтарылды. Бул күрөштү улантуу үчүн саясий эрк керек. Көрүп турасыңар коррупцияга каршы күрөш кандай каршылыктарды жаратып жатканын...

Парламенттин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков коррупцияга каршы күрөш солгундап калганын белгилеп, ал энергетика, салык, бажы тармактарында кала берүүдө дейт:

- Бүгүнкү күндө салык тармагында уурдагандар бир аз азайып калды. Ал эми бажы тармагынан миллиарддаган акчалар түшөт. Быйыл 25 млрд. сом түшөт. Менин эсебим боюнча, 35-40 млрд. сом түшүш керек. Демек, ал жакта да уурдалып жатат. Ал эми энергетика тармагында да ууру жолдор кала берүүдө. Тоо-кен тармагында да бир канча миллиард акчалар уурдалып кетүүдө. Бул жактан жакшы иштесек болот эле.

Мадылбеков тартип коргоо органдарынын бул маанилүү тармактарда коррупцияга каршы иштери байкаларлык эместигин кошумчалады.

Бирде бар, бирде жок саясий эрк

“Жарандык коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова УКМКанын өзүн реформалоо болбогондуктан анын коррупцияга каршы күрөшүндө бүдөмүк нерселер көп болуп жатат дейт:

- Бүгүнкү күнгө чейин көрө элекпиз, канчалык бул институт реформаланганын, адам укугун, акыйкаттык, адилеттүүлүктү сактоо жана тышкы коопсуздукту камсыз кылууда кандай иштерди жасап жатканын. Коррупцияга каршы агенттик ошонун кол алдында. Бирок ал коомдун жана маалымат каражаттарынын көзөмөлүндө болбой жатат. Ошон үчүн элде пикир бар, бул коррупцияга каршы кандай күрөш деген. Ал мыйзам чегинде болобу, же тандоо жолу менен жүрөбү? Кимди кааласа жазага тарта турган...

Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов коррупцияга жол берген системаны өзгөртүү менен коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлүш керек эле деп эсептейт:

- Эң биринчи кезекте соттук-укуктук реформа жасалыш керек эле. Анын ичинде Кылмыш-процессуалдык кодексин, Кылмыш кодексин өзгөртүү жолу менен, соттордун табиятын өзгөртүү жолу менен көптөгөн олуттуу нерселерди жасаш керек эле. Анан кийин таакысы чыккан эски күрөк менен “чоң-чоң айдоо аянттарын” айдай албайсыңда көркөм сүрөттөп айтканда. Өздөрү коррупцияга белчесинен баткан тартип коргоо органдарын, өзгөчө бийликтин саясий куралына айланган прокуратура органдарын түп-тамырынан табиятын өзгөртмөйүнчө кайдагы күрөш?

Жалаң эле кылмыш ишин козгоо, отургузуу жолу менен бул ишти жөнгөрө албайбыз. Мындай жол менен барсак азыркы чиновниктердин 80% камашыбыз керек. Жалпы коомду камоо мүмкүн эмес, деп кошумчалады Байболов. Ал ошондой эле коррупцияга күрөшкө каршы турган тараптын кубаты бийликтикинен кем эместигин, ошон үчүн ал токтоп калганын белгиледи.

Кыргызстанда коррупция мамлекеттик башкарууга айланганын батыштык окмуштуу жазып, аны менен азыркы мамлекет башчысы макул болгон эле. Системага айланган коррупцияга каршы күрөш үчүн саясий эрк керектиги айтылууда. Ал эрк бирде бар, бирде жоктугу күмөн жаратат.

Андан сырткары миллиондогон долларлар тегеренген ажылык сапардын алдында муфтийдин орду үчүн президент аппаратында жогорку кызматкердин күрөшү “коррупция түбөлүк” деген пикирди тастыктайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG