Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Аманбаев коррупция боюнча айыпты каралоо деп атады


Бакыт Аманбаев акыйкатчы болуп 2013-жылы октябрда шайланган
Бакыт Аманбаев акыйкатчы болуп 2013-жылы октябрда шайланган

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев өзүнө каршы каралоо башталганын айтып чыкты. Ал 2005-2007-жылдары КТРКнын рекламалык бөлүмүн жетектеп каржылык мыйзам бузууга барганы айтылган эле.

Коомдук телерадио корпорациясы 5-майда “Ала-Тоо” маалымат программасынын кечки чыгарылышында "Аманбаев аталган корпорациянын реклама бөлүмүн жетектеп турганда миллиондогон сом зыян келтирген" деген мазмундагы сюжет көрсөттү.

Коомдук канал өздөрүндөгү коррупциялык схема тууралуу сюжетте кабарчы Каныкей Жунусова аталган каналдын рекламалык бөлүмүн 2005-2007-жылдары жетектеген азыркы акыйкатчы Бакыт Аманбаев тууралуу кеңири сөз кылды. Эсеп палатасынын 2008-жылдагы аудитин мисал кылып, Аманбаев ири суммада зыян алып келген деп билдирди:

- Ошентип КТРКнын миллиондорун “мойсогон” Бакыт Аманбаев азыр акыйкатчы кызматында отурат. Талдоочулардын айтымында, ал Акыйкатчы институтун жактоочулук кеңсеге айландырды. Эми бул тармак жөнөкөй элдин эмес, эл ырыскысын жегендердин таламын талашууга өттү.

"Ала-Тоо" программасы
"Ала-Тоо" программасы

Бакыт Аманбаев коррупцияга байланыштуу дооматты каралоо деп атады. Анын айтымында, мындай аракет мурунку бийликтин тушунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көрсөтмөсү менен башталган:

- Биз КТРКда жеткиликтүү шарт түзүп, коомдук каналга айландыруу аракетин көрүп, ал иштердин биринчи этабын бүтүргөнбүз. Ошондо мындай аракетибиз Максим Бакиевге жаккан эмес. Ал бир эмес, эки-үч жолу эскертүү берген. Максим Бакиевдин адамдары мени мыйзамсыз жумуштан алып, күч менен эшикке чыгарып салган. Ошондо менин кайрылбаган жерим калган эмес. Бирок ага эч ким көңүл бурган эмес. Тескерисинче, Максим Бакиев мени териштирип, жалган маалыматтарды, фактыларды топтой баштаган. Азыр эми ошол фактылардын кайрадан көтөрүлүп жатышы абдан өкүнүчтүү. Мунун баары жалган. Максим Бакиевдин мага өчөшүп жасаган маалыматтарын кайра алып чыгууга аракет кылып жатышат.

Текшерүүдө ири суммадагы каражат кымырылып кеткени, мамлекет зыян тартканы аныкталган.
Жылдыз Жумабекова

Бакыт Аманбаев коррупция боюнча айыпты өзүнүн ишмердиги, кызматтан алуу аракеттери менен байланыштырып жатат. Буга байланыштуу жакында кайрылуу менен чыгарын билдирди:

- Мен акыйкатчы болуп келгенден бери чыныгы көйгөйлөрдү көтөрүп, ондогон, жүздөгөн адамдардын тагдырына тиешелүү болгон системалуу укук бузууларды айтып, акыйкатчынын тарыхында болбогон жети атайын баяндама даярдадым. Тилекке каршы атайын баяндамаларды кароонун ордуна мени бир жактуу каралап, парламенттен менин отчетумду өткөрбөш үчүн, мени кызматтан алуу максатында жасалып жаткан иштер деп билем. Мен муну ушул бойдон калтырбайм. Жакында мамлекет башчысына, коомчулукка жана эл аралык уюмдарга мындай одоно мыйзам бузуу боюнча ачык кат менен кайрылам.

КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасынын продюсери Жылдыз Жумабекова каралоо деген дооматты четке кагып жатат:

- Фактылар бар. Рекламалык-коммерциялык агенттиктин директору болуп тургандагы коррупциялык схемалары боюнча Эсеп палатасынын текшерүүсү турат. Текшерүүдө ири суммадагы каражат кымырылып кеткени, мамлекет зыян тартканы аныкталган.

Эсеп палатасы Бакыт Аманбаевге байланыштуу текшерүүнү 2008-жылы жүргүзгөн. Аталган палатанын маалымат катчысы Азамат Курамаевдин билдиришинче, зыяндын жалпы көлөмү 49 миллион сомдон ашкан деп эсептелген:

- Бакыт Аманбаев рекламанын тарифтерин негизсиз төмөндөткөн. Эсеп палатасы бул фактыларды Каржы полициясына өткөрүп берген. Андан ары эмне болду деп биз көзөмөлдөй апбайбыз, андай укугубуз жок. Табылган фактылар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. Чечимди ошолор чыгарышы керек болчу. Эмнеге чечим чыкпай калганы тууралуу маалыматыбыз жок.

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

КТРКдагы коррупция тууралуу Байкоочу кеңештин төрагасы Абды Сатаров 4-майда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айтып чыкты. Ал жаңы жетекчи Илим Карыпбеков 2000-жылдан бери келаткан ири корупциялык схемаларды ооздуктап жатат деп билдирди:

- КТРК рекламага өздөрү ээ болбой калышкан. Булар келишимге гана кол коюп беришчү. Калгандарын башка ортомчу фирмалар ишке ашырып жүргөн. Азыр ошол процесстерди токтоттук. Ошол рекламалык берүүчүлөр менен жаңы келишимдерди түзүп жатышат.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков болсо каражатка байланыштуу жагдайлар эми ачык болот деп ишендирүүдө:

- Жамааттын басымдуу бөлүгүнө, дээрлик 95 пайызына КТРКнын рекламасы кандай болуп, кимге сатылат, КТРКнын негизги өнөктөштөрү ким, КТРКга канча акча кандай болуп түшүп жатат дегенди эч ким билчү эмес. Муну КТРКнын башкы директору менен анын төрт-беш ишенимдүү адамы гана билип келген.

КТРКдагы коррупциялык схемалар боюнча Бакыт Аманбаевден башка дагы адамдардын аттары аталып-аталбасы, укук коргоо органдары кандай реакция кылары азырынча белгисиз.

Бакыт Аманбаев акыйкатчы болуп 2013-жылы дайындалган. Эки жылдан бери президент Алмазбек Атамбаев аны бир дагы жолу кабыл алган эмес.

XS
SM
MD
LG