Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Зулпукаров: Ажылыкты уюштуруудагы кыңыр иштер аныкталды


Зыяратчылар Сауд Арабиясында
Зыяратчылар Сауд Арабиясында

Ажылыкты уюштуруудагы кыңыр иштерди иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү, СДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Комиссия кечээки жыйында эмнени талкуулады, бүтүмдү качан жарыялаганы жатасыздар?

Төрөбай Зулпукаров: Ажылык боюнча депутаттык комиссия кечээ акыркы угууну өткөрдү. Ал боюнча эч кандай чечим чыга элек. Биз эми дагы бир жолу отурумубузду өткөрүп, анан чечим чыгарабыз.

“Азаттык”: “Азаттык” ажылык сапарды уюштурууда миллиондогон акчалар дайынсыз кеткенин иликтеп чыккан эле. Сиздер иликтөөнүн жүрүшүндө ага катыштыгы барларды аныктай алдыңыздарбы?

Төрөбай Зулпукаров: Ага тиешеси барларды биз иликтеп жатабыз. Өзүңүздөр билесиздер, тергөө органдары да тергеп жатышат. Бирок сиз айткандай, бул жерде өтө туура эмес нерселер жасалганы анык. Анткени биздин бир топ жарандар ажылык сапарга жетпей, чет мамлекетте чек араларда калып калган. Өзүңүздөр билгендей, Иран жараны алып бараткан визалар кармалган.

Ошондой эле ажылык визанын так санын эч ким айта албайт. 5060, же 4600 киши барган деп аныкталбай жатат. Чындыгын биз иликтеп чечимди чыгарабыз. Кыргызстандын жарандары бул боюнча анык маалыматты билиши керек.

“Азаттык”: Ушул депутаттык комиссиянын курамынын “Ар-намыстын” өкүлү Каныбек Осмоналиев чыгып кетиптир, ал комиссия ишин натыйжалуу жүргүзө албай, чабал болуп жатат деген пикирин билдирген экен. Чынында эле минтип айтканга негиз болуп жатабы?

Төрөбай Зулпукаров: Депуттаттын өзүнүн ыйгарым укугу бар. Биз маалыматты аныктайбыз, элге жеткиребиз. Чечимди сот органдары чыгарат. Ошону менен бирге эле күч органдары да иликтеп жатат. Күч органдарынын милдетин депутаттык комиссия ала албайт. Ошондуктан биз мыйзамдуулуктун чегин гана текшерип ошол эле учурда күч жана сот органдарына өзүбүздүн сунушубузду бергенге гана укуктуубуз.

“Азаттык”: Ажылык сапар боюнча дарегине бир катар сөздөр айтылып жаткан президенттик администрациянын башчысы Эмил Каптагаев келген экен. Буга чейинки комиссиянын жыйындарына чакырткан менен келбей жатат деп маалымдалды эле.

Төрөбай Зулпукаров: Эмил Каптагаев кечээ келди. Биз ага көптөгөн суроолорду бердик. Ал кишинин жардамчысымын деген Бакыт аттуу бала жөнүндө сөз болду. Ал Бакыт деген кармалып тергөө учурунда камакка алынган экен. Кийин эмнегедир шаардык соттун чечими менен үй камагына которулуптур. Каптагаевдин айтымы боюнча, ал Бакыт деген кишини тааныбайт. Жардамчым болгон эмес дейт. Бул дагы тергөө учурунда аныкталып билинсе керек. Анын жанынан өзүн тастыктаган күбөлүктү табышпаптыр.

“Азаттык”: Дин иштери боюнча комиссиянын мурунку жетекчисинин орун басары Канат Мурзахалиловду депутаттык комиссиянын өткөн жолку жыйынынын алдында сабап кетишкен эле. Ал бул жолу талкууга катыша алдыбы?

Төрөбай Зулпукаров: Ооба, ал келди. Дин иштери боюнча комиссиянын деректири Болот Абдрахманов коркуп атканбы, эмнегедир келбей жатат. Биз аны кечээ да чакырганбыз. Мурзахалилов келип өзүнүн ойлору менен бөлүшүп жатат. Анын канчалык күнөөсү бар же жогун сот органдары аныктайт. Биз депутаттар мыйзамдуулукту текшерип, туура чечим чыгарылышын көзөмөлдөп турабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG