Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Жемкордукту жоюунун урааны өзгөрдү


Кыргызстан жемкордук менен күрөштүн ыкмасын өзгөртүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев 12-ноябрда бийликтеги саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу тууралуу жардыкка кол койду.

Ага ылайык, Коргоо кеңештин алдында жумушчу топ түзүлөт. Эмдиги жылдын этегине чейин мамлекеттик бийликтин жогорку бутагындагы коррупциянын себептерин аныктап, мамлекеттик мекеме, министрликтердеги коррупциялык схемалардын бетин ачат.

Коррупцияга каршы күрөштүн алгачкы этабы “ууру түрмөдө отурушу керек” деген ураан алдында өткөн эле. Эми президенттин жардыгы боюнча, коррупцияга каршы күрөштүн жаңы этабындагы башкы милдети - "саясий коррупциянын себептерин жоюу" деп белгиленди.

Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары Темир Жумакадыров саясий коррупциянын көрүнүшү катары кайсы бир саясий күчтөрдүн тар кызыкчылыгы мамлекеттик чечимдерге таасир этишин, партияга карап кызмат орундарын бөлүштүрүүнү атады:

- Саясий коррупция коррупциянын башка түрлөрүнө да өбөлгө болуп жатат. Ошондуктан биз аны өзүнчө бөлүп, себептерин жоюу үчүн чараларды белгилеп жатабыз. Анын эң негизгилери болуп саясий партиялар ар кандай топтордон, же болбосо кандайдыр бир күчтөрдөн каржы жактан көз каранды болбосун деп жатабыз. Шайлоо процесси да жакшы өтсүн деп атабыз. Үчүнчүдөн, кадр саясатын да бир системага келтирип, Конституцияга, укуктук нормага дал келтирүү менен саясий коррупциянын себептерин жойолу деп жатабыз.

Темир Жумакадыров системалуу коррупциянын себептерин жоюу тууралуу түшүндүрмө берди. Келерки жылдын жаз айларына чейин 60тан ашуун мамлекеттик мекеме-министрликте коррупциялык схемаларды таап чыгуу боюнча иштер аткарылмакчы:

- Бир органда эле бири-бирине коошпогон, ар башка функциялар чогулуп калган. Өзү пландаштырат, өзү ишке ашырат, өзү көзөмөлдөйт. Ушунун негизинде коррупциялык чөйрө түзүлүп жатат, коррупциялык иштерди жасап, аны жашырып койгонго мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Системалуу коррупция деп биз ушуну айтып жатабыз. Бир жылдын ичинде биз мамлекеттик органды алып, ошол жерде кандай коррупциялык схемалар бар жана болушу мүмкүн деп изилдеп, ал органдын башчысы менен кеңешип, ошол схемаларды жоюу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилет. Андан сырткары мамлекеттик органдардын функцияларын да караштырып көрөбүз жана кайсы бир функцияларды бөлүп чыгарышыбыз мүмкүн.

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат, Коррупцияга каршы күрөш комитетининин төрага орун басары Бакыт Жетигенов бийликтин коррупцияга каршы мындай аракеттери натыйжа берет деп эсептейт:

- Коррупция менен күрөш дегенде майда-чүйдөдөн баштап өйдө жакка чейин кармоо деген эмес беле. Эми бул жаңы аракеттердин негизги идеясы Кыргызстандын баарын эле камап салбайбыз дегенде жатат. Ошондуктан жемкордуктун кесепети эмес, анын себептерин аныктап, коррупциялык схемаларды токтотуп, бууп коюш керек.

Коргоо кеңештин алдында бийликтин антикоррупциялык саясатын көзөмөлдөө боюнча түзүлгөн жумушчу топтун курамында мурунку экономика министри, ишкер Эмил Үмөталиев да бар. Анын баамында, эң ириде мамлекет менен жарандардын мамилесин өзгөртүү зарыл:

- Коррупция мамлекеттин курамынан, миссиясынан болот. Эң негизги максат – азыркы Конституциянын ичиндеги баалуулуктарды коргоп, мамлекетти жарандан көз каранды кылышыбыз керек. Мамлекет менен коомчулуктун ортосундагы мамилени өзгөртүп, мамлекет коомдун, жарандардын укугун коргогудай мыйзамдарды түзүп, мамлекеттин жарандарга ролун милдеттүү кылып орнотушубуз керек.

Ушул айдын башында Коргоо кеңеши коррупция боюнча жыйын курган. Анда жемкордук мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жараткан деңгээлге жеткени айтылган эле.
XS
SM
MD
LG