Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Көмүр ташуудагы чырмалышкан коррупция


Бишкек жылуулук борбору.
Бишкек жылуулук борбору.

Кыргызстандын энергетика тармагында дагы бир коррупциялык жаңжал чыкты. “Электр станциялары” акционердик коомунун жетекчилигине кылмыш иши козголгондон кийин, Улуттук коопсуздук кызматы Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштуулук боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине көмүр жаңжалы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Чырмалган бул коррупциялык иштердин артында Казакстандагы миллиарддерлер менен жергиликтүү таасирлүү чөйрөлөр турары айтылууда.

Кыргызстандын энергетика тармагын “Ширшовдун схемасы” деп аталган коррупциялык схемалар курчап алганы Бакиевдин мезгилинен бери айтылып келатат. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин дагы анын аңызы токтогон жок. Ага энергетика тармагындагы кризис жана көмүр сатып алуу, электр энергиясын сатуу, тендер өткөрүүдө коррупциялык жанжалдардын чыгышы себеп болууда.

Маселен, быйылкы жылы “Электр станциялары” акционердик коому Бишкек жылуулук борборуна 630 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча тендерди үч жолу үзгүлтүккө учуратты.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана энергетикалык эксперттер тендердин үзгүлтүккө учуратуунун артында бир булактан көмүр сатып алууга мажбурлоо турганын, анын артында болсо коррупция жатканын такай айтып келатышат.

“Электр станциялары” акционердик коому быйыл да кыш жакындап келгенге байланыштуу бир булактан көмүр сатып алууну сунуштап, арзан баа койгон “Жезказган энергосбыт” компаниясын тандап алган.

Бирок Энергетика жана өнөр жай министрлиги “Жезказган энергосбыттын” көмүрүнүн каллориялуулугу төмөн деп сотко берген. Ага удаалаш “Жезказган” менен келишим түзүүгө “Электр станциялары” акционердик коомунун жетекчилигин мажбурлады деп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат 16-сентябрда кылмыш ишин козгогон. Ал кылмыш иштин негизинде Биринчи май райондук соту 29-сентябрда Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Нуртазин Жетибаевди, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери Марсбек Маданбековду жана “Электр станциялардын” коопсуздук кызматынын кызматкери Турсунбек Мамбеталиевди бир айга камакка алууга санкция берген.

“Электр станциялары” акционердик коомунун тендер өткөрүү боюнча комиссиясынын мүчөсү Качкын Булатовдун билдирүүсүнө караганда, “Жезказган” Кыргызстанга 630 миң тонна көмүрдүн бир тоннасын 39 доллар 70 центтен сатуу келишимине кол койсо, “Прогресс компани” андан үч доллар кымбат баа койгон. Ортодогу айырмачылык 2 млн. доллардын тегереги болууда. Мына ушундай акчалардын айынан таасирлүү чөйрөлөр айыгышкан күрөштү башташты. Ал таасирлүү​ чөйрөнүн артында Кыргызстанда көп жылдан бир булактан көмүр сатып келген "Прогресс компанинин" кожоюндары, казакстандык миллиарддерлер Александр Машкевич жана Граф аттуу каймана аты бар Алижан Ибрагимов жана алардын Кыргызстандын жогорку чөйрөсүндөгү өнөктөштөрү турат.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комитетининин мүчөсү Райкан Төлөгөнов Машкевичтердин жана кыргыз бийлигинин өйдөңкү катмарындагы мафиоздук күчтөрдүн кармашынан ушундай абал түзүлүп жатканын чындык деп эсептейт:

- Бул жерде “Электр станцияларынын” кызматкерлери өздөрү эле каалагандай кылып тендерлерди өткөрүп, бир булактан көмүр сатып алуу чечимин кабыл алалбайт. Менин оюмча, жогорку жактан кандайдыр бир мафиоздук топтор, бирөөлөр жасап жатат.

Качкын Булатов да бул коррупциялык ишке жогорку даражалуу чиновниктер аралашкан деп эсептейт. Ал Улуттук коопсуздук кызматы буга чейин көп ирет айтылган маалыматтарга бир реакция жасабай, эми “Жезказганды” баса калышы да шек туудурат дейт:

- Эгерде УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын тергөөчүлөрү таза болсо, патриот болсо, анда “Электр станциялардын” ушул эле бир эле эпизодун албай, жети жылдан берки коррупция болуп жатканын, жети жылдан берки "Электр станцияларынын” жетекчилерин камакка алыш керек, Осмонбек Артыкбаевди да камакка алыш керек. Мына ошондо баары ачыкка чыгат эле.

Качкын Булатовдун айтымында, “Жезказганга” байланыштуу Бишкектеги камакка алуулардын артында Машкевич жана Алижан Ибрагимов турган “Прогресс компани” турат. Алар Кыргызстан бийлигиндеги таасирлүү адамдар менен байланышып, “Жезказган” менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну көздөөдө.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сейитжан Апышев бул мекеменин кызматкеринин камакка алынышы боюнча маалымат бере албасын билдирди

- Ал жерде тергөө териштирип алат. Сот гана күнөөсү бар же жок экенин айта алат. Анын үстүнө биздин маалымат боюнча, ал кызматкер Башкы прокуратурадагы кызматына байланыштуу камалган эместей болуп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөнов да бул чыр-чатак парламентте караларын белгиледи.

Качкын Булатовдун айтымында, казакстандык компаниялар Кыргызстанга эң төмөнкү сапаттагы көмүрдү алып келишет. Алардын чыныгы баасы 10-15- доллардын тегерегинде. “Электр станциялары” болсо андай көмүрдүн бир тоннасын жыл сайын 43-45 доллардан сатып алат. Демек, ортодо чоң суммадагы коррупциялык акча жатат. Маселен, 630 миң тонна көмүрдүн бир тоннасы 40 доллардын тегерегинде болсо, ал 26-27 млн. доллар болот. Анын чыныгы баасы 10-15 доллар болсо, анда анын жалпы баасы 10 млн. доллардын тегерегинде болот. Демек, ортодо 15 млн. доллардын тегерегинде коррупциялык киреше жатат.

Мына ошондуктан канча бийлик алмашпасын энергетика тармагындагы “Ширшовдун ушул схемасы” өмүрлүү болуп келаткандай...

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG