Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Маңзат мафиясына сот “айкөлдүгү”


Кыргызстанда маңзат соодасына байланышкан ири наркобарондор сот жоопкерчилигине тартылбай калган учурлар катталууда.

Ош шаардык соту өткөн айда ири өлчөмдө маңзат ташууга шектелген эки айыпкердин бирин үй камагына чыгарып, экинчисинин айыбын жеңилдеткен.

Ош шаардык прокуратурасы маңзат соодасына шектелген тажик жаранына коюлган айыптоону мыйзамсыз өзгөртүп, ага акчалай гана айып таккан өкүмү үчүн шаардык соттун судьясы Рамазан Кожомкуловдун жоопкерчилигин кароону соттор кеңешине жөнөттү.

Ички иштер кызматы көптөн бери издөөдө жүрүп, зорго кармалган “Лило” деген каймана ат менен белгилүү коркунучтуу кылмышкерди сот үй камагына чыгарып жибергенине нааразы.

Үй камагына “үйрөнүп” алган “Лило”

24-августта “Лило” деген каймана ат менен белгилүү Хайрулло Мамахановду Ош шаардык соту оорусуна байланыштуу деген негиз менен үй камагына чыгарган. 2010-жылдан бери издөөдө жүргөн Мамаханов 21-июль күнү Ошто ири өлчөмдө маңзат менен кармалган.

Оштогу Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Аширбаев ал Оштогу этникалык кагылышууну уюштуруучулардын бири катары кармалып, бирок анда дагы үй камагына чыгарылып, андан ары качып кеткен жагдайга мындайча токтолду:

- Анын үйүн тинтүү учурунда чопкутталган КАМАЗдар, курал-жарак, ок-дары табылган болчу. Ага карата этникалык кагылышууну уюштурду деген шек менен кылмыш иши козголгон болчу. Бирок тергөө учурунда ал белгисиз себептер менен үй камагына чыгарылып, ошол боюнча чет өлкөгө качып кеткен. Издөөдө жүргөн Мамаханов быйыл жайында ири өлчөмдөгү маңзатты Ош аркылуу чет жакка алып өтүүгө аракет кылып жүргөн учурунда кармалган. Ош шаардык соту бул жолу дагы аны үй камагына чыгарып салды. Бул адам маңзат соодасын уюштурган уюшма топтун башчыларынын бири катары каттоодо турган.

Бул ири маңзат соодасы менен алектенгендерди жоопкерчиликтен бошоткон же жаза чарасын негизсиз жеңилдеткен жалгыз учур эмес. Ошто жакында ири өлчөмдө маңзаты менен кармалган тажик жараны Пайрав Назришоевдин жаза чарасы сот тарабынан негизсиз жеңилдетилген жагдай ачыкка чыкты.

Ош шаардык сотунун судьясы Рамазан Кожомкулов соттолуучуга коюлган 247-беренени 246-беренеге өзгөртүп, ага 500 миң сом өлчөмүндө акчалай айып тагуу боюнча өкүм чыгарган. Ош шаардык прокуратурасы бул сот чечимине даттанган. Бул ишти апелляциялык тартипте караган Ош облустук соту айыпкерди 14 жылга эркинен ажыратып, анын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерген.

Сот жоопкерчилиги каралабы?

Башкы прокуратуранын маалымат борборунун өкүлү Алманбет Абдраманов Соттор кеңешине баштапкы сот өкүмү боюнча судьянын жоопкерчилигин кароо сунушу киргизилгенин айтты:

- Ош шаардык прокуратурасы негизсиз жана мыйзамсыз өкүм чыгарганы үчүн судья Кожомкуловду тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизилди. Ал судья чыгарган баштапкы өкүмгө мамлекеттик айыптоо макул болбой экинчи инстанцияга кайрылган эле. Өкүмүнүн негизинде соттолуучу Назришоев баштапкы коюлган айыптоо менен соттолуп, 14 жыл жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимде өтөөгө жөнөтүлдү.

Издөөдө жүргөн Мамаханов быйыл жайында ири өлчөмдөгү маңзатты Ош аркылуу чет жакка алып өтүүгө аракет кылып жүргөн учурунда кармалган.

Ошол эле кезде маңзат соодасына шектелген тажик жаранына акчалай гана айып салуу өкүмүн чыгарган судья Рамазан Кожомкулов Ош шаардык прокуратурасынын дооматына макул эмес. Судья бул ишти сотторду тандоо сынагына баруунун алдындагы ага карата атайын бут тосуу катары кабыл алды.

Ош шаардык сотунун судьясы Рамазан Кожомкулов мамлекеттик айыптоо айыпкердин маңзат сатканын сотто далилдей албагандыктан кылмыш беренеси өзгөртүлгөнүн айтты:

- Соттор кеңешине ошондой сунуш берүүнүн кажети жок болчу. Тергөөдө 247-берене менен соттолуучуга маңзат саткан деген айып коюлуптур. Бирок мен аны 246-беренеге өзгөрттүм. Анткени соттук териштирүү учурунда маңзатын атуу фактысы боюнча факты жок. Башында милиция анын аялы маңзат сактап жүрөт деген маалыматтын негизинде үйдү тинтип, күйөөсү экөөн тең камакка алыптыр. “Экөөңдүн бириң мойнуңа албасаңар, экөөң тең камаласыңар" дегенде күйөөсү мойнуна алган экен. Мүмкүн анын үйүнө атайылап таштап коюшу дагы мүмкүн. Мында маңзатын сатуу боюнча айыпка далил болбогондуктан мен кылмыш беренесин “маңзатын мыйзамсыз сактоо” деген беренеге өзгөртүп, өкүм чыгаргам. Мындай иштер соттук практикада толтура.

Талдоочулар маңзат менен шугулдангандар сот жоопкерчилигинен кутулуу үчүн ишти караган судьяларга ири өлчөмдө пара сунушташарын белгилеп келишет. Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, ири өлчөмдөгү ооган маңзатын Ош аркылуу алып өткөн наркотрафикте 19 наркобарон алектенери жарыяланган. Бирок ушул күнгө чейин ири наркобарондордун көпчүлүгү сот жообуна тартыла элек.

XS
SM
MD
LG