Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Депутат Садыр Жапаровго иш козголду


Депутат Садыр Жапаров "Азаттыктын" студиясында, 19-июнь, 2012.
Депутат Садыр Жапаров "Азаттыктын" студиясында, 19-июнь, 2012.

Элдар Мадылбековго козголгон кылмыш иштин негизинде “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров да шектүү деп табылды.

Жапаров кылмышка кол кабыш кылган деп шектелүүдө. Бирок “Ата-Журт” фракциясы муну Садыр Жапаровдун саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, анын атайын буйрутма катары баалап жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту болсо 17-сентябрда Элдар Мадылбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны 15-ноябрга чейин камакка алды.

Депутаттын илинчеги барбы?

Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн башчысы Каныбек Турдумамбетовдун айтымында, “Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровго кылмыш иш козголду. Аны жоопкерчиликке тартуу үчүн Жогорку Кеңештен кол тийбестигинен ажыратып берүү боюнча өтүнүч даярдалууда. Жапаров Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери Элдар Мадылбековго козголгон кылмыш ишинин негизинде шектүү деп табылууда:

- Чогултулган материалдын негизинде, Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровдун үстүнөн кылмышка аралашканы, алдамчылыкка кол кабыш кылып, имаратты мыйзамсыз сатып алганы боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура тарабынан бүгүн-эртең Жогорку Кеңешке аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу боюнча өтүнүч жиберилет.

Буга чейин Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун Бишкек шаар прокуратурасында иштеген уулу Элдар Мадылбековду мурдагы президент Курманбек Бакиевдердин жакындарына тиешелүү мүлктөрдү жасалма документтер аркылуу өзүнө менчиктеп алган деп, 14-сентябрда камакка алган. Бул жерде сөз Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнүн 74-дарегинде жайгашкан эки кабаттуу имарат тууралуу болуп жатат. Мурда Айыл чарба министрлигине таандык болуп келген ал имаратты 2009-жылы Максим Бакиев өзүнө жаздырып алып, Мамлекеттик мүлк министрлиги аркылуу жакындарына каттатат. Кийинчерээк ал Максим Бакиевдин катардагы айдоочусу, 1985-жылы туулган Станислав Белянин деген жаранга шарттуу түрдө кайра катталган. 2010-жылы апрель окуясынан кийин анын жоктугунан пайдаланып, Элдар Мадылбеков өз тааныштары менен имаратты ээлеп алганын Каныбек Турдумамбетов кабарлады.

7-апрелден кийин аталган имарат тартип коргоо органдары тарабынан камакка алынып, бирок Элдар Мадылбеков аны жасалма жол менен камактан бошоткон экен. Ал үч берене: алдамчылык, күч менен басып алуу жана жасалма документ жасоо боюнча айыпталып жатат дейт Турдумамбетов:

- Азыркы учурда биз тергөөнүн натыйжасында төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдик: 7-апрелдеги революциядан кийин Мадылбеков Элдар Туратбекович өзүнүн жан-жөкөрлөрү менен документтерди бурмалап жасоо жолу аркылуу аларга ээлик кылып, имараттын кулпуларынын баарын алмаштырып, сатуучу издей баштаган.


Чуулган иштер чубалууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00


“Ата-Журт” айыптарды четке кагат

Башкы прокуратура Элдар Мадылбеков имараттын документтерин жасагандан соң кардар издеп, 2010-жылдын жайында ал имаратты “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаровго 500 миң долларга сатканын маалымдады. Бирок башкы прокуратура ал имараттын чыныгы баасы 2 млн. доллардын тегерегинде деп болжоп жатат. Депутат Жапаров болсо аны көпкө кармабастан, Маматов деген жаранга саткан.

Апрель окуясына чейин, тагыраак айтканда Бакиев учурунда Садыр Жапаров өкмөттөгү Коррупцияны алдын алуу боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган кезде 34 жаштагы Элдар Мадылбеков анын кол алдында иштеп, экөө тааныш болгон экен.

Киев көчөсүндөгү сөз болуп жаткан имаратта ушу тапта “Ата-Журт” партиясынын кеңсеси жайгашкан. Башкы прокуратура бул окуяда аталган партиянын жетекчиси, депутат Камчыбек Ташиевдин ролуна да баа бериле турганын, ал Жапаров экөө тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн чакырылганын кошумчалады.

Садыр Жапаровдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми депутат, “Ата-Журт" партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев мында Жапаровдун эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт:

- Турат Мадылбековдун баласы кимден сатып алган, же тартып алганбы, кандайча алган, бул тууралуу анын пешенесине жазып койбогондон кийин ал кезде аны эч ким билген эмес. Ошондуктан ал жерде Садыр Жапаровдун эч кандай юридикалык күнөөсү жок.

Ташиев бул кылмыш ишин Садыр Жапаровдун саясий ишмердүүлүгүнө байланыштырып, анын тизгинин тартып коюуну каалагандар бар деген ойдо.

- Негизинен бул саясатка байланыштуу деп ойлойм. Себеби Садыр Жапаров акыркы айларда көп маселелерди, өкмөттүн, президенттин туура эмес иштерин так жана акыйкат айтып чыгып жатканы ушуга негиз берди го деп ойлойм.

Ташиев “Ата-Журт” партиясы аталган имаратты ижарага гана алып жатканын, партия лидерлеринин имаратка тиешеси жоктугун кошумчалады.

“Мадылбеков кетсин!”

Ушул эле күнү бир катар коомдук уюмдар уулуна кылмыш иши козголгонуна байланыштуу “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, парламенттеги коррупцияга
каршы күрөшүү комитетинин башчысы Туратбек Мадылбековго каршы Жогорку Кеңеш алдында митинг өткөрүп, маалымат жыйындарын уюштурушту. Алардын айрымдары депутат Мадылбеков тергөөгө таасир этет деп, комитет башчылыгынан кетишин талап кылса, кээ бири мандатын да тапшырышы керек дейт. Бирок депутат “Азаттыкка” берген маегинде тергөө ишине кийлигишүү ниети жоктугун айтты.

Ал эми Башкы прокуратура бул кылмыш иши Абдулла Юсуповдун билдирүүлөрүнө байланышы жоктугун баса белгилеп жатат. Буга чейин Бишкектеги убактылуу кармоо жайында камалып турган Абдулла Юсупов деген жаран “Ата Мекен” партиясынын лидерлерин 7-апрелде Бакиевдердин мүлктөрүн тоноого, басып алууга катышы бар деп айыптап чыккан. Бирок “атамекенчилер” анын баарын төгүнгө чыгарган болчу.

XS
SM
MD
LG