Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Курулуштагы “кырылыш”


Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жаңы курулуштар.
Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жаңы курулуштар.

Коргоо министрлигинин офицерлерине берилген үйлөрдү бөлүштүрүүдөгү коррупция, Бишкектеги жана Оштогу мыйзамсыз курулуштар боюнча “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын иликтөөсү.

2014-жылдын сентябрында Жал кичирайонуна 108 батирлүү эки үй Коргоо министрлигиндегилерге тургузулган. Ошондо үйдү тапшырып жатып президент Алмазбек Атамбаев аны алдап жатышканын, коррупциялык схемалар эбак чийилгенин билди бекен? Үй бөлүштүрүүчү комиссияга кирген 13 адамдын 9у, коргоо министринин орун басары баш болуп батирлерди өздөрүнө ыйгарып алганын кандайча түшүнүүгө болот?

Курулуштагы "кырылыш" (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:40 0:00

Кыргызстанда жыл сайын ондогон көп кабат үйлөр, имараттар салынууда. Тилекке каршы алардын көбү мыйзамсыз курулууда жана ал курулуштардын сапаты тиешелүү инспекторлорго белгисиз. Анткени, курулуш ээлеринин арасында экотехинспекциянын инспекторун иш аянтына жолотпогондор да жок эмес. Мыйзамсыз курулуш ээлеринин арасында тилекке каршы, мурда-кийин мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген адамдар да бар.

Курулуштагы "кырылыш" (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:59 0:00

Ош шаарынын тургундары шаардык түштүк-чыгышындагы үч гектар паркка кабат үйлөр мыйзамсыз салынганын айтышууда. Тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер документ боюнча ал жерге үй салууга болот дешет. Кагазда баары туура, ошондой эле кагазда башка адам ээси деп көрсөтүлгөнү менен, шаар тургундары бул иштин артында Ички иштер министрлигинин Ош аэропортундагы аба транспорту бөлүмүнүн башчысы Жалил Атамбаев турат деп шектенишүүдө. Алардын айтымында, Атамбаевдин мындан башка да бир топ бизнестери бар, аймактагы эң таасирдүү адамдардын бири. Парктагы курулуш боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарына да айтышкан, бирок, андан майнап чыккан эмес. Мэрия да бул аймак боюнча соттошууда.

Курулуштагы "кырылыш" (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:51 0:00

  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. ​Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Улан Асаналиев

    "Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Жанарбек Жолдошбаев

    "Азаттыктын" ТВ продюсери. "Бир дүйнө" даректүү тасмалар фестивалынынын жеңүүчүсү (2013). Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган (2006).

XS
SM
MD
LG