Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Банк кутучаларындагы купуя ачылабы?


Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов банк кутучаларынан алынган акча боюнча бийлик ынанымдуу жооп бере электигин сындап чыкты.

Коомчулукта бул иш саясатка айланып керектүү учурда гана көтөрүлүп, убакыт өткөн сайын тергөө органдарынын көңүл борборунан сыртта калып жаткандыгы айтылууда. Башкы прокуратура бул иш аягына чейин иликтенип, банк кутучаларын ачуунун мыйзамдуулугу боюнча маселе сотто каралгандыгын белгиледи.


Боо-боо божомолдор...

Ачкандан кийин алар ачык-айкын коомчулукка көрсөтүп, каражатты мамлекеттин карамагына өткөзүш керек эле...Марат Иманкулов

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов тергөө органдары эки жылга жакын убакыттан бери созулуп келе жаткан банк кутучаларынан алынган акчага байланышкан кылмыш иши боюнча кеңири маалымат берүүгө тийиш деп эсептейт. Ал мурдагы президент Бакиевдин жакындарына таандык деген шек менен банк кутучаларынан алынган акчанын суммасы боюнча түрдүү божомолдор айтылып жаткандыгын мисал келтирди.

Марат Иманкулов бул иш боюнча тергөө органдары коомчулукка ынанымдуу жооп бере албай жаткандыгын сынга алды:

- Эч кимисинен “Биз аягына чейин текшердик, анын жыйынтыгы мындай болду" деген ачык-айкын толук отчетту уккан жокпуз да. Акча уурдалгандыгы же андай эместиги такталыш керек эле. Банк кутучаларына кол салуу – бул мамлекеттин банк системасына болгон ишенимди кетирип койду. Ырас, зарылдыктан улам деп ачкандан кийин алар ачык-айкын коомчулукка көрсөтүп, каражатты мамлекеттин карамагына өткөзүш керек эле. Бирок мына ошол кутучалардан акча алынгандыгы телефондук сүйлөшүүлөр ачыкка чыгып кеткенден кийин билинип жатпайбы.

2010-жылы күзүндө баш прокурор болуп келген Кубатбек Байболов аталган банк кутучалары мыйзамсыз ачылган деген негиз менен кылмыш ишин козгоп, ага катышкан прокуратура кызматкерлерин жумуштан четтеткен. Бирок жакында бул боюнча айыпталышкан Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүлөрү Анатолий Хегай менен Алтынбек Намазалиев шаардын Биринчи май райондук соту тарабынан акталды.

Башкы прокурордун тергөө иштери боюнча орун басары Байтемир Ибраев банк кутучалары мыйзамдын чегинде ачылгандыгы сотто тастыкталгандыгын белгиледи:

- Бизге бул боюнча маалымат берип турган адамдар бар. Алардын аты-жөнүн ачыкка чыгара албайбыз. Эгерде коомчулукка белгилүү болуп калса, аларды өлтүрүп кетиши мүмкүн. Мына бул банк кутучасы тигиге тиешелүү, ал болсо буга таандык деп берилген маалыматтын негизинде биз ошол акчаны таптык да. Анан аларды ачуу тартиби кандай? Биздин кызматкерлер жөң эле бастырып барышып, талап-тоноп алгыдай баштары экөө эмес. Ошондуктан сырттан калыс адамдар, банк кызматкерлери, финполиция, тергөө тобунун мүчөлөрү чакырылып, биргеликте акт түзүп ачып, анан акчаны мамлекетке өткөрүп беришкен. Мунун бардыгы тастыкталып, бул боюнча иште тиркелип турат.


Келме кезекпи же куушкан куугунтукпу?


Байтемир Ибраев 7-апрелдеги козголоңдон кийин Убактылуу бийликтин чакыруусу боюнча баш прокурордун милдетин аткарып турган. Жети айга жакын иштеп, кызматын Кубатбек Байболовго өткөрүп берген болчу.

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов кезинде банк кутучаларын ачуу боюнча кылмыш ишин козготкону үчүн учурда ага карата саясий куугунтук жүрүп жаткандыгына токтолду:

- Жоопкерчиликке тартылып жатышкан тергөөчүлөр ошондой жол менен банк кутучаларын ачууга башкы прокуратуранын жана Бишкек шаардык прокуратурасынын жетекчилери көрсөтмө беришкендигин айтышкан эле. Бирок азыр ага карабастан бардык жагдайларды көз жаздымда калтырышпадыбы. Ошонун натыйжасында мына ошолордун бардыгы акталып чыгышып, бардыгы чогулуп алышып эми “сен бизди отургузам дегенсиң” деп өч алуу максатында мага каршы чабуулга өтүштү.
Президент бул ишке көңүл буруп, ага чекит койууга белсениши керек. Ал ишке кимдердин катышы болгондугу аныкталууга тийиш.Аликбек Жекшенкулов

Жакында айрым маалымат сайттары Кубатбек Байболовго каршы мурдагы кызматтык абалына байланыштуу кылмыш иши козголгондугун жарыялап чыгышты. Бул маалыматты тастыктаган башкы прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев кылмыш ишин козгоого негиз берген жагдайлар туурасында комменттарий берүүдөн баш тартты:

- Иш козголушу козголгон. Бул боюнча кылмыш иши тергелип жатат. Анан кайсы факты боюнча экендигин кийин айтабыз да...

Президенттикке талапкер учурунда Алмазбек Атамбаев банк кутучаларынан алынган акча боюнча кылмыш ишин жеке көзөмөлүнө алаарын убада кылган болчу.

“Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов бул ишке чекит коюлбай жатышын азыркы бийликтин бетине сүртүлгөн көө катары баалады:

- Мамлекет башчысы Атамбаев бул ишке көңүл буруп, ага чекит койууга белсениши керек. Анткени мындан ары дагы мына ушуга байланышкан суроолор бийликтин дарегине карата айтыла берет. Ошондуктан мына ошол ишке кимдердин катышы болгондугу аныкталууга тийиш. Себеби буга байланыштуу телефондук сүйлөшүү жарыяланып, банктын ичиндеги мына ошол окуяны чагылдырган видеотасма интернетке жайылып кетпедиби.

Ошол эле учурда коомчулукта банк кутучаларына байланышкан маселе саясий күрөштүн куралына айланып, анын керектүү учурларда гана көтөрүлө калып жаткандыгы айтылууда. Буга чейин парламенттик комиссия түзүлүп, бул боюнча ишти иликтей баштагандыгы жарыяланган.

XS
SM
MD
LG