Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Мал чарбасын өнүктүрүү менин кыялым


Мектепти аяктап, колубузга аттестат алган күн биз үчүн кубанычтуу да, аянычтуу да болду. Анткени он бир жыл окуган алтын уябыз - мектебибиз менен коштошуп, өз алдынча жашоого аттандык. Албетте он бир жыл окуп, андан соң келечекте кайсы кесиптин ээси болуу жөнүндө ойлонбогон адам жоктур. Мен да келечек жөнүндө ой жүгүртүп көрүп, Айыл чарба институтунан зооветеринария боюнча билим алгым келди. Эгер ушул оюм ишке ашса, ал жалгыз гана мен үчүн эмес, жалпы айылыма пайдасы тиет го дейм.

Мисалы, биз илгертен бери кадимки эле эски кыргыз уйларын багып келебиз, бул уйлар сүттүү да, эттүү да эмес. Ошондуктан эң мыкты сүттүү жана эттүү уйларды өстүрүп, алардын санын көбөйтүү мал доктурдун - менин милдетим болуп саналат.

Бул үчүн малдын ылаңдарын абдан жакшы билишим керек. Андан тышкары уйларды жасалма жол менен уруктандырууну өздөштүрүү зарыл.

Бул тилек - максаттарыма жетүү үчүн бардык күчүмдү жумшап, кыйынчылыктар менен сөзсүз күрөшөм. Бирок ал үчүн мен институтту бүткөндү карап отурбашым керек. Ага чейин эле ветеринария илими тууралуу терең изилдеп, анализдеп, бул жаатта ойлонуп, аракет кыла баштаганым оң болот.

Келечекте тоолуу климатка чыдамдуу болгон, көп сүт берген уйларды алып келүү, сүт багытындагы, эт багытындагы уйлардын санын өстүрүү менин милдетим. Ошол эле кезде илим менен тажрыйбаны айкалыштырып, ветеринария жаатында кандидаттык дисертациямды жактайын деген оюм бар.

Кыскасы аз да болсо өз элиме, өлкөмө пайдамды тийгизсем дейм. Менин келечек жөнүндө пландарым, ой толгоом мына ушундай...

Адилет Асылбеков, Нарын областы, Кочкор району, Комсомол айылы

XS
SM
MD
LG