Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Адабиятка салым кошкум келет


“Билим алуу мектепте аякташы мүмкүн, бирок үйрөнүү өмүр бою уланат” - деген сыңары, мектепти бүтүп жаткан окуучу турмуштун даңгыр жолуна аттанат.

Канат байлап, уядан учуп жаткан ар бир бүтүрүүчүнүн кыял-максаты, аруу тилеги бар. Жүрөгүбүздөн эли-жерибизге кызмат кылган, кыргыздын керегине жараган, ата-эненин ак үмүтүн актаган мыкты инсан болсок экен дейбиз. Кесип тандап, келечекке арыштуу кадам таштаган учурубуз. Дарыя булактын башаты болгон сыңары, билимдин жана тарбиянын башаты үй-бүлө, мектеп жана жогорку окуу жайы.

”Билимдүүлөр асыл жандар, Билим менен бек күчү ишке ашаар" дегендей, Кыргызстан билимдүү, жөндөмдүү, иштерман кадрларга суусап турган маалы. Мен мектептен алган билимимди жогорулатып, жогорку окуу жайына тапшыруу алдында турам. Элдин кызы аталган жазуучу жана журналист болуу менин көптөн берки кыялым. Журналисттик кесипти тандоомо көптөгөн нерселер түрткү болду?

Улуу жазуучуларыбыз Ч.Айтматов, З.Сооронбаева, Т.Касымбеков жана башка залкар инсандарыбыздын жазып кеткен чыгырмаларынын жашообузда тарбиялык мааниси зор. Улуу адамдарыбыздын ойлору, акыл-насааттары жаштар үчүн көөнөрбөс байлык. Мен да келечек муунга пайда алып келе турган, кыргыз адабиятынын жана маданиятынын өсүп - өнүгүшүнө салымын кошо турган китептерди жазсам деген кыялдарым бар . Ал үчүн талыкпаган эмгек жана изденүү талап кылынары айдан ачык.

Америкалык нефтинин атасы, белгилүү монополист Рокфеллердин айыбын ачып, монополияны жок кылууга күч аракетин жумшаган эр жүрөк, тайманбас журналист Ида Тарбелл мени абдан таасирлентип, журналисттик кесипти тандоомо өбөлгө болду. Өлкөбүздө болуп жаткан ар түрдүү саясий кырдаалдар, чечилбей келе жаткан маселелер Кыргызстандын жараны катары мени да ойго салат. Мисалы, жумушсуздук, акыйкатсыздык, иммиграция, коррупция ж.б проблемаларды эл алдына алып чыгып, алардын чечилишине аракетимди жумшап, мекенибизде стабилдүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун орношуна салымымды кошсом дейм.

Көптөгөн бүтүрүүчүлөр ЖРТнын жыйынтыгы менен жогорку окуу жайга тапшырышат. Бизде айыл жергесинде профориентация боюнча семинар, тренингдер көп деле өткөрүлбөйт. Айрым абитуриенттер кесип тандоодо кыйналып калышууда. Менин оюм боюнча бизде профориентация боюнча атайын долбоорлор иштелип чыкса, тренинг жана семинарлар өткөрүлсө жакшы жыйынтык болмок. “Флекс” программасы менен Вашингтонго бир жумалык семинарга барганымда, КМШ мамлекеттеринен келген 100 окуучуга дипломатиялык симуляция өткөрүлдү. Биз океандардагы кризисти талкуулап, келишимдерге кол койдук. Андан өз өлкөбүздүн делегаттары катары презентация жасадык. Симуляциянын жыйынтыгында көптөгөн студенттер келечекте дипломат болорун, бул кесипке абдан кызыгып калышаарын бир ооздон айтышты. Америкада окуп жүргөнүмдө Athens Peer Court аттуу долбоорго катыштым. Ал жакта сот процесси жүрүп, өзүмдү ыктыярчы адвокат катары да сынап көрдүм. Андан соң мектептен журналистика боюнча сабак тандап, практика жүзүндө да журналист катары иштедим. Көп кесипти практика жүзүндө ыктыярчы катары аркалап көрүп, мага журналисттик кесип жагаарына ынандым. Америкадан алган тажрыйбамды Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө бөлүшсөм деген планым бар. Атайын эл аралык долбоорлор менен иштешип, абитуриенттерге кесип тандоодо жардам көрсөтсөм деген оюм бар. Себеби кесип тандоо бул оңой-олтоң иш эмес. Аны менен өмүр бою алек болосуң. Биринчиден, кесип тандаарда өзүбүзгө ушул кесип мага жагабы, коомго пайда алып келеби жана жумуш табылабы деген суроо узатышыбыз керек деп ойлойм. Быйылкы бүтүп жаткан мектеп бүтүрүүчүлөрү туура кесип тандап, коомго чоң пайда алып келишет деп толук кандуу ишенем. Кыргызстан билимдүү, эмгекчил, прогрессивдүү, потенциалдуу, демилгечил, ынтымактуу, интеллектуалдуу жаштардын мекени. Өлкөбүздүн келечеги биздин колубузда!

Гүлнура Тукешова, Нарын облусундагы академик У.Асанов атындагы мектеп лицей – интернатынын 11-классынын бүтүрүүчүсү

XS
SM
MD
LG