Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Отунбаева: Баш мыйзам өзгөрүүгө муктаж


"Кыргызстандын бир жыл мурда кабыл алынган Конституциясында бир катар олуттуу алешемдиктер бар" деп билдирди президент Роза Отунбаева. Ал 5-майда Баш мыйзамды кабыл алуу күнүндө ага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын сунуштады.

Мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев Баш мыйзамды жеке басар бийлигине баш ийдиргендиктен, эки революцияга алып келгенине көңүл бурган Кыргызстандын азыркы президенти Роза Отунбаева бир жыл мурда кабыл алынган Конституция да алешемдиктерден куру эместигин белгиледи.

“Бирок бул идеологиялык эмес, укуктук жактан кетирилген кемчиликтер” – деди мамлекет башчысы:

- Турмуш жана практика көрсөткөндөй, Баш мыйзамда айрым так эместиктер бар. Ошон үчүн тиешелүү толуктоолорду киргизиш керек. Баш мыйзам мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ким аныкташы керек экендиги так көрсөтүлгөн эмес.

Элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдиги президент аркылуу болот деп жазылган. Бирок Баш мыйзамда ким Конституциянын, адам укугунун жана эркиндигинин кепили боло тургандыгы даана көрсөтүлбөй калыптыр. Ошондой эле парламенттик коалициянын келишимин түзүүнүн жана кол коюунун шарттары аныкталган эмес
.

Кемчилик кимден кеткен?

Былтыр элдик референдум аркылуу бекиген Баш мыйзамда ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду 2020-жылга чейин киргизүүгө мүмкүн эмес деген жобо бар. Бир жыл мурда Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөт андай алешемдиктер бар экенин айтышкан эмес болчу.

Жаңы Баш мыйзамдын демилгечиси жана авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев айтылган сын пикирлер боюнча комментарий берген жок. Ал тек гана жаңы Баш мыйзамдын башкы максаты бийликтин бир адамдын колуна топтолушуна каршы багытталганын белгиледи:

- Мурунку саясий системада бийлик менен “касал” болуп ооругандын дабасы болгон эмес. Бийликтеги адам ага тойбостон укуктардын баарын бир колго жыйнап алып, өзүм билемдикке өтүп кетип турган.

Бүгүнкү Баш мыйзам болсо мына ошондой аракеттерге каршы туруп, бир адамга же алардын тобуна бийликти узурпациялоого мүмкүндүк бербейт. Бул тең салмактуулукту кармоого жана саясий атаандаштыкка ыңгайлашкан шарттарды ичине камтыйт. Конституция биздин, сиздин маселени түздөн-түз чечип бербейт. Ал жайыл дасторкон же болбосо сыйкырчы таяк эмес. Ал болгону жарандардын укуктарынын корголушуна өбөлгө түзөт.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү: Өмүрбек Текебаев, Эркин Алымбеков, Медер Абдиев, 4-май, 2010-жыл
Мамлекет башчысынын Баш мыйзамдагы алешемдиктерди оңдоп-түздөө зарылдыгы боюнча айтканы Кыргызстанда парламенттик башкарууга каршы маанайдагы саясий күчтөрдүн чырагына май тамызгандай болду.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров “парламенттик башкарууга жол ачкан азыркы Баш мыйзам бир жылга жетпей өмүрү кыска экенин көрсөттү” деп “Азаттыктын” окурмандарынын суроолоруна жооп берип жатып белгиледи:

- Мен көргөн билгенимди өткөн жылдан бери эле айтып келе жатам: бул Конституция Кыргызстанды туңгуюкка алып келчү жол, ал көп маселени чече албай турган жана тескерисинче бардык көйгөйлөрдү жарата турган болуп калды деп айткам. Аны мына ошол Баш мыйзамды өзгөртүүнүн башында тургандар эми гана байкап жатышкандыгы таң калычтуу. Бул жол менен барсак мамлекеттин келечеги болбойт деп мен ошондо эле эскерткен болчумун.

Конституцияны оңдоо оңой эмес

Кантсе да былтыркы Баш мыйзамды иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөлөрү ага өзгөртүү киргизүүнүн кыйынчылыгын белгилеп жатышат. Анткени анда президенттикке келген адам өз бийлик укуктарын кеңейтүүнү каалаган учурда да аны ишке ашырууну укуктук жактан тосмо койулган жоболор киргизилген.

"Азаттыктын" архивинен: Курманбек Бакиев жаңы Конституция тууралуу мыйзамга кол коюп жатат, 23-октябрь, 2007-жыл
Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси Ишенбай Кадырбеков анын бири катары Баш мыйзамда президенттен мыйзам чыгаруу демилгесинин алынып салынгандыгын айтты:

- Тарыхта туруктуулук жана тең салмактуулук болбосо анын аягы эмне менен бүтөөрүн көрдүк. Бизде бул иммунитет болуп калды. Ошондуктан келечекте бул Баш мыйзам көпкө чейин жашай турган туруктуу болот деген ишеним бар.

Анан калса ар ким бийликке келе калып, оюн жүргүзбөсүн үчүн биз бул Баш мыйзамдын үстүнөн иштеп жатканда президенттен мыйзам чыгаруу демилгесин алып салганбыз.

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө он жылга чейин укугу жок. Мына ошондуктан президенттикке барабыз деген азаматтар мына ошол жагдайлар менен тааныша элек болсо керек. Ошондуктан өзгөртө койобуз деп жатышса керек. Бирок алардын мындай каалоосун ишке ашыруу укуктук жактан деги эле мүмкүн эмес.


Президент Роза Отунбаеванын Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча сунушу саясий чөйрөдө күдүк ойлорду пайда кылууда. Эми кайрадан Конституция оңдолуп-түздөлөбү? – деген суроо кабыргасынан коюлгандай шекилди. Анткен менен өткөн он сегиз жыл аралыгында Кыргызстандын Баш мыйзамы сегиз жолу өзгөрүүгө дуушар болгон.

XS
SM
MD
LG