Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

"Замандаш": Биригели, мекендештер!


“Замандаш” ассоциациясы 1-августта дүйнөнүн чар тарабындагы кыргызстандыктардын башын бириктирген мекендештердин биринчи конгрессин өткөрөт.

Иш-чаранын уюштуруу комитетинин мүчөсү, “Замандаш” ассоциациясынын директорунун орун басары Айдар Олжобаев "Азаттыкка" маек курду.

- Адегенде сиздер уюштуруп жаткан конгресстин максаты жөнүндө айтып берсеңиз?

- Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандык жана мекендештердин конгрессин коомдук уюм катары уюштуруу максатында өткөргөнү жатабыз. Бул конгресс 1-августта башталып, эки бөлүк менен өтөт.

Биринчи бөлүгү Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. Мында пленардык жыйындар болуп, өзөктүү документтер кабыл алынат. Ага ылайык үч документ кабыл алабыз деп пландап жатабыз. Алар бүткүл дүйнөлүк кыргызстандык жана мекендештердин конгрессин түзүү боюнча декларация, анын концепциясы иштелип чыгат жана бул органдын атынан кайрылуу кабыл алынат. Андан соң конгресстин экинчи, үчүнчү күнүндө иш-чаралар Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

- Конгресске кимдер катышат, канча өлкөдөгү кыргызстандыктар келмей болду?

- Ушул тапта кырк өлкөдөн коноктор чакырылды: 90го жакын диаспора, коомдук уюмдар, этно-маданий уюмдар. Булардын көпчүлүгү Орусия жана Казакстанда түзүлгөн. Муну менен катар расмий каттоодон өтө элек, бирок жамаат түрүндө иштеген 15 уюм келатат. Булар АКШ, Европа, Океаниядагы өлкөлөрдөн.

Ошол эле учурда Кытай, Түркия, Ооганстандагы этникалык кыргыздар жана Кыргызстандагы коомдук уюм, бирикмелердин өкүлдөрү катышат. Жалпысынан 800 конок чакырганбыз, 1-августка булардын баары эле келебиз деп каттоодон өтүштү. Алардын 500ү чет өлкөдөн, калгандары Кыргызстандан катышат.

- Буга чейин деле кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайы сыяктуу ири иш-чаралар өтүп келди эле. Бул конгресс ал курултайлардан эмнеси менен айырмаланат?

- Биз жалгыз гана кыргыздары чакырып албай, "тарыхый мекеним - Кыргызстан" деген бардык мекендештерди чакырып жатабыз. Көп улуттуу, бирок биздин өлкөнү өз мекени эсептеген адамдарды башын кошо турган конгресс.

- Сиздин айтууңузга караганда, кыргызстандык конгресс расмий түрдө түзүлөт экен. Бирок бул Кыргызстанда адатта түзүлүп, бирок иши менен айырмаланбаган көп уюмдун бири болуп калбайбы? Дегеле четте жүргөн мекендештерибиз кандай жардам көрсөтө алышы мүмкүн?

- Жок, андай көп уюмдун бири болуп калбайт. Себеби муну өз мойнуна алып жаткан “Замандаш” ассоциациясы деле алгач уюштурулган учурда 13 эле уюмдун башын бириктирген уюм болсо, азыр курамында 67 уюм бар. Анан ошол уюм, диаспоралардын баары конгресске мүчө болгону жатат. Мунун негизинде иш жүзүндө жыйынтык бере турган конгресске айланат деген ишеничибиз бар.

Экинчиден, чет өлкөлөрдө Кыргызстанга жардам берсем деген кыргызстандыктардын саны абдан эле көп. Биз былтыр өкмөткө инвестициялык фонд түзүү демилгесин көтөргөнбүз. Анда четтеги кыргызстандык жеке ишкерлерди мамлекет менен өнөктөш катары инвестиция тартууга негиз түзүү. Мына ушул демилгени конгрессте да көтөрүүгө аракет кылабыз. Мындан сырткары деле тикелей же кыйыр инвестиция тартып, же өз интеллектуалдык көрөңгөсү менен Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнү каалаган мекендештерибиз абдан эле көп.

- Адатта мындай иш-чаралар мамлекеттеги бир идеологиянын алдында өткөрүлөт. Анан мындай жалпы ишти “Замандаш” ассоциациясы өз мойнуна алып, өз атынан иш жүргүзүшү канчалык деңгээлде туура?

- Суроонун өзөгүн түшүндүм. Негизи бул конгрессти биз эле уюштурган жокпуз. Жаңыдан демилгени көтөргөндө эле президенттик администрацияга кайрылып, алар менен макулдашып, анан ишти алып барып жатабыз. Ошондуктан бул ишти жалгыз уюмдун атын чыгаруу үчүн кылган иш эмес, жалпы мамлекет жана коомчулук уюштуруп жаткан иш деп атасак туура болот.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG