Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Кышта казак көмүрүн жагабызбы?


Бишкек жылуулук борборуна казак көмүрү ташыла баштады. 900 миң тонна казак көмүрүн ташуу милдети “Рассвет Компани” ишканасына жүктөлдү. Ошол эле учурда жергиликтүү көмүр ТЭЦке жете элек.

Бишкек жылуулук борборуна 1,5 млн. тонна көмүр керек болсо, анын 900 миң тоннасы Казакстандын кендеринен сатып алынат. “Электр станциялары” ачык акционердик коому жарыялаган тендерге ылайык, “Рассвет Компани” ЖЧК жеңүүчү деп табылып, "кара алтынды" ташууну баштады. Тоннасы 56 доллардан деп макулдашылгандан кийин учурда 21 миң тонна көмүр ТЭЦке түшүрүлүп, иш уланууда.

Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев бүгүнкү күндө өлкөдөгү көмүрдүн запасы 111 миң тоннага жеткенин айтат. Министр бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 3 эсе көп экенин кошумчалады.

- Өткөн жылы тендерлер улам үзгүлтүккө учурап, декабрь айында 70 миң тонна көмүрүбүз эле бар болчу. Быйыл көрсөткүчтөр жакшы - 111 миң тонна запас көмүрүбүз бар. 1-октябрга чейин тиешелүү көлөмдөгү көмүрүбүз болот деп жатабыз.

Казактын Шабыркүл көмүрү Бишкек жылуулук борборуна келе баштаганы менен, Кыргызстандын көмүрү тендердин үзгүлтүккө учураганынан ташылбай турат. Жобого ылайык 450 миң тонна Кавак кенинен, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдүкүнөн алып келиниши керек.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, тендер учурунда компаниялардын тийиштүү документтери толук болбогондуктан комиссия артка кайтарып жатат.

- Тендерге катышуу үчүн тиешелүү документтер керек. Катышып жаткан компаниялар бардык документтерин толуктап бериши керек. Алсак, банктын маалыматы, салык инспекциясы, сапат сертификаты ж.б. көптөгөн документтер керек. Ишканалар керектүү документтердин бардыгын көрсөтө албай жатса керек.

Энергетика жаатындагы серепчи Расул Үмбөталиев тендердин үзгүлтүккө учурап жатканын кызыкчылыктар кагылышынан көрөт. Анын айтымында, айрым жетекчилер Бишкек ТЭЦине кыргыз көмүрүнүн ташылышына кызыкдар эмес. "Ошондуктан тендерге жергиликтүү ишканалар аткара албаган шарттарды койгон", – дейт. Үмбөталиев бир дагы ишкана 450 миң тонна көмүр өндүрбөй турганын, ал эми жетекчилер тендерди үзүп, ордуна казак көмүрүн алып келүүгө кызыкдар болгонун байкаганын айтып берди.

- Катышкан компаниялардын 450 миң тонна казууга мүмкүнчүлүгү жок. Катышат, бирок өтпөй кала берет. Бул жерде атайын кызыкчылык бар. Себеби Кыргызстандын көмүрү сатылып алынбай калса, казактын көмүрүн алышат. Анткени ал жактан ар бир тоннасына 5-6 доллардан "сол чөнтөккө" салышат. Бул жерде коррупциялык схема бар.

Сүлүктү көмүр кени
Сүлүктү көмүр кени

Былтыр көмүр сатып алуу үчүн кыргыз өкмөтү Евразия өнүктүрүү банкынан 30 млн. доллар насыя алышкан. Вице-премьер-министр Валерий Диль билдиргендей, карыздан өкмөт азыркыга чейин кутулуп бүтө элек. Бул үчүн өкмөт казынадан каражат алып, насыяны жаап, кайра эле банктан быйылкы жылдын көмүрүн сатып алууга насыя алууну максат кылып жатканын билдирди.

- Бизде азыр Евразия өнүктүрүү банкы менен эсептешүү тапшырмасы турат. Алгач каражат алып карызды өткөн жылдын көмүрүнүн акчасын жаап, кайра насыя алышыбыз керек. Биз ишти ыкчам аткарбасак мөөнөттөн артта калып калышыбыз мүмкүн, ошондуктан бул багытта иштеп жатабыз.

Жакынкы арада жергиликтүү көмүрдү сатып алууга тендер кайрадан өтмөкчү. Жылдан жылга Бишкек жылуулук борборуна жергиликтүү көмүрдү жагуу көлөмүн көбөйтүү тапшырмасы берилген. Быйылкы сезондо Бишкек ТЭЦи 500 миң тонна Кыргызстандын көмүрүн жагууну пландоодо.

XS
SM
MD
LG