Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:38

Коопсуздук

Уу көмүрдүн арты чууга апкелди

Кыргызстанда сырттан сатылып келген уулуу көмүргө байланыштуу чуу күчөдү. Жарандык лидерлер Казакстандын Кулан кенинен ташылып келинген көмүр бир катар мектептер менен карылар үйлөрүнө таратылганын билдиришти. Тиешелүү органдар бул маселе боюнча ачык түшүндүрмө бере албай жатышат.

Текст көлөмү - +
Уулуу көмүр маселесин көтөрүп чыккан "Таза табигат" бейөкмөт уюмунун төрайымы Анара Дауталиева Чүй облусунун мекемелерине ташылып келген 12 миң тоннадан ашык көмүрдүн радиактивдүүлүгү жогору деп далилдөөдө:
 
- Жалпысынан төмөнкүдөй сандагы радиациялуу көмүр алып келинди: Чүй районуна 41 тонна, Ысык-Атадагы Төмөнкү Серафимовка карылар үйүнө 650 тонна, Сокулуктагы мектептерге 17 тонна, Жайыл, Москва райондоруна жана Кара-Балта шаарына 10 миң тонна, Беловодсктогу мекемелерге 400 тонна ташылып келген.

​​Бул көмүрдүн радиоактивдүүлүгү жогору болгонун мекемелер аралык комиссия аныктап, аларды колдонууга тыюу салганын Дауталиева кошумчалады. Бирок мектептер жана башка социалдык мекемелер көмүрдүн басымдуу бөлүгүн жагып салышкан сыягы бар:
 
- Чүй районунда 8000ден ашык окуучу окуйт. Эгер 14 мектепти жана 1 балдар бакчасын эсептей турган болсок, азыр 5000ден ашык окуучу радиацияга ууланып жатат. Муну менен катар бул көмүрдү жаккан соң анын күлүнүн радиоактивдүүлүгү 3-4 эсе көп болот экен. Муну мекемелер аралык комиссиянын 30-декабрдагы жыйынтыгы да далилдеди.
 
Уулуу көмүр таратылып берилди делген айрым жайларда иштеген адамдардын саламаттыгы начарлап жатканы да айтылууда. Маселен, Чүйдөгү Он бир жылга айылындагы мектепте ушундай көрүнүш байкалганын айыл башчысы Закир Артыкбаев "Азаттыкка" билдирди:
 
- Биздин айылга 30 тонна көмүр түшкөн эле. Октябрдан бери радиоактивдүү көмүр экен, алынып кетет деп айтылып жатат. Бирок ташылып кете элек. Мектепте иштеген 4 от жаккыч ооруп жатат. Мурдунан кан агып, баштары ооруп, кыйналып жатышат. Өкмөт радиоактивдүү көмүр деп эскерткенче бир тобу жагылып кеткен эле.
 
Эми ушул көмүрлөрдөн күн сайын радиациялык нурдануу болуп, бардык жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө. 

Чүй облусуна уулуу көмүрдүн ташылып келиши боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлиги маалыматка ээ эмес экен. Министрликтин статс-катчысы Баатыркул Баетовдун айтымында, Куландан ташылып келген көмүрдү жергиликтүү бийлик органдары жана билим берүү мекемелери өз-өзүнчө тендер өткөрүп, андан соң сатып алышкан:
 
- Бизде бул боюнча эч маалымат жок. Ал жөнүндө ММКдан гана окуп жатканбыз. Аны ким сатып алса, ким ташып келсе, ошолор жоопкерчиликтүү болушат.
 
Чүй облусундагы 14 мектепке уулуу көмүр берилгенби? Бул суроо менен Билим берүү министрлигине кайрылдык. Министрликтин өкүлү Бакыт Кадыркулов уулуу көмүр бир да мектепке таратылбаганын айтты.
 
Өкмөт башчынын аты аталды

Ал ортодо Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев уулуу көмүрдүн ташылып келишине түздөн-түз жоопкер катары өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун атын атады. Кулан кенинен көмүр сатып алуу боюнча токтомго Өмүрбек Бабанов өткөн жылы өкмөт башчынын милдетин аткарып турган учурда кол койгон деди Ташиев: 
​​- Өкмөт токтом кабыл алып, анын негизинде уулуу көмүр сатылып келген. Өкмөт мурун коллегиялуу түрдө токтом кабыл алса, бул ирет Бабанов өзү жалгыз чечим кабыл алган. Мына эми ошол көмүр Чүй облусундагы мектептерге, социалдык мекемелерге таратылган. Эми ушул көмүрлөрдөн күн сайын радиациялык нурдануу болуп, бардык жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө. Бул боюнча мамлекеттик органдардын тиешелүү бүтүмдөрү бар. Ошондуктан эгер буга өкмөт башчысы жооп бербесе, ким жооп бериши керек?
 
Бирок өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Султан Каназаров премьер-министр Бабановдун уулуу көмүргө тиешеси жок деп депутаттын дооматын четке какты:
 
- Бул көмүргө өкмөт башчынын эч тиешеси жок. Cоциалдык объекттер өз алдынча кожоюндуктарда, аларга сатып алынган көмүргө өкмөттүн эч тиешеси жок. Бирок мындай көмүр мамлекеттин чек арасынан мыйзам өтсө жана ал аныкталса, ага жооптуу адамдар өз жазасын алыш керек.
 
Ошол эле учурда Казакстандан ташылып келген уулуу көмүрдүн айрым социалдык жайларга таратылганына байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогону тууралуу маалымат тарады.
 
Былтыр кыш кычаган кезде бир катар депутаттар Кыргызстанга Казакстандан сатылып келинген көмүрдүн радиация деңгээли кыйла жогору экенин билдирген. Андан көп өтпөй өкмөт өкүлдөрү көмүрдү жагууга тыюу салганын жана казак тарап артка кайтарып алып жатканын айтышкан.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: искен
04.02.2012 00:52
Урматуу кыргыз элим! Конул бургулачы - ал десе албаса , анда мен мындай сунуш айткым келип жатат . Анда бул уу комурду Чалдабар айилдын жанындагы Чуй дарыянын чети таашып салыш керек ошондо, анда бул комур озу агып кетек казактарга .

кимден: кочагар каяктан: ТЭС
03.02.2012 21:17
Уулу комурду илгертен эле алып келишчуу, бул комурду казакстан бекер берет мумкун акча толойт ууну алып чыгып кеткиле деп, мындай иштер болуп атканга Акаев тусуп кеткен система кунолу, Бакиев байкуш бийлике келгенде чон акчаны коргондо эсинен танды, системаны эч оскортбоду , бугун болсо кыргыз чыныгы ишин кылып атышат , бирин -бири чукумай, мына биздин чондордун чыныгы жузу ушу деп ойлойм, бул уулу -чуулу комурдо ото коп, зор кишилердин энчиси бар , бийликте кимдер ? баягылар Акай Бакай , оппозиция кимдер ?баягы эле Акай Бакайдын калдыктары булар оз кызыкчылыгын кана ойлогондор, кимиси болсо да бийлике кеоери менен оз кекиртектерин ойлошот ,

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.02.2012 20:10
aman ele bolsun byjlik

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.02.2012 19:47
куноолуулорду жазалоо керек, ал ким болсо да (президентби,депутатбы)

кимден: Оштук каяктан: Санкт Петербург
02.02.2012 18:07
Эгерде менин колуман келгенде ушл 12 000 тонна уулу көмүрдү Ак үй дүн ичине төгүп, баардык эшиктерин бронироват этип салмакмын.Абасы cуусу таза КЫРГЫЗСТАНды булгатпай.

кимден: кыргыз каяктан: кыргызстан
02.02.2012 11:42
Келдибековко арынын уюгундай эле асылып аттык эле эмне болду кулак мурунду кескендей эле жымрай жым болуп калдык????Же калп эле кур суроон кылып кыйкырып атканбызбы, мынтип кыргыз элине ото чон радиациялык коркунуч болуп атса тилибизди тишке катып "дудук "болуп калдык..... Ташиев же мадымаров деп койсок ызчу болуп жатып калабыз!!!!Чындык кайда?????
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.02.2012 15:22
Чындык ошол Ташиев м-н Мадумаровту басып жыгылып калганда. Кыргыз элинде ошол экоону кеп кылгандан башка иши жок дейт. Тим эле экоону бизге кудай кылыл койдунго.Бабланов кол койсун мейли. анан ал эмне ар бир комурдун радиатцасын текшерип олтуруш керекби.Министирдин андан башка иши жок бекен. Текшере турган орган жокбу.Дагы керек болсо Бабановтун окмоту радиациа комур экенин тапты. Демек Адахан м-н Ташиев экоо иштеген мурдакы окмот учурунда казактар радиация комурун берип конуп калган болуш керек.Ташиев уят болуш керек.Чындыкты сиз суйлошунуз керек.Экс кандидат пр-нта.Бабановтун окмоту бул комурду таап олтурат.Качантан бери кай жерден бул комур алынганын текшериш керек.Тээтиги эски элдин эн жакшы коргон куулган окмоттун да кулагы чыгарына ишенем.
Пикирге жооп

кимден: Сапарбек каяктан: Кемерово, Россия
11.02.2012 10:39
Сага капа болгум келбейт, бирок аяп жатам. Саясатчылар бийлик үчүн элди экиге бөлүп салганы Сенин сөзүңдөн байкалып турат. Сенин (сага окшогондор канча) ошондой абалга келип калганыңа өкүнөм.
Пикирге жооп

кимден: ?????
03.02.2012 13:16
бабанов мурдагы бийлик менен иштеген эмесби
Пикирге жооп

кимден: Тагай каяктан: Москва
02.02.2012 21:34
Качан көрдүңөр эле Кыргызстанда бирөө кылган күнөөсүнө жооп бергенин(президенттен баштап премьер министр, министирлерди айтып жатам).Кыргыз эли ооруйбу, өлөбу же үй-бүлөөсүн бага албай тентип кетеби аларга бир тыйын. Жөн эле сүйлөп-сүйлөп кала бербей чечкиндүү бир кадамга барышыбыз керек, күнөөлүлөр жазасын алышы керек
Пикирге жооп

кимден: Жудогон кыргыз каяктан: базар
02.02.2012 16:41
Сабатсыз экенсиз, туура жазганга үйрөнбөйсүзбү? Сынчынын сыңар өтүгү майрык боло бербей, кыргызча так сүйлөп, туура жазышыбыз керек! Зыяндуу көмүрдү алып келгендер убалдан коркушсун!

кимден: уман каяктан: челябинск
02.02.2012 11:07
Чуй областы экинчи Чернобльга айланат экенда! башка жерлерибизди алтын президентерибиз сатып бутушуп эми чуй обласын радиоактивный зонага айлантып качып кетишет! акмактарыбызды жоопко тартыш керек ушу учун митинге чыгыш керекда болбогон казино же бийлик ордун талашканы чыга бербей!

кимден: Мыты каяктан: Ростов на дону
02.02.2012 00:40
Балык башынан сасыйт дейт кыргыз эли, бул ишке байланыштуу чиновниктер жооп бербесе, карапайым эл жооп бериш керекби?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине