Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:37

Блог-Миңсанат

Сессиядагы студенттерге

Текст көлөмү - +
Министр образования К.Садыков заявил, что если сотрудники вузов
будут пойманы со взяткой, то наказание будут нести также и ректора.


Акипресс, 14-01-2012

1

"Сан-Хоседе салтанат
Жытташуудан башталат",
Дегенимди түшүнбөй,
Балдар менден жалтанат.
Экзаменге түз кирбей,
Тааныш издеп сандалат.

2
Жаакка чабып деканат,
Мээни чагып ректорат,
Мугалим да абалды
Туура айтуудан сактанат.
«2»лерди көп койсо,
Элдин баары даттанат.

3
Сессияга андыктан,
Аалымдардын далайы
Шпиондой камданат.
Менин жакшы баа койгон
Методумду колдобой,
Мээ көкбү деп таңданат.

4
Баалар болсо мендеги
Минтип эле тандалат:
Экзаменге эрте, кеч
«Орбит» чайнап келишсе-
«Дуб» дегендер «4» алат.
Колоңсого гуд бай деп,
Душка күндө түшүшкөн
Балдар - кыздар «5» алат.

5
Анткен менен баары бир
Мен ишенем силерге -
Шпиондор кармалат!

Үү Өө Миң (U Ming),
«Азаттыктын»  окурманы
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бакыт каяктан: Бишкек
24.01.2012 08:26
Ушул коррупция жолунун артынан, жогорку билимдуу деген дипломду которуп алып, озу окуган тармактан билими жок адамдар канча кобойду....

кимден: Жаран
21.01.2012 13:09
Канат Садыковдун "пара алган мугалим кармалса, ректорлор дагы жооп берет" деген буйругу, коррупциянын жолун буучу, жакшы буйрук деп эсептейм.
Бирок бул аздык кылат., дагы бир нерсени ойлонуп чыгуу керек.

Мен озум студентмин, биз мугалимдерге пара бергенде озубуз кирип бербейбиз, андайды алар албайт.
Ар-бир мугалидин озунун бир-эки ишеничтуу, тааныш (студент) баласы бар. Алар баардык студенттерге белгилуу, анан параны ошол балдар аркылуу гана киргизишет.
Ал балдар озулору кызыкдар, себеби озулору дагы 10-20% тайын мугалимге жеткирбей кармап калат. Ошон учун алар мугалимди сатпайт деп ойлойм.
Менин оюмча башка жолун ойлоп чыкпаса, бул коррупция мурунку эле кездей улана берет деген ойдомун.
Пикирге жооп

кимден: Алтымыш каяктан: Бишкек
24.01.2012 08:22
созунузго толугу менен кошулам
Пикирге жооп

кимден: студент
24.01.2012 08:21
Эн туура айтасын, мен озум КГУСТА да окуйм.
Бизде мугалимдер акча алып конуп калган, кандай окуп даярданып барсан дагы "бирдеме берсе экен" деп умуттонуп турушат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)