Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Ала качпай, сүйүп ал


Венера Касмалиеванын жаркын элесине арналат

Байыркы кыргыз элимдин,
Кылымдан келген салты бар.
Кадырлап келген ар убак,
Салттардын нарктуу баркы бар.

Сөйкө салып кыз берип,
Жар-жар ырын ырдашкан.
«Бактылуу болсун жаштар» деп,
Карылар бата айтышкан.

Кетирип кейпин кыргыздын,
Бөрүгө заман жеттиби?
Сүйлөшө албай кыз уурдап,
Жигиттен абийир кеттиби?

Турмушта болот көп нерсе,
Көрөөрбүз көптү жаш кезде
Сүйүүгө жетип жетпестен,
Болобуз келин бир жерге.

Жигиттер сөзүм кабыл ал,
Сүйлөшүп жүрүп сүйүп ал.
Жан кейиткен ыр менен,
Окуя айтам угуп кал:

Бийикке максат кылгандар,
Ала качып алгандар
Кыла албаса бактылуу,
Тагдырын кыздын талкалаар.

Укканда жүрөк ооруп, жан кейиген,
Келет тура кайдан жайдан ажал деген.
Жаш кыздын жанын кыйып кетишине,
Ала качуу себеби болгон экен.

Суйкайган Түп чүрөгү Венера эле,
Сабакка дайым шашып келер эле.
Тамшанып сүйүүлөрүн айтып жүргөн
Жигиттер көбүн эсе ашык эле.

Тайпага баш көз болгон караан эле,
Активист болгонго ал жарады эле.
Ошондой күндөрдүн бир күндөрдө,
Ак-Сууга ала качып кеткен эле.

Жек көрдү ала качып баргандарды,
Тагдырына ыйлап алып налаат айтты.
"Отурбайм, отурбайм" деп көз жаш төгүп,
Жоолукту улам баштап алып жатты.

А бирок Венерада кетмек кайда?
Көздөгөн максатына жетмек кайда?
Кемпирлер: биз да ушинтип келгенбиз, - деп,
Ар кай жерден кулак мээни жеп жатышса.

Көз туман эч бир нерсе келбес ойго,
Куттуу нан коюлуптур босогого.
«Тагдырым ушулбу?» деп, ичтен сызып,
Көз жашын төгүп турду ал ортодо.

Айла жок башын ийди тагдырына,
Салынды ак жоолукту өз башына.
"Бактылуу болсом болду" - деп тиленип,
Жалынды ичтен сызып жаратканга.

Эл тынчып тойду баштап жатып калды,
Не деген каалоо тост айтылды.
Кыргыздан калган салтты ыйык кармап,
Никени молдого айтып кыйдырышты.

Акыры эл тарады той да бүттү,
Жаш келин кайындардан сүрдөп жүрдү,
Келинге бир-эки жыл болгон өңдүү,
Кагынуу, силкинүүлөр бат көрүндү.

Күйөө сөрөй ойлогондой боло албады,
Венеранын купулуна толо албады.
Жашоонун тең эмесин ошондо ойлоп,
Ичинен не бир түрлүү ойго батты.

Чыдады чыдабаска айла барбы?
Жашоонун ушунчалык ичи тарбы?
«Эмнеге мени ушунча басынтат» деп,
Акыры ал кыз катуу намыстанды.

Акыры кагаз калем алып колго,
Кат жазды 6-7 барак толо.
«Мына эми кош болгула баарыңар» деп,
Жан кыйып кете берди келбес жолго.

Кабыл ал жаш кыздын эми кимге?
А балким ажал эрте жетпес беле?
Жайдары келип-кетип окуусуна,
А балким арабызда жүрөр беле?

Ушундай бул окуя болгон эле,
Күйүткө уккандарды салган эле.
Ал кызды өз ордума коюп көрүп,
Көз жашым жаздыгыма тамган эле.

Ушундан мен бир ойду айткым келет,
«Токтоткун ала качып албагын» деп
Кыргыздын ушул салты мезгил өтсө
Ойлоймун бир кезекте жоголор деп.

Бүгүнкү биздин заманда,
Ала качуу салт эмес.
Ойлочу кызды өкүртүп кынап баруу,
Жатат го айтып бүткүс кылмышка.

Ар бир кыздын тагдырына,
Жигиттер балта чаппагын.
Ала качып алган соң,
Түгөйүңдү ар убакта барктагын.

Угарман ушулардын баарын калча,
Турмуш бул агып өткөн узун дайра.
Жаңылып турмушуңду бузуп алсаң,
Жалындап эч убакта күйбөйт кайра.

Эгерде көңүл чыдап жок болсо,
Отурбай аракеттен кеткин кайра.
Алтын баш жаш өмүрдө аман болсо,
Табылат өмүрүңө башка кайра.

Акырында мен оюмду айткым келет
"Кыз уурдап ала качкан кылмыш" - деп.
Жигиттер токтотолу азыртадан,
«Адамдын ажалына жетпейли» - деп.

Ойлон кыргыз, ойгон элим.
Өзүбүздү сактайлы.
«Ала качуу кылмыш бул» деп,
Кыздарды зордоп сатпайлы.
Тирүүлүктө сый-сыйлашып
Бирибизди барктайлы.

Бегайым Кадырова,

Ысык-Көл мамлекеттик университети, Филология, педагогика жана журналистика факультети, К-31
XS
SM
MD
LG