Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Түгөйүмдү ала качты...


"Азаттыктын" интернет сайтындагы кыз ала качуу тууралуу макалага окурманыбыз ыр саптарын жазган.

Түн ортосу келген ууру
Түндүгүмдү жыга тартты.
Түйшүккө мени салып,
Түгөйүмдү ала качты.
Түркөйлөр кайдан билмек
Түшүнбөйт махабатты.

Ай жарыкта келген ууру
Акыры түпкө жетти.
Арманга мени таштап
Асылымды алып кетти.
Арсыздар аңдабайт го
Аруу, тунук сезимдерди.

Күүгүмдө келген ууру
Күлүбүздү сапырышты.
Кыйноого салып мени
Кызгалдагым качырышты.
Кызыталак кылмышкерди
Кызыктырбай махабаттын асылдыгы.

Секин басып келген ууру
Санаага салды мени.
Сыздатып жүлүнүмдү
Сүйүктүүмдү жулуп кетти.
Сезилбеди мээримсизге
Сүйүүлөрдүн назиктиги.

Марага жетээр кезде
Маңкурттар чалып жыкты.
Махабаттын барактарын
Майдалап, айрып жыртты.
Маашырканып жасаган иштерине
Мактанып, унутуп уят-сыйды
Мээримсиз макулуктар
Менден сени акыры алып тынды.

ххх

Жаңы ачкан гүлүбүздү
Жан ачыбай, кыя кесип соолуттуңар.
Жалындаган сүйүүбүздү
Жан алгычтай үшүн алып коркуттуңар.
Жанашкан сезимдерге
Жылаандай сойлоп кирип чочуттуңар.
Жан бирге жүрөктөргө
Жарака салып неге ооруттуңар...

Сүйүүнүн деңизинде сүзүп жүрсөк
Сазандай, бизди неге тордодуңар.
Бакытты багыт алып бара жатсак
Байкоостон жолубузду тородуңар.
Боору жок мерездерге эмне кылдык
Бизди неге, неге мынча кордодуңар...

Ак куулардай ээрчишип учуп жүрсөк
Аянбастан бизге неге ок аттыңар?
Алсырап, алдан тайган аккуулардын
Аялуу жүрөктөрүн канаттыңар.
Алып качып асылымды, алыстарга
Ак таңымды заматта карарттыңар.

Эки ак куунун бирөөсүнө ок жаңылса,
Экинчиси өзүн таштайт аска-зоого.
Эмне кылсам... бет алсамбы тоо тарапка
Энчиленген эгиз ак куум эми жок го...

ххх

Качырып кирип келип
Карышкыр какшаалдарың
Коркутту коенегим
Капаска камалганың.

Капилет болуп кетти
Кууп сени баралбадым
Кайда эле кара мылтык
Калдастап табалбадым.

Канакей, кайда калды
Кашайгыр ак бараңым
Кайтарып карышкырды
Коргошун аталбадым.

Кечирчи кеч болсо да
Куткарып алалбадым
Күтүүсүз болгон ишке
Күнөөлөбө агатайың.

Күйүтүн тартып келет
Карышкыр адамдардын
Комузда күүлөр чертип
Күтүп келет сени дайым...

Асылын алдырган бирөө...
XS
SM
MD
LG