Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:37

Саясат

Кызматың кыргыздыкы, жарандыгың башка го?

Мамлекеттик чоң кызматтагы адамдардын кыргыз жараны эмес экенин ашкерелеген фактылар ачыкка чыгышы бийликке болгон ишенимди кетирүүдө.

Президент Роза Отунбаева "Республика" фракциясынын башчысына парламенттеги башкаруучу коалиция түзүү мандатын тапшырып жаткан учур. 2010-жылдын 4-декабры.
Текст көлөмү - +
Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялар жетектеген эки комитет түзгөн комиссия биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алганын ачыкка чыгарды.

Кокуйлаткан кош жарандык

 Бабанов Бишкекке келип милицияга, паспорт столго кайрылып, Кыргызстандын паспортун алып алган. Мыйзам боюнча Президентке кайрылып, анан жарандык алыш керек эле. Казакстандын жарандыгынан чыктым деген арыз жазыш керек эле... 

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун Орусиянын жараны экени жөнүндө маселе парламентте апрель айында козголуп, аны териштирип карап көрүүнү депутаттар премьер-министрге тапшырган. Башкы прокурор кызматынан кеткен Кубатбек Байболов муну кайрадан айтып чыккандан кийин депутаттык комиссия иликтөө жүргүзүп, Кубанычбек Кулматовдун кош жарандыгы бар экенин аныктады.

Бул жаңылыктын кызыгы сууй электе эле парламенттеги оппозициялык фракциялар жетектеген эки комитет түзгөн комиссия биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановдун дагы жарандыгы мыйзамдуу эмес экенин, ал оффшор аймагынан 20 млн. доллар алганынан бери чубап, ачыкка чыгарды.
 
- Бабанов 1995-жылы СССРдин эски паспортун тапшырып, Казакстандын паспортун алган жана автоматтык түрдө Казакстандын жараны болуп калган. Ошол жерде бизнес жасаган, салык төлөгөн дегендей, жарандык милдетин аткарып жүргөн.

1999-жылы Бишкекке келип милицияга, паспорт столго кайрылып, Кыргызстандын паспортун алып алган. Мыйзам боюнча президентке кайрылып, анан Кыргызстанын жарандыгын алыш керек эле. Казакстандын жарандыгынан чыктым деген арызын жазып бериш керек эле. Демек Бабанов азыр Кыргызстандын жараны эмес болуп чыгып атпайбы,
-деп билдирди “Азаттыкка” депутаттык комиссиянын жетекчиси Өмүрбек Абдракманов.
 
Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов анын жарандыгы жөнүндө териштирүүлөр бүткүчөктү эмгек өргүүсүнө чыкты. Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам боюнча дагы, башка укуктук актылар боюнче деле кош жарандыгы бар адамдар мамлекеттик кызматка коюлбайт. Мамлекеттик кадр кызматы Кулматовдун кызматы премьер-министрдин ээлигиндеги маселе экенин билдирип түшүндүрмө берген.

Ал эми Өмүрбек Бабанов бир айлык тыныгуудан кийин биринчи вице-премьер кызматына кайрадан киришти. Ал өзүнүн жарандыгынын чоо-жайы жөнүндө коомчулукка эчтеке деп айта элек, бирок депутат Өмүрбек Абдракманов жетектеген комиссияга берген маалыматында Бабанов 1995-жылы казак паспортун алганын, кийин кыргыз паспортун алганын ырастаган.
Чоң кызматтагылардын баарынын жарандыгын текшериш керекпи?
 
Токтогул Туманов жетектеген депутаттык комиссия өкүлдөрү өз кезегинде Өмүрбек Бабановдун казак жарандыгын туура эмес алган үчүн ал жокко чыгарылганын билдиришүүдө. Бул фактыларга карата Башкы прокуратуранын, премьер-министрдин позициясы да, реакциясы да угулбай жатканы катуу сындоолорду жаратууда.
 
- Бул маалыматты алгандан кийин Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп кылмыш ишин козгошу керек. Аны күтүп отурбай президент менен премьер-министр кызматтан алып салууга тийиш. Анткени ал алдамчылык жол менен кыргыз жарандыгын алып атпайбы. Бул өзүнчө система болуп калган.Ошондуктан биринчи иретте президентти текшериш керек, канча паспорту бар? Премьерди текшериш керек. Көп жыл Түркияда жашап жүрдү, канча паспорту бар?Калган министрлерди текшериш керек, - дейт  укук маселелери боюнча эксперт Кубат Кожоналиев
 
Жакында эле Жалал-Абад шаарынын мэри Максатбек Жээнбековдун дагы бир эле учурда Кыргызстандын жана Орусиянын жараны болгонун "Дело №..." гезити жазып чыккан эле. Ошондон кийин Максатбек Жээнбеков мэр кызматына тура электе кош жарандыгы болгонун ырастап, мэр болгондон кийин гана орус жарандыгынан баш тартканын билдирген. Мына ушундай фактылар Кыргызстандын бийлик мунарасында кош жарандыгын жашырып жүргөн дагы канча аткаминер бар деген беймаза суроону жаратууда. 
 
Бул окуялар кыргыз жарандыгын берүү маселесинде, мамлекеттик маанилүү кызматтарга кадр коюуда оркойгон мыйзам бузуулар бар экенин көрсөтүүдө. Анын үстүнө кыргыз паспортун чет өлкөнүн жарандары сатып алган фактылар коомчулукка жаңылык эмес. Ажылыкка бараткандар, мыйзам жоопкерчилигинен качып жүргөндөр, кылмыштуу уюмдун мүчөлөрү кыргыз паспортун акчага сатып алган фактыларды укук коргоо органдары дагы таап чыккан учурлар да бар.

Мисалы, соңку эле айда Бишкекте Каржы полициясы Октябрь райондук паспорт бөлүмүндө атайын операция жүргүзүп, 600 долларга мыйзамсыз паспорт жасап берген кызматкерди кармашкан.  Жарандык жана паспорт берүүдө мамлекеттик көзөмөлдүн бошоңдугунан кыргыз паспорттору экстремисттердин жана террористтердин колуна оңой олжо болуп кетип жатканы да эч кимге жаңылык эмес.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кайрат
27.05.2011 17:11
Адахан Мадумаровду кантип жактырып атасыңар? Интернеттен Бакиевдердин тоюнда чапан кийгизип кыргыздарды айдаганга камчы карматканын өз көзүм менен көргөм. Бакиевдер аяннты кызыл канга боегондон кийин мындай нерсе жарыка чыкканда уяты бар адам өчмөк. Саясат десе эле бетти жез табак кылып жүрө берсе кыргыз эли аны да жутуп коет деп жүрөт да... Андан көрө колу билген нерсе менен алек болбойбу, өзүнө да, элге ошондо пайда!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.05.2011 23:49
Ал видеону мен да коргом,копчулук жарандарыбыз корду болуш керек деп ойлойм. Тилеке каршы, жарандарыбыздын ойлонгусу келбегендиги окунучтуу.
Бети жок саясатчыларыбыз ошондон пайдаланып упай топтоп бийлике жетип жатышпайбы,алар учун ким добуш берет бары бир.Элдин ан сезими канчалык томон болсо, саясатчылар учун ошончолук жакшыбы деп ойлоп калдым.
Мадумаров тууралуу соз жок, тилинен башка кудурети жок.

кимден: OTKUR - KURCH каяктан: BISHKEK
26.05.2011 18:28
jogorku keneshtin chygaandary uialsanar bolo! eliner kandai abalda ekenin ech oiloisunardy???????????????????????

кимден: рустам каяктан: бишкек
26.05.2011 17:33
Мадумаров таза эмес! 2005 жылы Иссык Колдогу Радуга эс алуучу борбоунан 200000 долларлык уй алган.Ал уйду алыш учун ал 20 жыл этеке женбей,ичпей эмгектениши керек эле.Демек анын деле бир жери таза эиес
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
26.05.2011 20:05
200 000 долларга жыйырма жылда үй алганын көрүпсүн,Бабановдун бир эле переводу 20 млн доллар болуп жатат.Көрөалбастыктын да чеги болот,көзүңдү чоңураак ач!

кимден: Нургазы каяктан: Москва
26.05.2011 04:51
Мен билем! Баарына Бакиев куноолуу!!! жана бакиевчилер :))

кимден: Расул каяктан: ясенево
25.05.2011 12:51
Кто умеет - работает, кто не умеет - учит других, кто не может учить - управляет, кто не умеет управлять - правит

кимден: Таалай каяктан: Россия
24.05.2011 11:17
Биз чет өлкөдөгү Кыргызстандыктар "Өрдөктүн өзү чөлдө болсо да,көзү көзү көлдө"дегендей Кыргызстанга таза инсандар келип башкарып Кыргызстаныбызды оңдосо экен деп АЛЛАХТАН тилейбиз.А Мадумаровдой таза инсан калбаптыр Жараткандан сурант элем Мадумаров президенттик шайлоодо жеңсин деп Оомийн.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.05.2011 12:03
орусиядага жарандарыбыздын башына чайды кайнатып,лапшаларды илген экен кайран кана Мадумаров.
орусиядагы кыргыз жарандарыбызга президент кылып шайлап ал,жээ уйуно Хоппу Таалай!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
25.05.2011 01:01
Аллах мындайларды колдобойт.Аллах м-н ойнобо Мадымарчик экоонду кошуп уруп коет.

кимден: akmat каяктан: bishkek
23.05.2011 21:28
Negizi Kyrgyzstanda dvoynoe grajdanstvo kylysh kerek.
Babanov azyrky ubakta okmotko, Kyrgyzstanga paydasy bolso oshol maanilyy emespi. Oppozitsiya birdeme chukup tabysh kerek dep atat

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.05.2011 20:36
Адахандай адам президент болмоюнча кыргызстан алдыга жылбайт,жыйырма жылдан бери колунан эч нерсе келген жок ,Узонгу Кууш,Каркыраны сатты деген кинени коюп журушот.Ал нерселерди Адахан бир озу чечкен эмес,президент,окмот,депутаттар болушкан,ким болбосун ал нерсе болот эле.
Адахандын жыйырма жылда кылган иши,башкаларга окшоп байлык топтоймун деген жок.
Жыйырма жылдан бери бийликте жургон бир таза кишини айткылачы,баары булганып алган.
Пикирге жооп

кимден: эркин
25.05.2011 01:07
Таза болсо болсун ишенели.Ошол жалгыз сатты деп күнөлөгөн эч ким жок.Достору менен 20 жылда биригип сатты туура айтасын.Ошол денгели азынан байлык топтой албай калганда.Мейли анысы эмне жарытар тан калар кыргыз учун жыргатар иш кылды.Билбей кылалбай унчукпай журо берген адамды хан кое берсек ким которулот кыргыз артка кетет.Мадымаров кыргыздын позору.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.05.2011 12:22
Адахан,Адахан деп тынбагандарга.
Адахан,садахандардын баарынан эл чарчаган! Токтоткулачы! Укмуштай блаттап койгон го силерди аканар.Козунорду чонураак ачып,кобуроок окугула.Глобалдык денгээлде ой жугурткон адамдардын пикирлерин кобуроок угуп,билгиле. Мадумаровдун кемеси эчак эле кеткен,чоккон.Эгер ошол адам бийликте жургондо тили сайрагандай иш алпарганда азыр кыргыздар башкача обондо ырдамакпыз, фундамент бекем курулуп,кыргыз байкуш бутуна тыныраак туруп калмак,орусиянын кочосун шыпыргандардын саны азаймак........Адахан азыр кыйратат деп ишенсен чон жанылышасын.
Бизге Михаил Сакошвили сыяктуу адам керек жаны,таптаза,саясатта кирдебеген,интеллектуальный,глобалдык жактан терен ой жугурто билген дипломат.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
25.05.2011 21:37
Жыйырма жыл бийликте туруп,башкаларча мамлекеттен прихваташтырып (уурдап) бир нерсе албагандыгы эле,ким экендигин коргозуп турат.
Силерге мамлекеттик мулкту арзыбаган акчага менчиктештирип,ошол акчанын эсебинен элге чачкан киши ,эл учун иштеген болот окшойт.
Андайлар керек болсо,элибизди жерибизге кошуп сатканга даяр,аларга байлыктан башканын кереги жок.
Кыргызстанга эл учун иштей турган таза инсан керек.
Адахандан башка бир инсандын атыны атачы?

кимден: ulukbek каяктан: korea
23.05.2011 20:30
emi uwul uchun da chet olkodon komisiya chykyryp chechip bergile bizge debese ele boldu,uyat ele bolduk bawka elderge.

кимден: Bala каяктан: Nookat
23.05.2011 19:34
Urmattuu deputattar, oylonp ish kylsangar zhakshy bolot, 5 zhyldan kiyin zhangy biylik kelip, zhangy zakon menen, azyrky kylyp zhatkan ishteringer uchun, baaryngardy birden birden tutup asyp salbasyn. menimche eldin akysyn zhegenderdin bailygyn tartyp alyp, ozdorun temir zhol kuruuga ishtetuu kerek, zhoop berchu kun kelet!
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)