Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Эркин соода аймагынан Кыргызстанга эмне пайда?


КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны, Санкт-Петербург, 18-октябрь, 2011.
КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны, Санкт-Петербург, 18-октябрь, 2011.

18-октябрда Санкт-Петербург шаарында КМШда эркин соода аймагын түзүү боюнча келишимге кол коюлду.

Келишимге кол койгон сегиз мамлекеттин ичинде Кыргызстан дагы бар. Жаңы келишим Кыргызстанга эмне берет?


Эркин соода аймагы деген эмне?


КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынынын соңунда КМШда Эркин соода аймагын түзүү боюнча келишимге жетишилди. Кыргызстан атынан документке өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов кол койгон. Келишимге Кыргызстандан сырткары Казакстан, Орусия, Тажикстан, Беларусь, Молдова, Украина жана Армения кол койду. Ал эми Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстан макулдашууну изилдеп көрүүнү чечишкен.

Жыйындан соң орус өкмөт башчысы Владимир Путин келишимдин маани-маңызы тууралуу буларды билдирди:

- Эркин соода аймагы деген эмне? Мен ушуга кичине токтоло кетейин. Бул деген товарлардын бир тобуна импорт жана экспорттук төлөмдөрдү ич ара алып салабыз дегенди билдирет. Ооба, топко кирбей калган товарлар да бар. Бирок алар дагы акырындап алынат. Ич ара импорттук жана экспорттук бажы төлөмдөрдү алып салуу эмнени билдирет? Бул деген биринчиден өзүбүздүн товарлар үчүн өзүбүздүн базарларыбызды бири-бирибизге ачабыз дегендик. Муну менен базарларыбызга товарлар арзаныраак түшөт. Бул өз кезегинде биргелешкен жаңы ишканалардын ачылышына алып келет.

Бул келишимдер эми кол койгон өлкөлөрдүн парламентинде ратификацияланыш керек. Андан кийин күчүнө кирет.

Украин өкмөт башчысы Николай Азаров келишим 2012-жылдан баштап ишке кирет деген үмүтүн билдирүүдө.


Эркин соода аймагы менен Бажы биримдигинин кандай айырмасы бар?


Кыргызстандын Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев Эркин соода аймагы келишиминин күчүнө кириши менен Кыргызстан үчүн жеңилдиктер болоорун билдирип, Эркин соода аймагы менен Бажы биримдигинин ортосундагы айырмачылыктар тууралуу буларды айтты:

- Бажы биримдигинде ага кирген өлкөлөргө тыгызыраак иштегенге шарт түзөт. Ал эми Эркин соода аймагы ага караганда азыраак интеграция болот дегенди билдирет.

Министр Ташбаевдин айтымында, келишимдин күчүнө кириши менен Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар, анын ичинде айыл чарба өнүмдөрү КМШга кирген өлкөлөргө бажы төлөмүсүз кирүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Экономика илимдеринин доктору Аза Миграняндын айтымында, Эркин соода аймагы Бажы биримдиги тууралуу келишимди алмаштырбайт. Ал мурунку бойдон кала берет. Бирок КМШ аймагында товар жүгүртүү жеңилдейт:

- Товар жүгүртүүдө жеңилдик болот. Бирок келишим кол коюлгандан тарта анын ишке кирүүсүнө чейин көп убакыт бар. Ошондуктан бул жараян эртең эле башталат деш кыйын. Ал эми реэкспортко жардам бербейт. Кыргызстандын ичинде өндүрүлө турган товарларга болсо жеңилдик болот. Бул биздин айыл чарба продукциялары, тигүүчүлөр жана башка тармактарда бизде өндүрүлгөн товарларга жеңилдик болот.

Санкт-Петербургдагы өкмөт башчылардын жыйынында айтылган маалыматтар боюнча, КМШ аймагында өз ара сооданын көлөмү 134 млрд. долларга жеткен. Ал эми Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү Орусия, Казакстан жана Кытай экени маалым. Маселен, тышкы сооданын 30% жакыны Орусияга, 15% жакыны Казакстан жана 10% ашууну Кытайга туура келет.

Орус өкмөт башчысы Владимир Путин Евразия экономикалык биримдигин түзүү келечектеги негизги максаттарынын бири экенин 4-октябрда билдирген. Эркин соода аймакты түзүү келишими орус өкмөт башчысынын мына ушул багыттагы алгачкы кадамдары экени айтылууда.

Белгилей кете турган нерсе, Эркин соода аймагын түзүү аракети 1990-жылдардын башында эле жасалган. Бирок ишке ашпай келаткан. Мына эми орус өкмөт башчысы белгилегендей, 18-октябрда КМШнын премьер-министрлери өздөрү күтпөгөн жерден макулдашууга жетишип, келишимге кол коюшту.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG