Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

“Ак илбирсти" кайсы тасма эңип кетет?


"Курманжан Датка" тасмасынан алынган кадр
"Курманжан Датка" тасмасынан алынган кадр

“Ак илбирс” кино сыйлыгына түшкөн тасмаларга калыстардын берген баасы 16-майда белгилүү болот. Кыргызстандык режиссерлордун арасында жыл сайын өтүүчү бул сынакка быйыл отуздан ашык тасма катышып, алардын ичинен он үч тасма тандоо турунан өткөн.

Калыстар тобунун айрым мүчөлөрү аталган сынакка коюлган тасмалардын ичинен Садык Шер-Нияздын “Курманжан Датка” жана Марат Сарулунун “Көч” тасмасы алдыга чыгарын айтышууда.

Кино таануучу, калыстар тобунун мүчөсү Абды Сатаровдун пикиринде, чынында эле эки фильм быйылкы мыкты орунду талашып калышы мүмкүн. Калың журтка анчалык белгилүү болбогону менен “Көч” фильминде заман ыргагын камтыган өзгөчөлүк бар дейт Сатаров:

- Бул фильмдин бир өзгөчөлүгү - биринчиден, өзүнүн стили, өзүнүн жүзү бар. Экинчиден, бүгүнкү каардуу мезгилдеги каардуу турмушту философиялык көз караш менен бере алгандыгында. Автордун артыкчылыгы мындай азаптуу турмушту өзүнөн өткөрүп, аны кинонун тили менен бере билгени.

Тасма тартуу учурунда
Тасма тартуу учурунда

Сөз болуп жаткан тасманын союжетине токтоло турган болсок: баш каарман - күйөөсү менен ажырашкан Перизат. Анын беш-алты жаштагы кызы өзү менен калып, баласы атасы менен кеткен. Өзү кайсы бир ашканада идиш-аяк жууп иштеп, үй алам деген тилек менен тыйын топтоп жүрөт. Бул ортодо айылда жалгыз калган карыган атасын жана атасынын колунда жүргөн кызын шаарга алдырат. Бирок мына эми үйлүү болом деп турганда акчасын бирөөгө алдатып жиберет. Батирсиз калгандыктан атасын карылар үйүнө, кызын балдар үйүнө алып барып, өзү иштеп келүү үчүн Орусияга кеткенге мажбур болот.

Абды Сатаровдун баамында, фильмдин соңунда балдар үйүнө ташталган кенедей кыздын ал жерден качып чыгып, кайда барарын билбей, шаар четинде таштанды менен аралашып калышы бекеринен эмес:

- Бул фильмдеги кичинекей кыздын ролу тасманын өзөгүн түзүп турат десек болот. Кичинекей кыз – бул бир элдин тагдыры, бир мамлекеттин жүзү. Режиссер фильмдин аягында биз мындан ары кайда барабыз, кайсы жолго салабыз деген суроо коюп жатат. Автор өзү бир чети кайгырып, бир чети терең ойго батканын ошол кыздын тагдыры аркылуу көрсөтүп турат.

Сатаров өзү жеке пикиринде быйыл “Ак илбирс” кино сыйлыгынын башкы орундарын жогоруда сөз болгон Марат Сарулунун “Көч” аттуу автордук фильми жана Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тарыхый тасмасы башкы орундарды алышы мүмкүн деп эсептейт экен.

Аламан байгеде алдырбаган жаштар

Кинорежиссер, калыстар тобунун дагы бир мүчөсү Замир Эралиевдин айтымында, “Ак илбирс” кино сыйлыгына катышып жаткан тасмалардын баарын эле бир кылка деп айтканга болбойт. Аларды уюштурууда калпыстыктар бар:

- Мисалы, сынакка эки башка максатта тартылган автордук фильмдер менен коммерциялык фильмдер да катышууда. Ошол эле учурда жаш режиссерлор менен такшалган режиссерлордун эмгектери бирдей чек менен каралууда. Ушул сынакты жараткан балдар: Эрнист Абдыжапаров, Садык Шер-Нияз, Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров жана башка режиссерлор. Негизи фестивалды уюштуруу демилгеси мыкты болгон. Бирок ошол эле режиссерлор өздөрү катышып, өздөрү ошол сыйлыктарды алып жатат. Мунун жакшы да, жаман да жагы бар. Ушул жагы эле мага туура келбейт. Калганы сонун. Бирок алар конкурска катышканы менен калыстар тобу башка, мунусу жакшы.

"Курманжан датка" тасмасын тартуу учурунда
"Курманжан датка" тасмасын тартуу учурунда

Эралиевдин пикиринде, эл аралык сынактардан алдыңкы орундарга жетишкен аттуу-баштуу режиссерлордун эмгектери өзүнчө талап менен, ал эми биринчи жолу кино тарткан режиссерлордун эмгектери өзүнчө талап менен каралса болмок.

Калыстар тобунун дагы бир мүчөсү, таанымал актер Бузурман Одуракаевдин айтымында, сынактын жеңүүчүлөрү бир нече номинация боюнча тандалат. Мында жаштар негизинен кыска метраждуу жана даректүү тасмалары менен катышууда.

- Кыска метраждуу жана даректүү фильмге жалаң жаштар катышты. Артыбызда дагы да кыргыз кереметин жарата турган муун бар экенине сыймыктана турган эмгектер бар экен. Маселен, мени Жанталиевдин «Лифт» аттуу кыска метраждуу тасмасы аябай таңгалдырды.

Быйыл улуттук “Ак илбирс” кино сыйлыгына жогоруда сөз болгон фильмдерден сырткары Эрнист Абдыжапаровдун “5000 сом”, Ырысбек Жабировдун “Түндүктүк келин”, Төлгөбек Койчумановдун “Аку” аттуу толук метраждуу, Чолпонай Бөрүбаеванын “Топурак”, Венера Жаманкулованын “Мөлмөлүм”, Нурлан Мирзаматовдун “Илмек”, Асан Жанталиевдин «Лифт» ошондой эле Азамат Арыковдун “Жырткычтын изи менен”, Чынгыз Нарыновдун “Темир нан”, Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын жана дарыя" жана Уланбек Эгизбаевдин "Ырыскы" аттуу даректүү тасмалары катышууда.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG