Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:36

Эл үнү

Чоң-Алайда кытай унааларын өткөрбөй жатышат

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын жыйырма чакты тургуну 6 күндөн бери жолду бууп, Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуучу машинелерди өткөрбөй жатышат.

Текст көлөмү - +
Жергиликтүү тургундар аймактагы эки алтын кенин кытайлык инвесторлордун иштетишине нааразы болуп, кендерди иштетүү менен өрөөндүн экологиясы бузулуп жаткандыгын айтышууда.

Нааразылык акциясына чыккандардын бири Нурбек Тагаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Жолду бууп алганыңарга канча күн болду?

Тагаев: Бүгүн толук беш сутка болду. Биз кен иштеткен Кытайдын машинелери келсе токтотуп, артка кайтарып, кен алган жерге барып төктүрүп атабыз. Алардын машинелерин заводунан эч жакка чыгарбай токтотуп койгонбуз.

Бирок Тажикстандын машинелери өтүп атат. Аларга тийишкен жокпуз, “айыл арасынан ылдамдыкты азайтып өткүлө” деп эле эскертип атабыз. Башка эч кимге зыяныбыз жок.

“Азаттык”: Негизги талабыңар кандай?

Тагаев: Негизги талабыбыз – алтын кенин иштеткендер заводун жаап, өз өлкөсүнө кетсин. Кенди бербейбиз, байлыгыбыз өзүбүздө калсын. Бирөөлөр тепселеп, биздин байлыкты ташып кетпесин. Биздин максат – бул байлык биздин урпактарга калсын.

“Азаттык”: Алты күндүн ичинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн сиздер менен жолуккандар болдубу?

Тагаев: Баары келишти. Чоң-Алайдын РИИБисинин жетекчиси, аким эки орун басары менен, прокурор келди. Биз аларга “мунун бизге зыяны бар экен, кытайлыктарды кетиргиле” десек, алар “жок, зыяны болбойт, иштей берсин, бизге инвесторлор керек” деп атышат.

Инвесторлор керек болгон күндө да алар өздөрүнүн таштандыларын жабык жерге төкпөй жатпайбы. Казган жери деле жабык эмес. Ачык эле жерден ташып өтүүдө, таш жүктөгөндөй эле. Машинелери ачык, айылдын ортосунан өтөт. 35-40 тонналык жүк менен өтүшөт.

Жол боюндагы үйлөрдүн баары жарылып бүткөн, 4 балл жер титирегендей болуп билинет. Ал аз келгенсип Кытайдын Тажикстанды карай 60-80 тонналык жүк менен машинелер өтүүдө. Курулуп аткан жаңы жолдорубуз бузулуп кеткен. Эски жолдор такыр эле отуруп калды. Бизди тепселеп кетишти.

“Азаттык”: Сиздер айтып аткан “Кайди” жана “Азия Голд интерпрайсес” ишканаларынын Кыргызстанда кен иштетүүгө лицензиялары бар экен. Бул талаштардын баары өкмөттүк деңгээлде чечилиши керекпи? Же жол бууп, муну менен маселе чечилет деп ишенесиңерби?

Тагаев: Буга чейин адамдар Бишкекке чейин барып, 3 жылдан бери бул маселе менен чуркаган адамдардын үнү эч жерге жеткен жок. Анан калк чыгып, жолду бууп атабыз.

Чоң-Алайдын чоңдору чечишкен жок. Оштон укук коргоочу келди эле, ал деле чече алган жок. Эми силерге чыгып атабыз “келгиле, көргүлө” деп. Өлкө бул боюнча эч нерсе билбейт турбайбы, завод кандай курулганын, кенди казган жерди, шартын көрсө ошондо гана ишенет.

“Азаттык”: Талаптарыңыздар аткарылбаса кандай кадамдарга барасыздар?

Тагаев: Биз азыр айылдардан чогулуп, сүйлөшүп атабыз. Ошко, Бишкекке барабыз. Президентке чейин жетебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кенже каяктан: Сахалин
10.08.2011 17:45
Жолду тосконунар эн туура деп ойлойм . Азыр эл озун- озу ойлобосо элди эч ким ойлобойт. Чондор болсо креслодо отурат чонтогун акчага толтуруп , толгондо иштен кетем деп.
Пикирге жооп

кимден: Звер каяктан: Ош
11.08.2011 06:33
Нурбек аке биз сизди колдойбуз ошондой эле чон-алай элини озунордун айылынарды колдой албасан кыргызстандыда коргой албайсынар тайманбай аракет кылгыла

кимден: Гулжан каяктан: Москва
10.08.2011 13:06
Эки алтын кенин иштете баштаган кытайлык инвесторлорго каршы атайлап уюуштурлган *заказ* жол буумай го. Иш берсе иштете албай, жол тосконго жакшысынар. Силерди аймактын экологиясы деле кызыктырган жок, чын чынына келгенде. Ошончолук куйсонор, эмне Тажикстандан келе жаткан машиналарды откоросунор? Жогорку жактан келген келген буйрутма кызыкчылыкты коздогон пешкалар.
Пикирге жооп

кимден: Kyrgyz balasy каяктан: Osh
10.08.2011 23:17
Кыргыздар алга артка кайтпагыла кантседа ата бабабыздан калган жерда "АЛЛА" озу куч кубат берсин силерге. Кыргыздын келечеги бар экенине ишенем
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.08.2011 22:49
Ассалому алейкум мен Гулжанга карышымын анткени тажикстандын камаздарына чейинки соз болуп жатпайбы? Жаштардын келечеги учун болуп жаткан ишда бул мен колдойм кайтпагыла мезгил келсе "Кыргызстаныбыз" онугот бул бойдон калбайт Чон-Алай алга колдойбуз силерди.
Пикирге жооп

кимден: Патриот каяктан: Кыргыз жери
10.08.2011 14:19
Гулжан бул айтканың туура эмес, билесинби тарыхта Африканы Ангиля калония катары басып алышып алтын алмаз ж.б бут байлыгын казып, ташып, өздөрүн кул катары иштеткен. А Африкага тамак аш кийим кечени кымбат баада жеткизип турган. Биз калония болбосок да бул кетиште болуп калабыз

кимден: elja
09.08.2011 20:36
asyr kaza berishet,ekologiaga tijgizgen taasiri kandai bolot? akchasyn kim chontoguno urup atat?anysy da begisiz.ushundai da mamleket bolot eken da?

кимден: нукуш каяктан: узген
09.08.2011 19:55
Азаматсыңар ата-бабабыз коргоп келген жерди офисте отуруп саткан бийлик төбөлдөрүнө каршы турганыңар үчүн биз колдойбуз.Инвесторлор деп жаратылышты бузгандарга тик тургула.Убагы келгенде өзүбүз иштетебиз кыргыздар.

кимден: Сагын каяктан: Россия
09.08.2011 17:48
Туура кыласынар бул жерди бабадан калган мурастай эмес, урпактарыбыздын алдындагы карыз катары карап сакташыбыз керек. Бабадан калган мурастай коруп канча жерлер сатылып кетти.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу