Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Чоң-Алай: аким менен депутаттар тирешүүдө


Кытайдын "Кайди" компаниясы алтын кенин иштетишине каршы Чоң-Алайдагы нааразылык. 11-август, 2011.
Кытайдын "Кайди" компаниясы алтын кенин иштетишине каршы Чоң-Алайдагы нааразылык. 11-август, 2011.

Чоң-Алайда жергиликтүү кеңештин депутаттары район акими Азизбек Ашыралиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылууда.

Үч жылдан бери Чоң-Алай районун башкарып келаткан Азизбек Ашыралиевдин ишине нааразылык өткөн жылдан тарта башталган. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын айтымында, ал 2013-жылдын отчетун берүүдөн баш тарткан. Былтыркы жылдын отчетун депутаттарга жеткиликтүү коргоп бере алган эмес экен.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын бири Абдисалам Бөрүбаев буларды билдирди:

- Райондун акими жылына бир жолу, сөзсүз түрдө жергиликтүү кеңештин депутаттарына отчет бериши керек деп, мыйзамда так жазылып турат. Эгер жакшы иштесе, квартал сайын да отчет берсе болот. Бирок Азизбек Ашыралиев аны аткарган жок. 2013-жылкы кылган иши тууралуу бизге такыр отчет бербеди. 2014-жылдын отчетун артынан сая түшүп атып, ушул жылдын башында, 25-февралда алдык. Анысын уксак, эки-үч жыл аралыгында райондо бир да жарытылуу иш жасалбаптыр. Ал киши акимдик кызмат менен өзүнүн эле жеке иштерин бүтүрүп жүрөт экен. Бизде 63 депутат болсо, кошмо жыйынга 57 депутат катышкан эле. Алардын 30 толугу менен акимдин өткөн жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп тапканбыз.

Чоң-Алай. Алтын чыккан кендеги таш
Чоң-Алай. Алтын чыккан кендеги таш

Чоң-Алайдагы эл өкүлдөрү учурда район акими Азизбек Ашыралиевди кызматтан алууну бийликтен талап кылууда:

- Эгер райондо өнүүгө карай жумуштар жасалбаса, аракеттер, жылыштар болбосо, кылган жумуштары эл өкүлдөрү тарабынан канааттандырарлык эмес деп табылган болсо, демек, аким жумуштан токтоосуз түрдө кетиши керек. Кызматтан четтетпесе жок дегенде эскертүү же чара да көрүп коюшкан жок. Оторбаев өкмөт башчы кезинде ага, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбековго Чоң-Алай районунун акими Ашыралиевди кызматтан алуу талабы менен атайын билдирүү жазганбыз. Бирок эч кандай жооп келген жок. Эми азыркы премьер-министр Темир Сариевден үмүт кылып атабыз, -деди Абдисалам Бөрүбаев.

Райондун депутаттары акимге Чоң-Алайда экономикалык жактан өнүгүү болбой, айыл чарба тармагы артка кетип жатат деп кине коюуда. Эл өкүлдөрү ошондой эле эки жылдан бери жергиликтүү эл картошкасын сата албай калганын, жер семирткич жана күйүүчү май жагынан бийликтерден жардам албай калганын да акимдин чабалдыгы менен байланыштырат.

Мындан сырткары алтын өндүрүүчү “Кайди” кытай компаниясынын маселеси чечилбей, ал жылдан-жылга райондун экологиясын бузуп жатканын Ашыралиевдин эң негизги айыбы катары мүнөздөшөт. Айылдык кеңештин башка бир депутаты Тайырбек Жайчыбеков мындай дейт:

- Биздин райондо эч кандай өнүгүү жок. Ушул иштеген аралыгында Ашыралиев бир да конкреттүү иш жасабады. Жазгы талаа, айдап- себүү жумуштарына акимчилик дыйкандарга кол кабыш кыла албады. Күйүүчү май, жер семирткичтерди эл таппай сыйпалап отуруп калды. Экология маселесине келсек, Азизбек Ашыралиевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен Айжан өлдү деген жайлоого 34 миң тонна зыяндуу затты төктүрүп салган. Ал эки жылдан бери бак-даракка, айбанаттарга, жергиликтүү калктын ден соолугуна зыянын тийгизип жатат. Ашыралиев же муну нары кылбады, же бери кылбады. Кыскасы унчукпай, же бир иш жасабай эле отурат.

Чоң-Алайдагы “Кайди” компаниясы казып алынган таштарды майдалап, Кытайга алып кетип, ошол жактан алтын өндүрүү менен иштеп келет. Алар 2009-жылдан бери район аймагында Кара-Казык деген жерден кен казып алат.

Өткөн жылы 15-майда ушул эле компанияга байланыштуу жаңжал чыккан. Айрым жергиликтүү тургундар алтыны элене элек кен тартып бараткан компаниянын унааларын өткөрбөй, казылган жерине кайра төктүрүп салышкан. Ошол күнү райондун акими Ашыралиев аны “эл сабап салганын” айтып, милицияга арыз жазган. Аз күн өткөндөн кийин аким өз арызына өзү тосмо арыз берип, "элдин тынчтыгы үчүн баарын кечире турганын" айткан болчу.

Кийинчерээк Чоң-Алай райондук жергиликтүү кеңештин депутаттары кошмо жыйында “Кайди” компаниясынын ишин токтотуу боюнча чечим кабыл алышкан эле.

Район акими Азизбек Ашыралиев болсо депутаттардын дооматтарын четке кагууда:

Азизбек Аширалиев
Азизбек Аширалиев

- Чоң-Алай району былтыркы отчет боюнча Ош облусундагы эң алдыңкы район деп табылган. Бардык көрсөткүчтөр боюнча биз планды толтурганбыз. Район мурда 86% дотацияда турса, биз өткөн жылдын эсеби менен аны 18% чейин түшүргөнбүз. Электрдин, көмүрдүн акчасын айыл өкмөттөр тарыхта биринчи жолу өз жанынан толтурушту. Район өнүгүп атат. “Кайди” кампаниясы боюнча өкмөттөн атайын комиссия келип текшерип, иштеп атышат. Аны мен чече албайм, тиешем жок. Кен маселеси мамлекеттик деңгээлде чечилет. Отчетум боюнча айтсам, ага 63 депутаттын 30у гана канааттандырарлык эмес деп баа берген. Мыйзам боюнча депутаттардын үчтөн эки бөлүгү каршы болсо, отчет жараксыз деп табылат. Азыр ага жеткен жок.

Чоң-Алай райондук депутаттарынын кайрылуусу боюнча мурдагы өкмөт да, жаңы премьер-министр Темир Сариев да эл өкүлдөрүнө жооп кайтарган эмес. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков депутаттардын чечимин колго албаганын айтууда:

- Акимге так күнөө койбой, конкреттүү бир айып такпай эле, кыргызча “кет, кет” деп атышат. Эки-үч оппозициясы бар, үч-төрт саясатчысы бар, алар эптеп эле ушу Ашыралиевге каршы чыгышса болду. Түз эле айтканда өздөрү кызмат алгылары келип жатат. Мага аким бардык отчетторун канааттандырарлык берген, эмненин негизинде кызматтан алышым керек? Анын үстүнө ал депутаттар ишеним көрсөтпөө боюнча чечими ал кошмо жыйында мыйзамсыз кабыл алынган. Экинчиден, мыйзамсыз болсо да кабыл алынган чечимин алар мага беришкен эмес.

Чоң-Алай районунда жалпы 20дай айыл бар. Анда 30 миңдей калк жашайт. Азизбек Ашыралиев аталган районду 2012-жылдан бери башкарып келатат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG