Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Кыргызстан-Кытай: Талкуудагы долбоорлор


"Кемин" подстанциясын куруп жаткан кытайлык жумушчулар. 1-август, 2012.
"Кемин" подстанциясын куруп жаткан кытайлык жумушчулар. 1-август, 2012.

Бишкекте бүгүн Кытай өкмөт башчысы менен Кыргызстандын жетекчилиги кызматташтыктын келечегин талкуулашат.

Бул расмий сапардын алкагында төрт документке кол коюлмакчы. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэн расмий сапар алдында жергиликтүү журналисттер менен жолугуп, анда Кытай өкмөт башчысы Вэн Цзябао Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен буга чейин иштеп жаткан, макулдашуу жараянында турган бардык долбоорлорду талкуулай тургандыгын билдирди.

Кытай-Кыргызстан энергетикалык жаатта кызматташуу менен бирге, азыр жол салуу, кен казуу, айыл чарба, өнөр жай, билим берүү, соода тармактарында түрдүү долбоорлорду ишке ашырып жатат. “Датка-Кемин” электр зымын тартуу, “Кемин” подстанциясын куруу Кыргызстанга пайда алып келе турган акыркы жылдардагы ири долбоорлордон болуп калды. Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тараптардын көптөн берки дымактуу максаттарынын бири бойдон калууда.

Кытай Кыргызстанга алгачкы инвестицияны 1990-жылдары сала баштап, товар жүгүртүү алгачкы жылдары 35 миллион доллардан ашкан. Азыркы товар жүгүртүү беш миллиард долларды түзөт.

Кыргыз өкмөтүнүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Кытай өкмөт башчысынын расмий сапарынын алкагында 4-декабрда Бишкекте кол коюла турган төрт документтин ичинде экономикалык жана инвестициялык иш-чараларды өнүктүрүү жана иликтөө жөнүндөгү, геология, кен казуу жаатындагы кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумдар, техникалык-экономикалык кызматташтык жана Ош-Баткен-Исфана автожолдорун оңдоп-түзөө долбоорун ишке ашырууга жеңилдетилген кредит берүү боюнча макулдашуулар бар.

Тиешелүү мекемелер кол коё турган бул документтерге адистер мурдагы экономикалык долбоорлордун уландысы катары карашууда. Маселен, кытайлык инвесторлор учурда 232 чакырымдык Бишкек - Нарын - Торугарт, 190 чакырымдык Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там автожолдорун куруп, алды аяктап баратат.

Кен казуу жаатында да кызматташтык күчөп жаткан кез. Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Наби Эшназаровдун билдиргенине караганда, кен казуу жаатында өкмөттөр аралык келишимдер жок, бирок лицензия аркылуу келип иштеген компаниялар көп:

- Эки тараптуу келишим жок, бирок башкалар сыяктуу эле лицензия алып иштеген Кытай компаниялары көп. Кытай-кыргыз биргелешкен компаниялары бар.

Кыргызстанда иштеп жаткан жүздөн ашык ар кандай компаниялардын басымдуу бөлүгүн дал ушул кен казуучу ишканалар түзүшөт. Бирок кытайлык инвесторлор менен жергиликтүү калк тил табыша албаган учурлар арбын жолугат.

Экономикалык талдоочу Азамат Акелеев анын төмөнкүдөй себебин белгиледи:

- Негизи Кытай бизнесинин жаман жери этикалык жана экологиялык жактан ыплас иштейт. Ушул жагынан бардыгы мыйзам чегинде жүрүшү керек. Биз өзүбүз миграциялык, экологиялык мыйзамды туура сактасак, кытайлар менен кызматташтыктын коопсуздугу да жогорулайт.

Жергиликтүү божомолдордо Кыргызстанда иштеген жүз миңдей кытай жараны бар экендиги айтылып жүрөт. Бирок Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Кайвэн акыркы маалымат жыйынында муну төгүндөп, кытайлык жарандардын саны 20 миңден ашпайт деп ишендирди.

Кытай Кыргызстан менен кызматташтыгында артыкчылыкты кошуналык жылуу мамилеге берет. Буга эксперттер сепаратисттик маанайы күч саналган Шиң-Жаң уйгур автоном облусу боюнча Кытайдын саясатына чек аралаш Кыргызстандын кыянат мамиле жасабагандыгы олуттуу таасир этет дешет.

Негизи эле Кытай өзүнүн келечегин ар тараптан кепилдөө максатында өз таасирин күчөтүүгө тынымсыз умтулат дейт Азамат Акелеев:

- Негизи бул узак мөөнөттүү стратегия. Бизде гана эмес. Африкадан бери ушундай долбоорлорду жүргүзүп, таасирин күчөтүп жатат. Эң биринчи эле экономикалык жактан, кен байлыктарга боло турган кийинки муктаждыктарын кепилдөө жолдорун издеп жатат. Биздин регион жакын тургандыктан, алар үчүн абдан маанилүү.

Вэн Цзябао Бишкекке дипломатиялык алакалардын 20 жылдыгы аяктап бараткан кезде расмий чакыруу менен келатат. Кесиби боюнча инженер-геолог, айыл чарба жана каржы тармагында мол тажрыйбасы бар Вэн Цзябао Кытай өкмөтүн он жылдан бери башкарып турат. Кытай коммунисттик партиясынын жакында өткөн кезектеги он сегизинчи курултайынын чечимдерине ылайык ал келерки мартта кызматын өткөрүп берет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG