Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Кыргызстан-Кытай: кызматташтыктын келечеги


Кытай мамлекети Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууга кызыкдар жана аны баштоого даяр.

Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин утурлай өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Ал мындан башка да долбоорлор боюнча Кытай Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин айтты.

Ал эми айрым коомдук уюмдар темир жолдун курулушунун шылтоосу менен Кытай тараптан экспансия, мыйзамсыз миграция күчөйт деп санашууда.

Ниет бар, үмүт көп

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэндин айтымында, Кыргызстан темир жолду куруу боюнча өз сунушун Кытайга берди. Учурда негизинен көп маселелер такталып, эң башкысы аны каржылоонун жол-жобосу каралууда.

- Кыргыз тараптан каржылоонун эки варианты сунушталды. Биринчиси, концессия, ал эми экинчиси, биргелешкен ишкана түзүү демилгеси. Эки сунушту тең Кытай мамлекети азыр караштырып жатат. Бул темир жол Кытайга гана эмес, Кыргызстанга, дегеле жалпы Орто Азия мамлекеттерине да пайдалуу.

Элчи ошондой эле темир жолдун техникалык-экономикалык негиздери майда-баратына чейин Кытайдын “Чайна роуд” компаниясы тарабынан такталып жатканын, кыргыз өкмөтү сыяктуу эле негизи кытай тарап да бул жолду курууга чындап ниеттенип жатканын кошумчалады.

Элчинин белгилешинче, Кытай Кыргызстандагы экономикалык жана социалдык долбоорлор боюнча кызматташууга жана аларды каржылоого кызыкдар. Кытай Кыргызстанда ушул тапта оорукана, мектептерди салып, ал эми Ош шаарына коогада жабыркагандар үчүн 5 миллион долларга 9 кабаттуу үйдү кура баштоо аракеттери бар.

Кытайдын эсеби боюнча, өткөн жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 5 миллиард долларды түзгөн. Эң жогорку чек 2008-жылы катталып, анда соода жүгүртүүнүн көлөмү 9 млрд. доллардан ашканы айтылууда. Бирок кыргыз тараптын эсеби боюнча бул сан кыйла аз.

Элчинин пикиринде, эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирип калса, бул эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүгө таасир этиши мүмкүн. Бирок ал Кыргызстандын Бажы биримдигине кирип жатканда алган жеңилдиктерине жараша болот.

Кооптондурган экспансия

Ван Кайвен Кыргызстандагы кытайлардын саны боюнча мындай маалымат берди:

- Кыргызстанда кытайлык 100дөн ашуун ишкана бар. Студенттер июнь окуясына чейин эки миңден ашыгыраак болчу. Азыр алардын саны бир жарым миңдей. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги жана консулдук мекемеси жыл сайын 10 миңдей кытай жаранына виза берет. Ал эми биз болсо бир жылда 30 миңден ашыгыраак кыргызстандыкка виза ачабыз. Ал эми виза алып, Кыргызстанга келген 10 миң адамдын көбү негизинен кайра кеткен десе болот.


Буга чейин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов мыйзамсыз жол менен жүргөн 90 миңдей кытай бар экендигин билдирген. Бирок “Эр айдоочу” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Качкын Булатов Кыргызстанда жүргөн кытай жарандарынын саны андан да көп деген ойдо.

- Келип алып кетпей эле жүрүшөт, акча берип коюп. Алардын акчасын милиция, УКМК алат. Ушинтип эле эч ким аларды текшербейт. Кеттиби, кетпедиби деп сураган эч ким жок.

Ал эми айрым активисттер Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулса, мыйзамсыз миграция жана кытай экспансиясы күчөйт деп коңгуроо кагууда. “Элдик академия” уюмунун мүчөсү Арстанбек Абдылдаев Кытай менен астейдил мамиле күтүү керек дейт.

- Тибет да экспансияга туш болду. Бүгүн Тажикстанга кирип алып, кытайлар чыкпай жатышат. Ушундай коркунучтар бар. Кыргыздарды да бара-бара көз каранды кылып алат деген ойлор бар. Ал эми темир жолдун Кыргызстан үчүн пайдасы аз гана болот.

Президент Алмазбек Атамбаев ушул аптада “Азаттыкка” курган кеңири маегинде темир жол курулса, Кытай экспансиясы күчөйт деген пикирлерге карата буларды айткан:

- Бул жөн эле коркуткан сөз. Темир дарбаза коёбуз, же тор илебиз, ошол бойдон көрмөксөнгө салып койсок эле Кытай жок болуп калат деген - болбогон сөз. Кытай чоң мамлекет, дүйнөдө ар бир төртүнчү адам кытай. Ушундай күчтүү, бай коңшудан биз тескерисинче пайда чыгарышыбыз керек.

Кытай элчиси Ван Кайвен журналисттер үчүн маалымат жыйынын Шанхай кызматташтык уюмунун 6-7–июнда Бээжинде өтүүчү мааракелик саммитине карата уюштурду. Анын айтымында, саммиттин алдында кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Кытайга иш сапары да болот. Анда эки өлкө башчылары бир топ документтерге, анын ичинде биргелешкен декларацияга да кол койору күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG