Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Кыргызстан-Кытай: кызматташтык кыр ашабы?


Президент Роза Отунбаева Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьер-министри Ли Кэцян менен жолугушуп жатат. Үрүмчү, 1-сентябрь.
Президент Роза Отунбаева Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьер-министри Ли Кэцян менен жолугушуп жатат. Үрүмчү, 1-сентябрь.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Кытайдын Үрүмчү шаарында иш сапары менен жүрөт.

Сентябрдын ортолорунда премьер-министр Алмазбек Атамбаев да Кытайга барып келмекчи.

Ал ортодо Кыргызстанда кытайлык ишканаларга каршы жүрүштөр күч алууда. Ушундан улам эки өлкөнүн алакасына доо кетиши ыктымал деген чочулоолор бар.


Жүз миллион юань грант


Президент Роза Отунбаева Үрүмчүдөгү иш сапары алкагында 1-сентябрда Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьер-министри Ли Кэцян менен жолугушту. Расмий маалыматка ылайык, анда Кытайдан Кыргызстанга 100 миллион юань грант берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Эми сентябрдын ортосунда Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев да Кытайга жөнөгөнү жатат. Өкмөт башчынын иш сапарынын максаты азырынча ачыктала элек.

Солтон-Сары кенине байланыштуу нааразылык акциясына чогулган эмгекчилдиктер, 27-август.

Кыргызстандын өлкө жетекчилеринин Кытайга сапарлары өлкөдө кытайлык ишканаларга каршы жүрүштөр күчөп турган маалга туш келүүдө. Бул нааразылык акцияларды адатта билдирүүлөргө сараң келген Кытайдын Кыргызстандагы элчиси айыптап чыкты. Элчи кыргыз бийликтерин чет өлкөлүк инвесторлордун кызыкчылыгын жөндүү коргобой жатат деп айткан.

Серепчи Уран Ботобеков эгер мындай окуялар кайталана берсе кытай тарап кескин кадамдарга барышы ыктымал деген ойдо:

- Кытай дипломатиясы ар дайым өзүнүн экономикалык кызыкчылыгын ар кандай жолдор менен коргоп келген. Бул жолу Кыргызстанга карата ушундай кадамдары жасалышы мүмкүн. Өткөндө элчиси атайын билдирүү менен чыкты. Эгерде биз тараптан дагы эле кытайлык инвесторлорго каршы иш жүрө бере турган болсо анда дагы башка олуттуу кадамдарды күтсө болот. Чек араны жаап, же алардын өкмөтү тарабынан билдирүү жасалышы мүмкүн. Же болбосо дагы башка санкциялар колдонулушу мүмкүн. Эл аралык уюмдардын алкагында да кандайдыр бир кадамдар сөзсүз болушу мүмкүн.

26-августта Нарындын Эмгекчил айылынын 300дөй тургуну Солтон-Сары алтын кенин иштеткен кытайлык компанияга каршы наарызылык акцияга чыгып ишкананын күзөткөн үч милицияны, үч кытайлык жумушчуну сабап салышкан.

Андан мурдарак чоңалайлыктар да кен иштеткен кытайлыктарга каршы чыгышкан. Кеминде жол куруп жаткан Кытайдын ишканасына да жергиликтүү жумушчулар нааразы болуп жүрүшкөн.


Каршылык акциялары алакага таасир этеби?


Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков бул маселелер парламентте каралышы ыктымал экенин билдирди:

- Бул окуялар кандайдыр бир күчтөрдүн таасири менен болуп жатат окшойт. Мен баягы кызыкчылыгы бар жергиликтүү компаниянын артында турган күчтөр болушу мүмкүн деген ойду айтып жатам. Бул кытай-кыргыз мамилесине ал эч кандай деле таасирин тийгизбесе керек. Бул маселелерди парламентте “ар кайсы маселелер” деген жерде карайбыз го. Азыр толук маалымат ала элекпиз, толук маалымат келгенден кийин гана комитетте карайбызбы, же жокпу деп чечебиз.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэнь “Азаттыкка” курган маегинде кыргыз-кытай алака-катышы бири-бирине пайдалуу шартта гана өнүгө алат деп айткан болчу. Бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга эки өлкө тең кызыкдар экенин билдирген. Маселен Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу темир жол куруу долбоору тууралуу кеп кылган:

- Биз бул долбоор тууралуу мурдатан бери эле айтып келе жатабыз. Он жылдан ашты. Бирок тараптар бул темир жолду куруу керек деген чечимге келишкен. Азыр техникалык гана маселелер калды. Биринчиден, бул темир жолдун туурасы кандай болот деп стандарттар боюнча тактоо жүрүп жатат. Анткени бизде, Кытайда эл аралык стандарттар боюнча жолдун туурасы куушурак, ал эми силерде, Кыргызстанда советтик стандарт боюнча салынган. Экинчи маселе, инвестициялоонун форматында жатат. Анткени бул абдан кымбат долбоор, болжол менен 2 миллиарддай америка долларын түзөт. Жакында бул долбоорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү аракеттер башталат деп үмүттөнөм. Анткени Кытай да, Кыргызстан да бул темир жолдун курулушуна кызыкдар.

Кыргызстанда Дордой, Кара-Суу өңдүү ири базарларда 10 миңдеген үй-бүлө Кытайдан ташылып келген товарларды кайра сатып тирилик кылат. Кытай Кыргызстанды трактор, автобус менен камсыздап жатат. Июнь коогасына байланыштуу да жардам берип кол сунган.

Айрым серепчилер Кытай ири экономикалык долбоорлор менен жылма экспансия жүргүзүүдө деп айтып келишет.

Кыргыз-кытай мамилесинде катуу чекишкен учурлар каттала элек. 2004-жылы терроризм-экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү деген таризде Кыргызстан уйгур тектүү кытайлык жарандарды Кытайга өткөрүп берген болчу. Муну айрум укук коргоочулар кескин айыптап чыгышкан эле.

XS
SM
MD
LG