Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Ала-Бука: Соломодогу кенди ачтырбай жатышат


Ала-Бука районундагы алтын казып жаткан компаниялардын биринин техникасы.
Ала-Бука районундагы алтын казып жаткан компаниялардын биринин техникасы.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда алтын кенге байланыштуу чыр чыкты.

Аталган райондогу Өрүктү айыл өкмөтүндө жергиликтүү эл KGM Ltd кыргыз-кытай компаниясынын Соломо аймагынан кен казуусуна каршы болуп, бир канча миң гектар кайрак жерге суу чыгарып берүүсүн талап кылууда. KGM Ltd 40 миллион доллардан ашык каражат керектелген бул долбоорду ишке ашырууга чакан ишкананын чама-чаркы жетпесин, Өрүктүдөгү мындан башка социалдык маселелерге каралаша аларын айтууда.

Өрүктүлүктөрдүн талабы жүйөлүүбү?

KGM Ltd компаниясы Соломодогу кенди казуу үчүн лицензияларды 2010-жылы алган экен. Чалгындоо, казууга даярдык көрүү жана дагы башка бир катар жүйөлүү себептерден кен казууну былтыр күзүндө баштаганы жаткан. Бирок иш башталаар алдында жергиликтүү эл каршы чыккан. Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы Жаркынбек Алчынбаев кыргыз-кытай компаниясына негизинен кайрак жерге суу чыгарып берүү талабы коюлуп жатканын бышыктады:

- Орток-Бел деген массив бар. Беш-алты миң гектардын тегерегинде кайрак жер, суу чыкпайт. Бул массивден 200 метр ылдый жакта Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан. Андагы суу түптүз Өзбекстанга түшүп кетет. Бир топ суу ошол жакка агып жатат. Кайрак жерди сугат жерге айлантуу маселеси бир топ жылдан бери чечилбей келет. Кен казганы келген компанияга бир топ талап коюлган, ошолордун бирөө Орток-Белге суу чыгарып берүү болчу.

Маалыматка караганда, Соломо аймагында 300 килограммга жетпеген алтын жатат. KGM Ltd компаниясынын жетекчиси Алмамбет Эсенкуловдун билдиришинче, Орток-Белди сугат жерге айлантуу ондогон миллион долларды талап кылат. Эсенкулов мындан улам чакан компания өрүктүлүктөрдүн бул талабын аткара албасын, азыраак каражатты талап кылган башка социалдык маселелерине каралашуу сунушуна жергиликтүү эл көнбөй жатканын айтууда:

- Биз аларга суу чыгарып бере албайбыз, ага каражатыбыз да, күчүбүз да жок деп айттык. Ал өзү 46 миллион долларлык долбоор экен. Союздун тушунан бери ишке ашпай келатыптыр. 24 чакырым канал куруу керек экен. Андан көрө айылдын ичиндеги көйгөйлөрүңөрдү чечкенге каралашалы деп сунуштадым. Мектептин долбоору бар экен, аны салып бергенге макул болдук, бир айылдын четиндеги үйлөргө электр жарыгы жетпейт экен, ал жакка трансформатор орнотуп берели дедим. Жаштар спорт зал куруп бергиле дегенде ага да макул болдук. Эми ушундай сунуштарга ынабай, ошол жактагы кызыкчылыгы бар кишилер бизге бут тосуп жатышат.

Чырга депутат Пирматовдун тиешеси барбы?

Аймактагы ишенимдүү булактардын маалыматына ылайык, кен боюнча чыр-чатакка Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун тиешеси бар. “Азаттык” Пирматовдун өзү менен байланышып, бул доомат боюнча комментарий алууга аракет жасады, бирок майнап чыккан жок.

KGM Ltd компаниясынын жетекчиси Алмамбет Эсенкулов болсо Пирматовго байланыштуу буларды билдирди:

- Исхак Пирматов жергиликтүү гезитке ошол жерге ГЭС куруп берем деп интервью берген экен. Ошол ГЭСтин курулушуна кен казуу тоскоол кылат дегендей айтыптыр. Пирматовго жолугуп сүйлөшкөнбүз, карталарды көрсөтүп, кен казууга тоскоол болбосун айтканбыз. Эл анын айтканына ишенип жатат. Ал 11 миллион долларлык долбоор экен. Азыр эми жергиликтүү эл бизден лицензияны тартып алып, ошол жерге өздөрү ГЭС курабыз деп жатышабы, же кандай, мен да түшүнбөй калдым.

Өрүктүлүктөр Соломодогу кендин казылышына каршы соңку ирет 4-августта чогулган. Анда аталган кенди казганы жаткан компанияга таандык кээ бир мүлк бүлүнүп, уурдалган фактылар орун алган. Райондук милиция башчы Асылбек Бийчиев бул фактыларды териштирүү аяктай электигин маалымдады:

- Компаниянын өкүлдөрү ушундай фактылар болду деп облустук милицияга кайрылган. Азыр текшерүү жүрүп жатат. Азырынча кылмыш иши козголо элек. Облустук милициянын кызматкерлери бул жакка келип териштирип жатат. Эгер мүлк уурдалды деген факт далилденсе, сөзсүз кылмыш ишин козгойбуз. Ал жерде негизи тополоң болгон эмес, бирөө таш ыргытып жибергенде айнек сынып калган. Бизде кенге байланыштуу быйыл ушул эле чатак болду. Калган кендин баары токтоп турат.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонддун Жалал-Абаддагы өкүлү Асылбек Кочкорбаев кен казган компаниялар менен жергиликтүү элдин талаш-тартышынын бир канча себептерин санап берди:

- Тоо-кен байлыктарын иштетүүдөгү бирдиктүү саясаттын так эместиги, чечим кабыл алган аткаминерлердин коррупцияга малынышы жер байлыктарын натыйжалуу пайдаланууга бөгөт болуп жатат. Мындан сырткары мындай чатактардын артында ар кандай кызыкчылыкты көздөгөн топтор бар экенин эске алышыбыз керек. Ошондой эле кен казган компанияларга эл ишениминин аздыгы да мындай чатактарга таасирин тийгизет.

Кен чалгындап, казып жаткан компаниялар менен жергиликтүү элдин тил табыша албай жаткан учурлары Кыргызстандын дээрлик бардык аймагында кездешет. Мунун айынан ушул тушта бир топ компаниялар лицензия алганы менен ишин баштай албай келет.

XS
SM
MD
LG