Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:36

Блог-Миңсанат

Бозо Кытайдын мурас тизмесинде

Кытайлык кыргыздар бозоканада.
Текст көлөмү - +
Бозо байыртан келе жаткан кыргыздардын кышкы суусундугу. Бабаларыбыз жазда шерине уюштургандай эле, кышта жоро бозо майрамдарын жасай койуп келишкени белгилүү.

Үрүмчү шаарында кыргыз бозосун салып сатуучу “Жайлоо даамдары” аттуу чайкана бар. Чайкананын кожойуну Ахмет Акун уулу Шиңжаңдын Казакстан менен чек арасына чукул Tекес дубанынын Kөк-Tерек айылынан. Үрүмчүгө келип бул чакан чайкананы ачканына үч-төрт жыл гана болгонуна карабай, шаар ичинен үч бөлмөлүү үй жана машина алууга жетишти.

Чакан чайкананын ийгилигин кожоюну кыргыздын тамак-ашынын шириндиги жана дарылык күчү менен байланыштырып түшүндүрөт:

- Биздин чайканага көбүнчө кыргыздын беш бармагы, көктеректик кыргыздардын сый тамагы болгон палоо кесме жана сүттүү чай үчүн баш баккандар арбын. Анан кыргыз элинин байыртан келе жаткан улуттук суусундугунан жазгысын кымыз, жарма, кышкысын бозо үчүн келген кыргыздар көп. Башка улут өкүлдөрү бул суусундуктарды көбүнчө дарылык үчүн ичишет. Айрымдары күн сайын келип турушат. Алардын ичинде бүт Шинжаң элинин сыймыгы болгон атактуу адамдар да бар.

Көк-Терек айылында учурда жыйрмадан ашуун бозокана бар, көпчүлүгүнүн бозосун шаардан атайын машина менен барып алып кетип тургандыктан, кээ бир күндөрү түштөн кийин бозо калбай калган учурлар болот.

Ахметтин айтымында, тек Көк-Терек айылы, же Үрүмчү гана эмес, Түндүк Шинжаңдын батыш кыйырындагы Текес, Кулжа сыйактуу чоң шаарлардан да кыш күндөрү «Кыргыз бозосу» деп жазылган көрнөктөрдү көп эле жерден көзгө сүртүүгө болот. Ахмед мырзанын айтымында, Иле кыргыздары демилге көтөрүп, кыргыз бозосу кытай өкүмөтүнүн бейзаттык (материалдык эмес) мурастар тизмесине киргизилди.

Мындан бир канча жыл мурда Артыш шаарында Кыргызстандан «Шоро» фирмасынын суусундуктары базарга түшкөн. Бирок ал Шинжаңдын түндүк аймагында азырынча белгисиз бойдон калууда.

Бектур Илияс, Үрүмчү
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Venera каяктан: Korea
13.02.2012 12:29
Bir ejemdin anemia, andan tyshkary ashkazanynyn kychkylduulugu tomon bolup tamakty jakshy singire albai jurgondo taza taruunun BOZOsun 1 jyl ichip aiygyp ketken! Bozo jon ele ichimdik emes, daarylyk sapaty kuchtuu suusunduk! Andyktan bul makala bozonun kasietin bilbegender uchun baaluu maalymat. Жайлоо даамдары” чайканаsynyn kojoiundaryna alban-alban iygilik!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: омск
04.02.2012 20:20
Ай кыргыздар туура талкууну качан уйронобуз. ЖОК дегенде ишигерге ийгилик деп койбойсунарбы ,мен айтат элем алган уйу и машинасы озуно насип этсин андан дагы коп нерселерге жетишсин.Арекетке берекет.

кимден: Ырыс каяктан: Бишкек
03.02.2012 18:34
Аксакалга : Аксакал , кытайлар кытайдагы кыргыздарга кандай шарт түnpg бериптир ? Кыргыз мектептеринин баарын жоюп , кытайга сииштирүү саясятын жүргүзүп жатканын шарт жасап берип жатышат дейсизби ? же Торугарт менен Эркештамдагы бажыкананы Кызыл-cуулук кыргыздырга башкартпай кашкарга башкартып койгонун айтасызбы? Же бизге карата берип жаткан радио уктуруусу менен теле берүүсүндө кытай деп айткызбай жүңго деп кытайча атоого зордоп жатканын айтасызбы ? Же кытай мектептеринин география окуу куралдары менен тарых окуу китептериндеги азырга чейин кыргызстандын ысык-көлунөн чүй чөлкөмү кытайдын жери деп окутуп келе жатканын айтасызбы ? Деги эле кыргызстанды эгемен мамлекет деп таанып туруп ,ысык-көлүнөн тарта кең чүйү биздики деп жаткан кытайлар менен ШОСтун кереги барбы ?
Пикирге жооп

кимден: ормон
03.02.2012 19:24
Пикирине толук кошулам. Кытай эч качан кыргызга оз кызыкчылыгы болбосо жакшылык кылбайт. Бирок мен кытайды ал саясаты учун кунолобойм. Биз кытайдай кучтуу мамлекет болсок биз деле ошондой саясат жургузмокбуз. Ошон учун сак болушубуз керек. Козу кандай чындык суйлобосун карышкырдыкы ар дайым чындык. Анткени карышкырдын курсагы ачка козуну жегиси келет...Тушунгондор тушунот............

кимден: Asylgul
03.02.2012 16:56
Мен кытайлык кыргыздарга чон урмат көрсөтөөр элем,анткени алар канча жылдан бери Ата- Журтунан алыста жашап келишсе дагы каада -салтыбызды унутпай, эне тилибизде сүйлөп ырдап келишет."Колдо бар алтындын баркы жок" деген кыргыз да жакшы сөз бар эмеспи, өз өлкөбүздө жашап улуттук баалуулуктарды эске албай келебиз. Дүйнө жүзүндө саналуу эле кыргыз бар эмеспи, биз өзүбүз маданий, улуттук баалуулуктарыбызды унута калтырбасак деген ой. Анткени учурда кайсы мамлекет өнүгүп кетсе, ошолордун маданиятын, жүрүм-турумун кабыл алгандан күндөп өсүүдө.

кимден: расул каяктан: Москва
03.02.2012 13:07
Кесме озубуздун эле Озгондо да бар А Бозо болсо терен жайылган суусундук денсоолукада пайдасы коп канды кобойтот организимди тазалайт . Расул

кимден: Эксерт
03.02.2012 13:01
Бул эмне деген соз? Бул Манас эпосу Кытайдын мурасы катары, кыргыздын бозосу Кытай мамлекетинин мурасы катары катталып калат деген соз. Кийин тарыхта да кытай мамлекетинин мурасы катары кете берет. Маданий экспансия деген ушул. Кыргызстанда да элементтери бар деп кошумча гана (!) катары Кыргызстанды кошуп коюшат. Негизгиси Кытайдын тамагы, Кытайдын эпосу болуп калат. Мындай эрежелерди жок кылыш керек.
Пикирге жооп

кимден: Асанкайгы каяктан: Тениртоо
03.02.2012 14:44
Эксерт атында сөзүңда бек серт экен. ойу-жойун, колун, жолуң бош туруп кылууга тийиштүү иштерди өзүң кыла алба, кылгангандарды көрө алба. бул кандай жорук. жасабай жалкоолонуп жата берсең сени жасайт эле деп башкалар күтүп жүрүү керек беле. кирсе кытай кыргыздары атынан кирип жатат. ага анча эмне чычалайсың. сен башканы койуп дайар колго келген эркиндигиңди, кыргыз мамилекетин сактап калууну ойлош.
Пикирге жооп

кимден: Асанкайгы каяктан: Тениртоо
04.02.2012 15:38
А баракелди айткандарыңда калет жок. мен деле сендей ойдомун. ал окообуздун ойлогонубуздай кыргыз бийлиги ойлобой жатса кандай кылабыз?!...
Пикирге жооп

кимден: Эксперт
03.02.2012 19:48
Таксыр бул жерде эрежелер тууралуу кеп болуп атат. ЮНЕСКОнун эрежеси кандай? Кайсы бир баалуу мурас чон эле мамлекетте гулдоп онугуп атса, ал мамлекетте катталбайт дагы, ал жок болуп бараткан мамлекет отунмо берсе ошол мамлекеттин атынан катталат. Мисалы, "Манас" эпосу Кыргызстанда жок болуп кетуу коркунучу жок дейт да, ал онор жок болуп бараткан Кытайдын атынан каттайт. Каттаганда эмне деп каттайт? ""Манас" - Кытай Эл Республикасындагы кыргыз деген элдин эпосу. Айрым элементтери Кыргызстанда, Казакстанда ж. б. жерлерде бар" деп коет. Ушундай амал менен монголдордун комокой ырчылыгын, корейлердин куурчагын, дагы бир топ маданий мурастарды озуно каттатып алышкан. А чындыгында Кытай кыргыздарына караганда "Манас" Кыргызстанда алда канча жакшы онуккон. Кудайга шугур, 7 кун тынбай айткан манасчыларыбыз бар. Кытайдагы кыргыз боордошторубузга мен деле ыраазымын Сизге окшоп. Бирок бул жерде ЮНЕСКОнун жана башка эл аралык уюмдардын эрежеси тууралуу кеп болуп атат. Бир нерсеге документ берээрде ал документ объективдуу экенине коз салыш керек. Мисалы, "Манас" - бул биринчи иретте Кыргызстандын байлыгы, анткени аны жараткан элдин тупку мекени Кыргызстан! Ошол сыяктуу эле азыркы уюмдар бешбармак казактыкы деп казактар биринчи отунмо жиберсе ошолорго каттап, калпакты каттап, дагы ошондой бизге тиешелуулордун баарын башкаларга каттап коюп атышат. Кийин так ушул кыйчалыш жагдайлардан улам эл аралык денгээлде чатак чыгат, коросунор. Анткени мындай эрежелерге нааразы болгондор биз эле эмес, дуйно жузундо коп.
Пикирге жооп

кимден: Абвал
03.02.2012 19:27
сен кытай экенсин

кимден: Аксакал каяктан: Бишкек
03.02.2012 12:02
Мен Кытайлык кыргыз туугандарга терен таазим этем. Аз сандагы кыргыз туугандарга шарт түзүп берген Кытай мамлекет башчыларына дагы ыраазычылык билдирем. Биз өзүбүздүн Кыргыз мамлекетинде жашап кыргыз тилин жакшы өздөштүрө албай жатабыз, кыргыздын үрп-адаттарын, тарыхий байлыктарын тутунбастан, элибизди руханий жардылантып баратабыз. Кээ бир саясатчылар бөөштөнүп, кыргыз тилин мококтотпой таза сүйлөгөнгө аракет кылса болбойбу? Мына Кытайлык Жусуп Мамай абабыз кыргыз, Манас дегенди миллиард калкы бар Кытайга эмес, бүт дүйнөгө таанытып, мурас кылып берди, Өмүрбек Макелек деген тууганыбыз өзүнчө энциклопедия, кыргыз тилинин басып жүргөн кенчи, мына эми Ахмет тууганыбыз кыргыздын бозосун даңазалап жатыптыр. Мин мертебе сиздерге Рахмат.
Кудайдан тилеп, биздин жетекчилерге нысап, элибизге ыйман, жерибизге береке берсин деп, Алладан СУРАНАБЫЗ.

кимден: кыргыз каяктан: 123
03.02.2012 08:27
Кыргыздын улуттук суусундугу "Бозо" тууралуу кандидаттык диссертация жактап, коптогон аймактардын ага окшош суусундуктарын анализдеген кыргыз жигити бар.

кимден: Okurman каяктан: Bishkek
03.02.2012 01:19
Урматтуу Бектур Иляс.
Сиз жазган макала бизди абдан кызыктырды. Бозону кыргыздардан башка кимдер жасайт болду экен деп кызыгып изилдеп көрдүңүзбү? Бул тууралуу маалымат берсеңиз абдан жакшы болот эле. Баса, англисчеде да "buza" деген сөз бар экен деп уккансыдым эле...

"палоо кесмени" Кыргызстандын (Алайкуу өрөөнү) жана Шинжаңдын (Көк-Теректик кыргыздардан башка) кайсыл жердеги кыргыздары жасайт болду экен
Пикирге жооп

кимден: kyrgyzmyn каяктан: china
04.02.2012 19:12
Paloo kesme ---- degen uiru paloo bolup jurbosun daghy`````````bul tamakty apam ay saiyn etip beret.........guruch bolboghon jerlerde bul tamakty kop etet....
Пикирге жооп

кимден: bektur каяктан: vrvmchv
03.02.2012 18:35
Саламатсыз!

Мен билгенден, уйгур тамак-ашы жөнүндөкү айрым маалыматтарда тарыхта өздөрүнүн <<Бозо>> деген суусундугу болгондугу жөнүндө эскеришет. Бирок алар муну тек гана орто кылымдакы жалпы түрүк элинин орток байлыгы болгон улуу инсандардын чыгармаларында тилге алынгандыгына байланыштуу айтып жүрүшөт. А казак туугандарда да ушуга окшош маалыматтар бар. Ал палоо кесме болсо Кызыл-суу кыргыз аптоном обуласынын айрым айылдарында да жасалат. Бирок алар башкача аташат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)