Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Жазыксыз наристенин өлүмү иликтенүүдө


Адистер соңку кезде балдарга карата зордук-зомбулук көбөйгөнүн белгилешет.
Адистер соңку кезде балдарга карата зордук-зомбулук көбөйгөнүн белгилешет.

Эки жаштагы кызды ата-энеси сабап өлтүрдү деген факт боюнча Ак-Суу райондук милициясы кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат.

Өлүмгө шектелген кыздын өгөй атасы камалып, өз энеси кош бойлуу болгондуктан, үй камагына алынды.

Ак-Суу райондук ооруканасына бешинчи октябрь күнү оор абалда эки жашар наристе түшкөн. Бирок, катуу жабыркаган кыздын өмүрүн сактап калууга дарыгерлердин күчү жетпей, түн жарымда үзүлгөн. Мерт болуп калган наристенин энеси бул кайгылуу окуя боюнча өз оюн айтуудан баш тартты.

Наристе реанимация бөлүмүндө жатканда, үй-бүлөлүк дарыгер Элмира Жылкыбаева караган экен. Ошол учурда наристенин кандай акыбалда болгонун мындайча сүрөттөп берди:

- Мен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мүчөсү катары баланын оор абалда түшкөнүн угарым менен бардым. Капельницада жатыптыр, эстен танган, денеси көгала экен. Жамбашында жана жыныстык мүчөсү жакта да көгаласы бар болчу. Бир нече күн ачка кармаганы, өтө арык жана өсүп-жетилүүсү жай экени көрүнүп турду. Энеси менен сүйлөшсөк, эки-үч күн мурун кулап кеткен деп билдирди.

Дарыгерлердин айтымында, наристенин алган жаракаттары эки –үч күн мурда катуу токмок жегенинен кабар берип турган.

Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгы токмоктолгон наристе тууралуу маалымат түшөрү менен, ооруканага барып, окуяны көзөмөлгө алган.
Райондук ички иштер бөлүм башчысынын орун басары Талант Абдылдаев мындай деди:

- Кыздын оң жамбашы жана сол колунун каруусу сынган. Денесинин баары көгала. Аркасына катуу бир нерсе менен чапкан көрүнөт, жаракаттары бар экен. Биз барганда кыз эс-учун жоготуп жатыптыр.

Ички иштер кызматкерлеринин айтымында, бул үй-бүлө жакыр катмарга кирет. Кыздын энеси биринчи турмушунан жолу болбой, экинчи жолу 78-жылы туулган жаран менен кол кармашкан. Бирок экөөнүн никеси расмий каттоодон өткөн эмес. Талант Абдылдаев учурда камакта отурган өгөй ата кызды эмне үчүн сабаганын сураган экен.

- Эмнеге сабадың эле десек, "сийип-чычып, кечке ыйлай берчү" деп айтты. Анан үбөлүк менен сабачумун дейт. Энесинен эмне себептен болушкан жоксуң деп сурасак, «жолдошуман коркчумун, мени дагы сабачу» деп жооп берди.

Учурда токмоктолуп каза тапкан эки жашар кыздын иши боюнча кылмыш иши козголуп, териштирилип жатат. Кыздын энеси кош кабат, ай-күнүнө жетип тургандыктан үй камагында. Өгөй атасы болсо райондук соттун чечиминин негизинде эки ай камакка алынган.

Адистердин айтымында, акыркы жылдары балдарга карата зордук-зомбулук күч алууда. Наристелердин басымдуу бөлүгү өгөй ата-энеден, кошуналардан, мектептен, белгисиз, тааныбаган бирөөдөн запкы көрүп ооруканага түшөрү аныкталган.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG