Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Балдар үйүндөгү "жетим" балдар


Балдар үйү, Бишкек
Балдар үйү, Бишкек

Кыргызстанда балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткандардын 6% гана томолой жетим. Калгандарынын ата-энеси бар. Укук коргоочулар интернаттарды каржылоого кетип жаткан миллиондогон акчаны баланын үй-бүлөдө жашап өнүгүүсүнө жумшоо боюнча негизги максаттар аткарыла электигин айтууда.

Бишкектеги Кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборунда учурда жүзгө жакын бала тарбияланууда. Эң кичүүсү эми гана там-туң баса баштаган бир жарым жашар наристе, улуулары 15-16 жаштагылар. Мен барганда балдар түшкү тамагын ичип, уктаганы жатышыптыр. Сыртынан 5-6 жаштагыдай көрүнгөн Улан өзүн 4 жаштамын деп тааныштырып, үй-бүлөсү тууралуу божурап буларды айтып берди:

- Апам-атам бар. Үйдө. Апам иштеп жатат. Атам уктап жатат. Бөбөгүм кичинекей.

Улан сыяктуу атасы да, энеси да тирүү туруп ушинтип балдар үйүндө мээрим көрбөй жашап жаткан наристелер Кыргызстанда миңдеп саналат.

Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, мамлекеттик, муниципалдык, менчик жана диний интернат, борбор, балдар үйлөрүндө 8 миңден ашуун бала тарбияланууда.

Алардын 500ү, башкача айтканда 6% гана томолой жетим, калганынын баарынын же ата-энеси экөө тең, кээ бирлеринин атасы же энеси тирүү. Арасында Орусияга же Казакстанга иштегени кетип, экиден-үчтөн баласын калтырып кеткендер да бар.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кароосуз калган жана жетим балдар багылган 86 мекеме бар.

Соңку бир нече жылдан бери укук коргоочулар мамлекет ошондой балдар үйлөрүн каржылоого кетирген акчаны баланын жана ал жашаган үй-бүлөнүн өнүгүүсүнө жумшоосу керектигин айтып келатат. Себеби, алардын белгилешинче, жыл сайын бюджеттен бөлүнгөн миллиондогон сом балага эмес, ошол мекеменин имаратын оңдоп-түзөөгө, тарбиячы, кароолчулардын айлык маянасына, тамак-ашына жумшалып жатып жок болот.

Баланын үй-бүлөдө тарбияланышы үчүн күрөшүп келаткандар алгачкы жеңиши катары интернатка жөнөтүү чечимин мурдагыдай комиссия эмес, сот кабыл ала баштаганын, мунун натыйжасында соңку 3 жылда балдар үйүндө тарбияланып жаткандардын саны дээрлик 4 миңге кыскарганын айтып келишет.

Ал эми, мисалы, социалдык-экономикалык абалы Кыргызстанга окшош деген Молдовада 49 интернаттын 47син жоюуга жетишкендей натыйжа азырынча боло элек.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова кеп мамлекет интернатка деп бөлгөн акчаны ата-эненин колуна карматып коюу тууралуу эмес, оптималдаштыруу, кыйын абалга кептелген энелерге, үй-бүлөлөргө бутуна туруп, баласын таштабагандай өз алдынча оокат кылып кетишине жардам берүү жөнүндө жүрүп келатат дейт:

- Түздөн-түз ата-энелердин колуна карматып койгон да болбойт. Себеби алар ар кандай пайдаланып коюп, баланын кызыкчылыгына жетпей да калышы мүмкүн. Мисалы, биз жөн гана гуманитардык жардам бере бербестен, жардамга муктаж энелерди атайын курстарга жөнөтөбүз, окутабыз. Кийин бутуна туруп алгандан кийин аларга биздин жардамыбыздын деле кереги жок болуп калат. Мисалы, Молдова мамлекетин алсак, алар экономикалык жактан бизден да оор абалда, миграция маселеси да өтө курч. Бирок ошого карабастан, алар балдар үйлөрүн жабышты.

Турдубекованын айтуусунда, бул иш айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде жүргүзүлүп, ошол жакта түзүлгөн социалдык кызматтар жеринен жардам бериши керек эле. Бирок айылда жумушсуз калган, кыйналгандардын көбү Бишкекке жана башка шаарларга агылып жаткандыктан интернаттардын көбү ошолордун балдарынын эсебинен толуп жатат.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин депутаты, көптөгөн жылдар бою мектепте иштеген педагог-психолог адис Евгения Строкова баланын үй-бүлөдө жашоо укугун коргоо үчүн мамлекет жалаң гана каржылык маселелерге эмес, жарандарды тарбиялоо жагына да көңүл бурушу керектигин айтууда:

- Мен көп балалуу үй-бүлө болушун колдойм. Бирок пландаштыруу керек. Ойлонулган, салмакталган чечим кабыл алынуусу зарыл. Бизде балдар үйлөрүнүн баары эле жаман эмес. Бирок ал жакта тарбияланып чыккан балдар даяр оокатка көнгөндүктөн, арасында өз алдынча чай коюп, демдей албагандары да бар. Алар үй-бүлөлүк мамиле дегенден алыс болуп калууда. Ошону менен катар адеп-ыйман тарбиясы да жакшы жүрбөй жатат. Бул жерде ата-эненин ролу өтө чоң. Мектепте балдарыбызды тарбиялабай жатат дешет. Андай тарбия иштери жүргүзүлүп эле жатат. Демек ата-энелер балдарынын китеп-дептерин ачып карап да коюшпайт. Ошонун баары кесепетин тийгизип жатпайбы.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын калкынын 47% балдар түзөт.

Учурда вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын жетекчилиги менен үй-бүлөнү, энеликти, балалыкты коргоо боюнча өкмөттүк программа түзүлүүдө. Анда биринчи кезекте үй-бүлөлөрдүн өнүгүүсүнө, кыйналып жаткандарына жардам берүүгө шарт түзүүчү кызматтарды ачуу, энелерге колдоо көрсөтүү, зомбулукка кабылган балдарды коргоо системасын иштеп чыгуу каралууда.

Программа октябрь айында кабыл алынып, ишке киргени жатат.

XS
SM
MD
LG