Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

Ымыркайды сатуу боюнча иш сотто каралат


Сүрөттүн макаладагы маалыматтарга тиешеси жок.
Сүрөттүн макаладагы маалыматтарга тиешеси жок.

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген ымыркайдын сатылышы боюнча иш тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү.

2015-жылдын 14-августунда Барскоондун төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген ымыркайды коррупциялык схема менен башка бирөөгө сатып жиберүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жаңы төрөгөн келин дарыгер менен сүйлөшүп кызын чоочун аялга 50 миң сомго сатып жиберген. Бардык документтер мыйзамсыз түрдө Орусиянын жаранына катталган.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев бул ишке катышы бар дарыгерлер тергөө ишинин аягына чейин кызматынан четтетилгенин маалымдаган болчу. Министр ымыркай сатуу оор кылмыш, бирок ага катышы бар адамдарды кызматтан алууга мыйзам жол бербесин айткан.

Кыргызстанда соңку жылдары карачечекей баласын бейтааныш адамга сатып жиберген окуялар арбын кездешүүдө. Алтургай өткөн жылдары кыргыз тилдүү “Тамчы" гезитине “бир жарым жашка чейинки кыз бала сатып алам” деген жарыя чыгып, ал коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Өткөн 2015-жылдын апрель айында Кочкор районунун 26 жаштагы тургуну беш айлык кызын сатты, деп камакка алынган. Келин сурак учурунда баласын айылдашына убактылуу карап турууга гана бергенин айтса, асырап алган тарап наристенин энеси 5 миң сом сураганын, акча ордуна кой алганын билдирген.

Июнь айында Таласта ажырашкан үй-бүлөдө атасы эки жашар баласын Нарынга сатып жибергени тууралуу кабар тараган. Ысык-Көл облусунда дагы бир эне 3,5 жаштагы баласын караколдук үй-бүлөгө 25 миң сомго сатып жибергени маалым болгон.

Андан көп өтпөй Орусияга иштегени кетип, уулун күйөөсүнө калтырган токтогулдук мигрант келин Акыйкатчы институтунан жардам сурап кайрылган. Келиндин айтышынча, күйөөсү эки жашар уулун бир аялга сатып жиберген. Баланы асырап алган аял ал үчүн көп акча төлөгөнүн, андыктан кайра кайтарып бербесин айткан.

24-июнда Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө төрт айлык ымыркайды 20 миң сомго сатып жаткан жеринен Өзгөн районунун тургуну, 46 жаштагы аял кармалган. Ага адам аткезчилиги боюнча берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

Бала товарга айландыбы же аргасыздыкпы?

Укук коргоочулардын айтуусунда, Кыргызстанда баланы мыйзам жолу менен асырап алуу жол-жоболору татаал болгондуктан ушундай фактылар көп катталат.

"Балдарды коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова бул маселе боюнча “Азаттыкка” берген маегинде кылмышка барган ата-энени камоо менен маселени чечүү мүмкүн эмес, деген пикирде. Укук коргоочу жалгыз бой жана аз камсыз үй-бүлөлөр социалдык жактан коргоого муктаж экенин белгилейт.

- Кыргызстанда улуттук жана эл аралык асырап алуу жолу ачык-айкын эмес, абдан татаал. Аргасыз, баласын таштайын деген энелерге мыйзам чегинде биринчи кезекте жардам бериш керек. Баласынан баш тартам десе аларга гумандуу система түзүп берип, башка үй-бүлөгө бере турганга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтыш керек. Ушул иштер бизге жабык, түшүнүксүз жана коррупциялашкан үчүн көп энелер балдарын таштап, сатканга аргасыз болуп атышат. Бизге да баланы асырап алганга мүмкүнчүлүгүм жок, акча сурап атышат, деп кеңеш сурап көп кайрылышат.

Бирок мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бала багып алууда жасалма тоскоолдук көп деген сөздөрдү четке кагышууда. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкери Марина Жапаркулова:

- Баласын сатып атканы – бул ата-эненин өз жоопкерчилигин сезбегени. Ал эмнеге сатат баласын? Эч жерде баласын сатса болот деген нормалар жок, керек болсо аларды мыйзам боюнча жоопко тартыш керек. Ал эми баланы асырап алуу маселеси таптакыр башка. Ата-энеси барлар эч качан асыроого берилбейт. Асыроонун жол-жобосу татаал деген да туура эмес. Асыроочулардын жашоо-шарты, ден соолугу, психологиясы кандай, соттолгонбу же жокпу деген маалыматтар текшерилет. Ушул боюнча эле керектүү документтер чогултулат.

Кыргыз үй-бүлөлөрүндө буга чейин эле бир тууган, жакындарынын балдарын багып алган учурлар кездешип келген. Бирок бул эч кандай каражатка же дагы башка нерсеге бааланган эмес. Соңку кездерде балдар товар катары сатылууда деп тынчсызданышат адистер.

Педагогика илимдеринин доктору, адабиятчы Абдыкерим Муратов Кыргызстанда балдардын укугу толук корголбой, бул багытта мыйзамдар да иштебей жатат деп эсептейт.

- Кыргыздын элдик ишенимдери боюнча баласы токтобосо, жалаң кыз төрөлө берсе, атайын башка бирөөгө берип бактырышкан же бир туугандарына беришкен. Ошондо да берип жаткан адамга ишенип, алар баласын өзүнөн кем кылбай багып, үйлөндүрүп-жайландырарына, өзүнүн да жакшы тарбия берерине көзү жеткенде гана берген. Азыр андай болбой, баары акчага бааланып жатат. Башкы көйгөй - баланы товар катары көргөндүгүндө болууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы беш айда бала сатууга байланыштуу эки факты катталган. Укук коргоочулар өз баласын саткан фактылардын көбү көмүскөдө калып жатканын белгилешет.

XS
SM
MD
LG