Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Акыл оюнуна кызыккандар арбыды


Өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун катышуучулары. 30-март, 2015-ж.
Өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун катышуучулары. 30-март, 2015-ж.

Бишкекте өспүрүмдөр жана жаштар арасында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиондугу аяктады.

Кыргызстанда акыркы убакта шахмат ойногондор көбөйүүдө.

Бирок тажрыйбалуу машыктыруучулардын жетишсиздигинен жогорку деңгээлде ойногон шахматчыларды даярдоого мүмкүн болбой жатат.

Руслан Съездбеков 14 жашка чейинкилер арасында 2015-жылдагы Кыргызстандын шахмат боюнча чемпиону болду. Ал 9 жашында спорт чеберлигине талапкер, 11 жашында Азия чемпиону болгон. Быйылкы чемпиондуктун жыйынтыгында Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) спорт чеберлигине а талапкер болду.

- Чечүүчү беттеште Жоомарт Темиров деген бала менен ойнодум. Ал деле мыкты ойночу. А бирок бул оюнда мен жеңишке жеттим. Жалпысынан чемпиондуктун жүрүшүндө 9 атаандашымды уттум. Ушул жетишкендигим менен төртүнчү жолу Кыргызстандын чемпиону болдум. Азыр Сочи шаарында 11-апрелде боло турган Дүйнөлүк олимпиадага окшогон мелдешке даярдануудамын.

Мелдештин эң жаш катышуучуларынын бири Залкар Амангелдиев 6 жашка чейинкилер арасында 9 оюн ойноп, бардык атаандаштарын утуп, жеңүүчү болду.

- Агайым мени кандай жүрүштөрдү жүрүш керектигин үйрөттү. Ошондуктан мен шахмат ойноп калдым, - деди кичинекей шахматчы.

Жаш чемпиондун машыктыруучусу Замир Кыдыралиев балага шахмат ойноону канчалык эрте үйрөтсө, аң-сезим тезирээк өнүгөөрүн белгилейт.

- Балага шахматты канчалык эрте үйрөтсө, өнүгүүсүнө жакшы таасирин берет экен. А бирок чемпион ар бир эле баладан чыга бербейт. Негизи көп ата-энелер балдарынын өсүп жетилүүсүнө маани бербейт экен. Ал эми Залкардын ата-энесианы шахмат үйрөнүүгө 4,5 жаштан эле алып келишти. Азыр мектепке бара элек болсо да тамга таанып, окуйт. Ой жүгүртүүсү күчтүү.

Шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун күмүш жана алтын байгесинин ээлери, ага ини шахматчылар Арзыбек жана Руслан (оң тарапта) Съездбековдор. 30-март, 2015-ж.
Шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун күмүш жана алтын байгесинин ээлери, ага ини шахматчылар Арзыбек жана Руслан (оң тарапта) Съездбековдор. 30-март, 2015-ж.

Бүткүл дүйнөлүк олимпиаданын 8 жолку катышуучусу, балдар машыктыруучусу Бактыгүл Тиленбаеванын айтымында, шахмат үйрөнүүнү каалаган жеткинчектер, өспүрүмдөр көбөйүүдө. Бирок машыктыруучулардын жетишсиздигинен жана гроссмейстерлердин жоктугунан жогорку деңгээлдеги шахматчыларды даярдоого мүмкүн болбой жатат.

- Машыктыруучулар жетишпейт. Бир эле машыктыруучу 70-80 окуучуга сабак берген учурлар бар. Жетишпей жүрөбүз. Бизде 14 жашка чейинки мыкты шахматчыларыбыз арбын. Алардын арасынан эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, Азия чемпиону болгондору да бар. А бирок андан улуу курактагы шахматчыларыбыз жогорку жетишкендиктерге ээ боло албай жүрүшөт. Ал үчүн жогорку деңгээлдеги машыктыруучулар, гроссмейстерлер керек.

Өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы шахмат боюнча Кыргызстандын 2015-жылдагы чемпиондугу 6 жаштан 18 жашка чейинкилер арасында 7 категорияда өтүп, ага 450гө жакын шахматчы катышты. Ар бир оюнчу тогуздан оюн ойноп, мыктылары утту.

Өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун катышуучулары. 30-март, 2015-ж.
Өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун катышуучулары. 30-март, 2015-ж.

​Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун “Азаттыкка” билдиришинче, жеңүүчүлөр Азия жана дүйнө чемпиондуктарына катыша турган улуттук курамага мүчө болушат.

- Жеңүүчүлөр Азия жана дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо алышты. Дүйнө чемпиондугу Грецияда, Азия чемпиондугу Түштүк Кореянын Сеул шаарында октябрь, ноябрь айларында өтөт. Катышуучуларга керектүү каражатты федерация жана мамлекет тарабынан толук каржылап беребиз. Кыргызстанда шахматты ойногондор көбөйүүдө. Чемпиондукка бу сапар 400дөн ашуун оюнчу катышты. Кыргызстанда шахматтын өнүгүшүнүн жаңы баскычына келдик. Жаш муундардын интеллектуалдык багытты тандап алгандарына кубанып жатабыз.

Милан Турпанов кошумчалагандай, быйыл октябрь айында Кыргызстанда 20 жашка чейинкилер арасында шахмат боюнча Азия чемпиондугун өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө. Кыргызстандын мелдеш кожоюну болуусуна Азия федерациясы макулдук берген. Азиянын 25 өлкөсүнүн шахматчылары катыша турган бул мелдеш өлкөдө шахматты кеңири жайылтууга жана шахматчылардын тажрыйбаларын жогорулатууга өбөлгө болот деген ишеним чоң.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG