Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Борбор Азия террорчулардын биринчи бутасыбы?


Пакистандык сатуучу бин Ладендин өлүмүн баяндаган жергиликтүү журналдарды сатууда, 2011-жылдын 13-майы.
Пакистандык сатуучу бин Ладендин өлүмүн баяндаган жергиликтүү журналдарды сатууда, 2011-жылдын 13-майы.

17-майда Бишкекте өткөн "Европа - Борбор Азия кызматташтыгы" аттуу эл аралык жыйында аймактагы коопсуздук маселеси талкууга алынды.

Жыйынга катышкан серепчилер менен дипломаттар "Аль-Каиданын” лидери Усама бин Ладендин АКШ кызматтары тарабынан жок кылынганы жооп иретинде өч алуу акциясына жол ачканы, мындай аракеттердин кесепети Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга тийиши мүмкүндүгү тууралуу пикирлерин ортого салды.

Усама ураанына жамынчулар

Пакистанга жанаша турган Борбор Азия өлкөлөрү расмий түрдө эл аралык террорчулук менен күрөшүүдө АКШнын аракетин колдоорун жарыялашкан. Ушундан улам “Бин Ладендин шакирттеринин өч алуу соккусу алгач Борбор Азия өлкөлөрүнө урулушу ыктымал" деген коркунуч бар.

Казакстандагы “Борбор Азия – тынчтык жана ынтымак” аттуу коомдук кордун жетекчиси Алмат Тоекиндин айтымында, бин Ладендин жок кылынышы “Аль-Каиданы” моралдык жактан алсыратып койду.

Бирок ал бин Ладендин өлүмү диний-экстремисттик топтордун башын бириктирип жиберсе, анда коркунуч чоң болот деп божомолдойт:

- Ооганстанда эле эмес, Пакистанда, Тажикстандын Рашт өрөөнүндө, Кыргызстандын түштүгүндө, дегеле бүтүндөй Фергана өрөөнүндө жайгашкан диний-экстремисттик топтор бир пикирге келишсе, анда чоң коркунучту күтүүгө болот. Ушулар биригип, бир максатта, пландуу аракет кылып, бин Ладендин өлүмүн шылтоо кылып чыгышса анда коркунуч албетте болот.

Ал эми тажикстандык серепчи Рустам Хайдаров бин Ладендин өчүн алуу ураанына жамынып алып, көптөгөн уюмдар Фергана өрөөнүнө бүлүк салышы ыктымал дейт:

- Террористтик Аль-Каиданын башчысы бин Ладенди өлтүрүү менен америкалыктар көптөгөн, миңдеген, эч ким тарабынан көзөмөлдөнбөгөн түрдүү топтордун түзүлүшүнө алып келди. Алар бин Ладендин өлүмүн шылтоо катары өз максаттарына колдонушат. Анын натыйжасында, албетте, чынында терроризм учкундары тутанат деген коркунуч бар.

Билсе да бирикпей келет

Кыргызстандык талдоочу Марат Казакпаев Фергана чөлкөмүндө бугуп жаткан ар кандай террорчул уюмдардын атын атап, алар Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга коркунуч туудурат деп билет.

Бирок серепчи муну биле туруп, Борбор Азия өлкөлөрү биргеликте каршы туралбай жатканын белгилейт:

- Террористтик уюмдар ИДУ (Өзбекстан ислам кыймылы – авт.), “Байат”, экстремисттик уюмдар “Хизб-ут-Тахрир”, “Акрамия”, “Магди” жана башкалар да. Бирок буларга каршы Борбор Азиядагы мамлекеттер биргелешип күрөшпөй атышат. Ошон үчүн Кыргызстан башкаларга карабай өз алдынча күрөшө бериши керек. А бирок НАТО сыяктуу эл аралык уюмдардын жардамын ала бериши керек.

Борбор Азия мамлекеттери советтик курамдан бөлүнгөндөн кийин ар кимиси ар кандай багытты тутунуп кетти. Бир кезде коммунисттик туунун алдында кол кармашкан бул өлкөлөр ортолорун кала берсе тикенек зымдарды тартып, чычкан мурду жөргөлөгүс кылып бекитип жатышат.

Эгемендиктин жыйырма жылында бири жарандык согушту, бирлери экономикалык кризисти, дагы бирлери сырттан кол салууну башынан кечирди. Бирок эксперттердин айтымында, жалпы коркунуч туулганына карабастан, бул мамлекеттер экономикалык да, коопсуздук да жагынан бир муштумга бириге албай келатышат.

Эми бин Ладендин жактоочуларынын өч алуу аракети аларды бириктире алаар бекен?

XS
SM
MD
LG