Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Кыргызстан Бажы биримдигине баш бакты


Астана шаары
Астана шаары

29-майда Астанада Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жыйыны болот. Астанага Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев да чакырылган. Саммитте Кыргызстандын Бажы биримдигинде байкоочу статусун алуу маселе талкууланмакчы.

Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, Алмазбек Атамбаев 29-майда Астанага иш сапар менен барат. Сапар учурунда интеграциялык жараяндардын жүрүшү талкууланат.

Маалыматка караганда, Астанага Украина президенти Виктор Янукович да чакырылган. Астанада адегенде Бажы биримдигине мүчө болгон өлкөлөрдүн президенттери Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин жана Александр Лукашенко өз ара жолугушуп, Бажы биримдигинин абалын, келечегин талкуулашат. Андан кийин Кыргызстан менен Украинага байкоочу статусун берүү маселеси күн тартибине коюлат.

Кыргызстандын экономика министринин орун басары, Бажы биримдигине кирүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Олег Панкратовдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан да Бажы биримдигинде байкоочу статусун алууну көздөп жатат. Украинадан айырмаланып, Кыргызстан мындай статусту толук кандуу мүчө болгонго чейин алып турууну көздөөдө. Ал эми Украина байкоочулук статусту туруктуу кармап туруу максатын коюп жатат.

5-апрелде Украинада Бажы биримдигине каршы митинг өттү.
5-апрелде Украинада Бажы биримдигине каршы митинг өттү.
29-майда Астанада мына ушул маселелер талкууланат деген Олег Панкратов Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөттөрү тууралуу буларды айтты:

- Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн “жол картасынын” долбоору ноябрда даяр болот. Жылдын соңуна чейин кабыл алыныш керек. “Жол картасында” Бажы биримдигине кирүүнүн мөөнөттөрү, кандай иш-чаралар аткарылышы керектиги көрсөтүлөт.

Панкратовдун айтымында, байкоочу статусуна ээ болгондон кийин Кыргызстан биримдиктин башкаруучу органдарынын ишине катышып, кандай чечимдер кабыл алынышынан кабардар болуп турат. Кыргызстандын Бажы биримдигинде байкоочу статусун алуу маселеси Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шуваловдун өткөн айлардагы Бишкекке сапарында талкууланган. Анда каршылык айтылган эмес.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин айтымында, Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстан чечимдерди кабыл алууну кечеңдетүүдө. Мунун объективдүү себептери да бар. "Анткени Кыргызстанда товарларды сертификациялоочу борборлору жок болуп чыкты",- дейт Акенеев:

- Биз тарифтик эмес жөнгөрүү жагынан аксап жатабыз. Сүт, эттерди эл аралык деңгээлде лабораториядан өткөрө албайбыз. Анын баарын куруш үчүн чоң каражат керек экен. Ал эми мыйзамдарды өзгөрткөнгө көп деле каражат керек эмес. Аны парламент аркылуу даярдап, кабыл алса болот. Мына былтыр силердин сүтүңөр сертификаттан өткөн эмес деп, тыюу салып койду го. Ошондуктан аны чечүүгө көп-көп каражат керек. Бизди ошол кармап жатат.

Акенеевдин айтымында, быйылкы жылдын соңуна чейин Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна кирсе, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө да жеңилдик пайда болот.

Ошентип президенттер 28-майда Бишкекте аскердик, коопсуздук маселесин талкуулап, 29-майда Астанада экономиканы талкуулоого чогулмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG