Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Жетигенов: Кумарканаларды колдогон аткаминерлер бар


Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга ылайык, Кыргызстанда кумарканалар жаңы жылдан тарта жабылууга тийиш.
Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга ылайык, Кыргызстанда кумарканалар жаңы жылдан тарта жабылууга тийиш.

Жогорку Кеңеш кумарканаларга тыюу салган мыйзамды кабыл алгандан бери бул тармак эми көмүскөгө кетет деген тынчсыздануулар чыга баштады.

Буга байланыштуу мыйзамдын автору, депутат Бакытбек Жетигеновду кепке тарттык.

- Айтсаңыз, коомчулукта айтылгандай мыйзам күчүнө киргенден кийин Кыргызстандагы казино жана оюн автоматтары көмүскө иштей беришпейби? Мыйзамдын автору катары сиз ушундай коркунуч бар деп эсептейсизби?

- Мыйзам долбоорун даярдап жатканда бул жагын салыштырып, караштырганбыз. Бул боюнча көп суроолор туулган. Парламентте каралып жатканда дагы көп айтышкан. Орусия, Казакстан менен салыштырып, көмүскөгө кетип калат деп айтып жатышты. Мен Бишкекте алар бат эле табылат деп ишенем. Бизде андай масштабда болбойт. Бирок кандай болсо дагы, каршылык катары аракет кылышат. Бул жерде коомчулук дагы жардам берет. Жабыр тарткандар дагы чалышып, мыйзам кабыл алынгандан кийин бирге көзөмөлдөйлү деп айтып жатышты. Мен ойлойм, бизде башка өлкөлөрдөгүдөй бул тармак көмүскөгө кетип калбайт.

- Кыргызстанда көптөгөн мыйзамдар кабыл алынганы менен алар аткарылбай жатканын белгилегендер бар? Бул мыйзам долбоору да көптүн бири болуп калбайбы? Мыйзамдын аткарылышы үчүн, кумар оюндар тармагы көмүскөгө кирип кетпеши үчүн конкретүү чаралар иштелип чыкканбы? Ким көзөмөлдөйт, кандай көзөмөлдөйт?

- Бул үчүн атайын фискалдык органдар бар: салык кызматы, ИИМ, УКМК. Мыйзам кабыл алынгандан кийин алар иштеши керек. Өкмөт өзүнүн чараларын иштеп чыгат. Азыр мыйзам чыкканда ал баары бир иштебейт деп айтып жатышат. Эл өзү мыйзамдар иштебегенине көнүп калды. Иштесе, миңден бири иштейт деп айтышат. Биз эми мыйзамга баш ийгенге, мыйзамды иштеткенге көнөлү. Кудай буюрса, иштетебиз. Биз азыр сайт ачуу жөнүндө ойлонуп жатабыз. Бул сайт аркылуу мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөп турабыз. Бизге тигил жакта, бул жакта ачылды деп маалыматтар келип түшүп турат. Мыйзамды кабыл алуу менен тим болбойбуз. Аны акырына чейин чыгарууга аракет кылабыз.

- Кумар оюндарынын артында ким турушу мүмкүн деген суроо бүгүн Бишкекте өткөн жыйында айтылат экен. Сиз дагы буга чейинки маектериңизде белгилеп кеттиңиз эле. Бул тармактын артында кимдер турушу мүмкүн? Мыйзам кабыл алынып жатканда сиз анын кандайдыр бир күчүн байкадыңызбы?

- Парламентте фракциялар, комитеттердин баары колдоп берип, парламентке кароого алып чыкты дегенден кийин ортодогу, мени тааныган, башка бир кишилерди токтотуу керек деп жиберип жатышты. Казинолордун кожоюндары дагы, башка жактардан дагы чалып жатышты. Бүт тараптан. Мен баштагандан кийин аягына чейин чыгуу керек деп айткам.

- Азыркы бийликте да оюн залдарынын жабылбашына кызыктар болгон адамдар дагы барбы?

- Өкмөттүн кээ бирки мүчөлөрү жаппай, калтырыш керек деп айтып жатбадыбы. Бул суроо көтөрүлүп жаткан парламенттин отурумунда мен айткам, казино, кумарканалардын кожоюндарын түшүнөт элем, алар жан талашып, каршы чыгып жатканын түшүнсө болот. Бирок өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүн түшүнбөй койдум. Өздөрүнүн казиносу, өздөрүнүн кумарканалары бар сыяктуу жан талашып жатышат.

- Бул маселени деги эле бир жактуу кароого болбойт экен. Анткени, буга чейин казино, оюн автоматтарында иштеп жүрүшкөн кызматкерлер нааразычылыктарын билдирип чыгышпадыбы. Мисалы, казинолор жабылгандан кийин жумушсуздардын саны 15-20 миң адамга көбөйөт экен. Алардын жагдайы эмне болот? Аларга көңүл бурулабы?

- Албетте, эске алынат. Мыйзам кабыл алынгандан кийин алар эмне болсо, ошо болсун деп койбойбуз да. Казинолордун кожоюндары тармагын алмаштырса, жаңы иш орундары пайда болот. Алардын ресторандары, мейманкалары бар. Аларга башка жумуш табылаар.

- Демек алар үчүн азырынча конкреттүү сунуштар жок экен?

- Азырынча жок. Алгач, коомго зыян алып келип турган нерселерден арылалы дедик.

- Рахмат!

XS
SM
MD
LG